Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 07-февралы № 10-р
жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А. Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, К.С.Сооронкулованын курамында,
жыйналыштын катчысы: Н.А.Илиязованын;
кайрылуучу тарап - жаран Е.В.Осинцевдин, Е.В.Осинцевдин ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.П.Волосатованын;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизинде өкүлү болгон К.Р.Садыковдун;
башка жак - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.Т.Нурбековдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратуранын ишеним катынын негизиндеги өкүлү Л.Ю.Усмановалардын катышуусу менен Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Жаран Евгений Владимирович Осинцевдин өтүнүчү ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп, Жазык-процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн Конституцияга ылайык келбегендиги жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья – баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 16-июлунда жаран Евгений Владимирович Осинцевдин ЖПКнын 384-беренесинин жана 387-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жана Конституциянын 16- жана 40-беренелерине ылайык келбегендигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Берилген материалдар көрсөткөндөй, Свердлов райондук соту 2010-жылдын 14-октябрында Е.В.Осинцевге карата айыптоо өкүмүн чыгарган, анын пикири боюнча, ал Конституциянын 20-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 24-беренесинин 1-, 3-, 5-бөлүктөрү, 26-беренесинин 2-, 4-бөлүктөрү, 27-беренесинин 1-бөлүгү менен каралган анын конституциялык укуктары бузулган. Ошондой эле, анын пикири боюнча, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пакттын 9-беренесинин 1-, 2-, 3-, 5-пункттары, 2-берененин 3-пункттун "а", "b", "с" бөлүктөрү бузулган, анда укуктары жана эркиндиктери бузулган адамга, бул бузуу расмий түрдө аракет кылуучу адамдар тарабынан жасалган учур болсо да, укуктук коргоонун майнаптуу каражаты менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттин милдети каралган.
Е.В.Осинцевдин пикири боюнча, көзөмөл инстанциядагы сот тергөө тарабынан тергөө жана жергиликтүү соттордо соттук териштирүү учурунда одоно бузууларга карабастан, өкүмдү күчүндө калтырган.
Ушуга байланыштуу Е.В.Осинцев Конституция тарабынан, атап айтканда, 40-беренеси менен кепилденген, ага ылайык ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилген, бирок ЖПКнын 384-беренеси ага укугун жүзөгө ашырууга жол бербегендигин белгилейт.
Мындан тышкары, ЖПКнын 387-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго таандык. Ушуга байланыштуу, Е.В.Осинцев прокурор айыпты колдоо менен тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адам деп болжолдойт. Албетте, тергөө жүргүзүлүп жатканда, процесстик тартип бузулгандыгы тастыкталган документтер табылган учурда, прокурор өзүнүн жеке каталарды таанууга жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоого кызыктар эмес. Мында, сот прокурордун токтому жок жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш козгоого ыйгарымдуу эмес. Е.В.Осинцевдин пикири боюнча, бул ченем жарандардын сотко түздөн-түз кайрылууга мүмкүндүк бербейт жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын бузулган укуктарын майнаптуу ордуна келтирүүгө тоскоолдук түзөт. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жаңыдан ачылган жагдайларга сот актысы менен гана бекитилгендерди киргизет. Башкача айтканда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо жөнүндө арызданып жаткан адам, процесстик ченемдерди бузган адамдардын күнөөсүн далилдеп берүүгө тийиш.
Бул учурда Конституциянын 16-беренеси тикелей бузулууда деп Е.В.Осинцев эсептейт, ага ылайык адам, анын укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук, ошондуктан аларды коргоо - мамлекеттин негизги милдети. Ушуга байланыштуу, Е.В.Осинцев өзүнүн өтүнүчүндө Конституциялык палатанын көңүлүн ЖПКнын 384-беренесинин жана 387-беренесинин 2-бөлүгү Конституцияга ылайык келбегендиги жөнүндө маселеде анык эместик бар экендигине буруп, жана ушул ченемди конституциялуулук предметине карата текшерүүнү өткөрүүнү суранат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 23-августундагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү конституциялык сот өндүрүшкө кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков ЖПКнын 387-беренесинин 1-бөлүгү жана 384-беренеси Конституциянын ченемдери менен карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени, кылмыш-укуктук жана кылмыш-процесстик жөнгө салуу тутумунда өзүнүн конституциялык-укуктук мааниси боюнча алар (ченемдер) Конституция жана эл аралык укуктук ченемдери тарабынан соттолгондун укуктарын коргоого багытталган жана анын процесстик таризде мыйзам тарабынан бекитилген майнаптуу соттук коргонуу укугунан ажыратылбаган, демек, анын укуктары менен жана эркиндиктери басмырланбаган.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, жактардын далилдерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 384-беренеси жана 387-беренесинин 1-бөлүгү саналат:
"384-берене. Иш боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери
(1) Соттун күчүнө кирген өкүмү, аныктама, токтому жокко чыгарылышы жана иш боюнча иш жүргүзүүнү жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра баштоо мүмкүн.
(2) Жаңы ачылган жагдайлар боюнча жазык иши боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоонун негиздери:
1) жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү мыйзамдын күчүнө кирүүсү;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген жабырлануучунун же күбөнүн түшүндүрмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайылап жалган берилиши, ошого тете буюм далилдеринин, тергөө жана сот аракеттеринин протоколдорунун жана башка документтердин атайылап жалган берилиши же котормонун атайын туура эмес которулушу;
3) мыйзамсыз жана негизсиз өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун чыгышына алып келген тергөөчүнүн же прокурордун, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген кылмыштуу аракеттери;
4) ушул ишти кароодо алар тарабынан жасалган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген судьялардын кылмыштуу аракеттери;
5) өкүмдү, аныктаманы чыгарууда өз алдынча же мурда белгиленген жагдайлар менен бирге соттолгон адамдын күнөөсү жок экендиги жөнүндө же ал үчүн соттолгонго караганда оордугу боюнча башка кылмыш жасагандыгы жөнүндө мурда белгиленген жагдайлар менен бирге, же акталган адамдын же өзүнө карата иш токтотулган адамдын күнөөлүү экендиги жөнүндө күбөлөндүргөн, өкүмдү чыгарууда сотко белгисиз болгон жагдайлар болуп саналат.
(3) Ушул берененин экинчи бөлүгүнүн 1-, 3-пункттарында саналып өткөн жагдайлар өкүмдөн тышкары мөөнөттүн эскиргендигинин, мунапыс же кечирим берүү актысынын айынан, күнөөкөрдүн өлүмүнө же күнөөкөр катары тартуу үчүн жашы жетпегендигине байланыштуу жазык ишин токтотуу жөнүндө соттун аныктамасы, токтому, прокурордун, тергөөчүнүн токтому тарабынан белгилениши мүмкүн".
"387-берене. Иш жүргүзүүнү козгоо
(1) Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү козгоо укугу прокурорго, сотко - жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчү күчүнө кирген мыйзамдын негиздери боюнча жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүш козгоо бөлүгүнө таандык".
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, № 62 сандуу 1999-жылдын 30-июнунда кабыл алынган, "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен № 63 сандуу 1999-жылдын 30-июнунда киргизилген, "Эркин-Тоо" газетасында 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган жана колдонуудагы кодекс болуп эсептелет.
2. Ар бирине Конституцияда, мыйзамдар да, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргонуу укугун Конституция кепилдейт (40-беренесинин 1-бөлүгү).
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактка ылайык (14-беренесинин 6-пункту), эгер кандайдыр бир жаңы же жаңыдан ачылган жагдай соттук каталыкты талашсыз деп далилдесе, анда соттук чечим кайра кароого жатат. Ошондуктан, кандай гана жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда анын органдары менен кызмат адамдары тарабынан кетирилген бузуулар болбосун, жоюунун майнаптуу укуктук механизмдерин түзүү менен, мамлекет соттук коргоого болгон конституциялык укукту таанууга, сактоого жана коргоого тийиш.
Ошентип, кылмыш-процесстик мыйзам соттор тарабынан жазык иштерин кароо тартибин жөнгө салат, мындан тышкары, сот чечимдеринин мыйзамдуулукту камсыз кылуунун жана негиздүүлүгүнүн кошумча кепилдиги катары мыйзамдык күчүнө кирген соттук актыларды, ошондой эле жаңыдан ачылган жагдайларды кайра кароо мүмкүндүгүн карайт.
Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо - бул кылмыш процессинин өз алдынча стадиясы, анын мааниси сот адилеттиги туура жүзөгө ашыруунун маанилүү кепилдиги болуп саналат, жазык сот өндүрүшүндө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуунун бир каражаты катары кызмат кылат.
Белгилеп кетүү керек, жаңыдан ачылган иштер боюнча ишти баштоонун эрежеси мыйзамдык күчүнө кирген чечимдерге гана жайылтылат, жана мыйзамдык күчүнө кире элек соттук чечим чыга электе, кылмыш процессинин башка стадиясындагы кандайдыр бир белгисиз жагдайларды табууга колдонулбайт. Мындай учурларда бул жагдайларды табуу бул стадияда колдонулуучу эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Өзүнүн арналышы боюнча, жазык процессинин бул стадиясы сот актыларынын акыйкаттуулугун адамдын жана жарандын укугун жана эркиндиктерин соттук коргоонун сөзсүз шарты катары кепилдик берүүгө, ошондой эле акыйкат соттун адилеттүүлүгү жана сот актыларынын туруктуулугу сыяктуу баалуулуктарды коргоого талап коюлган.
Жаңыдан ачылган жагдайлар деп өкүм же башка сот чечими чыккан убакытта бар болуп, бирок сот чечими чыгарылган учурда сотко белгисиз болгон жагдайлар саналат. ЖПКнын каралуучу ченеми (384-берене) жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишке өндүрүштү кайра баштоо үчүн негиз болуп саналган жагдайларды карайт.
Белгилеп кетүү керек нерсе, мыйзам чыгаруучу соттук иликтөөнүн акыйкаттуулугу, укуктук аныктык, укуктардын туруктуулук принциптери менен ылайык келген жагдайлардын толук жана так аныкталган, ченелген критерийлерин бекитип берген. Буга байланыштуу, алардын конституциялуулугу күмөндүктү жаратпайт.
Бирок, жаңыдан ачылган жагдайлар менен катар мыйзам чыгаруучу жарандык жана саясий укук жөнүндө Эл аралык пакттын 14-беренесинин 6-пунктуна ылайык, жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны карап чыгуу үчүн негиз болуп бере турган жаңы жагдайларын да карай алат. Мыйзамдык күчүнө кирген соттук актыларды кайра карап чыгуу үчүн негиз болуучу жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Конституциялык палатанын көз карашы сот өндүрүшүндө Конституциялык палатанын 2014-жылдын 31-январындагы чечиминде билдирилген.
Ошентип, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча болобу, жаңы жагдайлар болобу, укуктук кесепеттер болуп, соттук чечимди кайра кароо саналат. Мында, жаңы жагдайлар, ошондой эле жаңыдан ачылган жагдайлар соттук чечимдерди кайра кароонун негизи катары так чийилген чеги болушу керек жана абстракттуу аныктама камтыбашы керек, болбосо бул соттук актылардын укуктук туруктуулук менен аныктамалыктардын карама-каршылыгына алып келет жана укуктук мамлекеттин принциптеринин бузулуусуна алып келет. Ошондуктан, Конституциялык палата тарабынан жаңыдан ачылган жагдайлардын толук тизмегинде адилеттүү сотко жетүүнүн чектери каралбайт.
3. Мыйзам чыгаруучу жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугун прокурорго жана сотко таандык деп бекиткен (ЖПКнын 387-беренесинин 1-бөлүгү). Прокурор менен сот жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгой турган негиздерди чектөө зарылдыгы алардын ыйгарым укуктарынын жаратылышы менен шартталган.
Атап айтканда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо стадиясындагы прокурордун ишмердүүлүгү тергөө ишин жүргүзүп жаткан органдардын кызмат адамдарынын аракетинин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча ишине кирет (Конституциянын 104-беренесинин 2-пункту). Бул иштин алкагында прокурор жарандардан келип түшкөн арыздарга, же болбосо уюмдардын кызмат адамдарынын билдирүүлөрүнө байланыштуу кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоого, ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө алынган жана башка жазык иштерин кароодо табылган маалыматтарды кароого укуктуу.
Прокурор ага келип түшкөн билдирүүлөрдө жаңыдан ачылган жагдайлардын белгилери боюнча жетишээрлик дайындарлар бар учурда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча жазык ишин козгоо туурасына токтом чыгарат жана бул жагдайларга текшерүү жүргүзөт же бул боюнча тергөөчүгө тапшырма берет. Жаңыдан ачылган жагдайлардын ар бири текшерилүүгө жатат. Көрсөтүлгөн кызмат адамдары мыйзамга ылайык, мыйзам тарабынан каралган жаңыдан ачылган жагдайларды бекитүү үчүн зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүшөт. Буга байланыштуу, өндүрүштү козгоонун маңызы, прокурор тарабынан кабыл алынган чечимден соттолгондун жана акталгандын тагдыры көз каранды болгонунда, аларга карата мыйзамдык күчүнө кирген өкүм, аныктама же соттун токтому бар.
Ошентип, бул өндүрүштү козгоо прокурордун компетенциясына кирет, бул ишти кайра баштоо укугуна сот гана ээ. Өндүрүштү козгогондон кийин, прокурорго мыйзамдык күчүнө кирген өкүм, аныктама же токтомдун акыйкаттуулугуна күмөндүүлүктү жараткан жагдайларды ачууну чечүү жөнүндө маселени коюу укугун, сотко - чечүү укугун берүүчү тергөө аракеттерин аткаруу мүмкүн болуп калат. Бул учурда көрсөтүлгөн сот актыларынын ар бири мурда каралган иш боюнча чыныгы, мыйзамдык күчкө ээ акты болуп саналат.
Жосундун жазалануусун четтетүүчү же жазаны жеңилдетүүчү (ЖПКнын 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) мыйзам күчүнө кирген учурда жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо боюнча соттун укугу соттун ага тиешелүү эмес иш-милдеттери - тергөө жүргүзүү, далилдерди табууну талап кылбагандыгы менен байланыштуу.
Мындан алып караганда, мыйзам чыгаруучу жарандардын сотко тикелей кайрылуу мүмкүндүгүн жокко чыгарат, анткени бул укук колдонуучу практикада акталбаган кыйынчылыктарга алып келмек, анткени соттор институту иш жүзүндө тастыкталган далилдерди изилдөө боюнча гана ыйгарым укуктарга ээ.
4. ЖПКда бекитилген жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти козгоо тартиби ЖПКнын 387-беренеси, 388-беренеси менен тутумдуу байланышта колдонууну талап кылат. Көрсөтүлгөн беренелердин өз ара байланышы боюнча, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо боюнча жарандар ар бир кайрылган учурда, прокурор жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө токтом түрүндө процесстик актыны кабыл алууга милдеттүү. Мындай тартип жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ар тараптуу текшерүүнүн талаптарына толук жооп берет жана прокурордун процесстик актысына кайра даттануу мүмкүндүгүнө ээ.
Ошентип, ЖПКнын 387-, 388-беренелеринде түзүлгөн укук колдонуу практика, мүмкүн, жарандардын арызы жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра баштоого негиз камтыбаган учурда, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоодо баш тартуу боюнча токтом түрүндө процесстик актынын прокурор тарабынан чыгаруу мүмкүндүгү бөлүгүндө, кылмыш-процесстик мыйзамдагы кенемтенин натыйжасы болуп саналат. Демек, мыйзам чыгаруучу, ЖПКдагы бул кенемтени толтурушу керек жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү кайра баштоого баш тартуу боюнча токтом түрүндө процесстик актыны прокурор тарабынан чыгаруу мүмкүндүгүн карашы керек.
Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча алар тарабынан козголгон ишти токтоткондо, кайра баштоодон баш тартканда, прокурордун процесстик актысынын болушу, жарандарга соттук тартипте даттанууга укук берет. Мындай укук ЖПКнын 131-беренесинде бекитилген, ага ылайык кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгы, кылмыш ишин токтоткондугу жөнүндө прокурордун же тергөөчүнүн токтому, алардын кылмыш сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктарына жана эркиндигине зыян келтирүүгө жөндөмдүү, же жарандардын адилеттүү сотко кайрылуусун татаалдаткан башка аракеттери (аракетсиздиктери) жана чечимдери боюнча сотко даттанууга болот. Мында, арыз сотко арыз берүүчү, анын жактоочусу, мыйзамдуу өкүлү же түздөн-түз өкүлү же болбосо тергөөчү же прокурор аркылуу берилсе болот. ЖПКнын 131-, 132-беренелеринде каралган прокурорлор менен тергөөчүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиктери), жарандардын актыларга арызданууга болгон укуктары боюнча Конституциялык палатанын көз карашы Конституциялык палатанын 2014-жылдын 24-январындагы чечиминде билдирилген.
Буга байланыштуу, Конституциялык палата жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн негиздер жана прокурордун укугун жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо укугунда жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо үчүн негиздерди толук тизмегинде карабайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. ЖПКнын 387-беренесинин 1-бөлүгүн жана 384-беренесинин жобосу Конституцияга карама-каршы келбегендиги таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ушул чечимдин жүйөлүү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыя кылынган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы