Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-марты № 113
Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун Мамлекеттик тутумунун бардык иштөө режимдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу максатында, «Кыгыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыгыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдары жана ишканалары ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болнгон чараларды көрүшсүн.
3. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар квартал сайын Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча ведомтсволор аралык комиссиясына өзүнүн иши жөнүндө отчетту берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |