Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-февралы № 107
"2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргаз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
"2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам керсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 26-октябрындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүңдө макулдашууга Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти