Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 15-январы № 2-р
жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин кайрылуусунун негизинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
жыйналыштын катчысы: Н.А.Илиязованын;
кайрылуучу тарап - Б.И.Етекбаев, ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлү Р.И.Етекбаевдин;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү А.А.Джорупбекованын катышуусу менен, Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Жаран Ринат Изтаевич Етекбаевдин өтүнүчү ишти кароого себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелди.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 20-августунда жаран Р.И.Етекбаевдин "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө жана 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 97-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык эместигин таануу боюнча өтүнүчү келип түшкөн.
Берилген материалдар көрсөткөндөй, Р.И.Етекбаев андан мурда Конституциялык палатага ченемдик укуктук акты - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2001-жылдын 2-майындагы № 137 буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 21-майындагы № 80 каттоо номери менен катталган "Кыргыз Республикасында мас абалын же психикалык активдүү заттарды колдонуу фактысын аныктоо предметине карата медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Муну менен бирге, 2013-жылдын 31-июлунда Конституциялык палата "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык конституциялуулугу талаш-тартышка жатуучу актыны жокко чыгаруу же анын күчүн жоготушу кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартууга алып келгендигинен, Р.И.Етекбаевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарган.
Ушуга байланыштуу, талаш-тартышка жатуучу ченем Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгүнө карама-каршы келет, анда, эгерде адам бул ченемдер тарабынан Конституцияда таанылган укуктары жана эркиндиктери бузулат деп эсептесе, ар бир адамдын мыйзамдын же башка ченемдик укуктук акттын конституциялуу экендигин талашып-тартышуу укугу каралган деп эсептейт Р.И.Етекбаев. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү жокко чыгарган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актылардын конституциялык экендигин текшерүү мүмкүндүгүнө жол бербейт, демек, ал жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган эмес жана өзүнүн жаратылышы боюнча алардын Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктарын бузат.
Конституциялык палатанын 2013-жылдын 23-августундагы судьялар коллегиясынын аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекова "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптары башка жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган жана Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын далилдерин талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылуудагы көтөрүлгөн ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү саналат.
"28-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу.
4. Конституциялуулугу талашып жаткан акттын жокко чыгаруу же күчүн жоготушу кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу келтирет".
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, 2011-жылдын 17-июнунда № 47 санында "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасында Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана тикелей колдонулат. Конституциянын негизинде мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат (6-берене). Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.
Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат (20-берене).
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуучу принциптерин жана ченемдерин аныктаган конституциялык жоболор конституциялык сот адилеттик тутуму аркылуу адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону кепилдик берет. Мыйзамдардан жана башка ченемдик актылардан келип чыккан, субъекттердин ченем жаратуучу түздөн-түз өз милдеттерин ишке ашырууда конституциялык сот адилеттигинин ролу Кыргыз Республикасынын аймагындагы Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылууда.
Буга байланыштуу, конституциялык сот адилеттигин негизги иш-милдети болуп конституциялык көзөмөл эсептелет, анын чектери жана жүзөгө ашыруу тартиби Конституция жана конституциялык мыйзам менен каралган.
Конституциянын 97-беренесине ылайык Конституциялык палата мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда, аларды ъКонституцияга ылайык келбегендигин тааныйт, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча мыйзамдын долбооруна корутунду берет. Конституциялык палатанын бул ыйгарым укуктары толук болуп эсептелет жана башка мыйзамдар менен кеңейтилбейт. Мында Конституциянын 97-беренесинин 7-бөлүгү ар бир адамга Конституция менен таанылган укуктар жана эркиндиктер бузулган деп эсептесе, мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун талашууга укук берет.
Ошентип, Конституциянын 97-беренеси Конституциялык палатага кайрылууга укук берүү менен, бул аракетти кайрылуунун субъектисинин укуктары жана эркиндиктеринин түздөн-түз бузулгандыгы менен байланыштырбайт. Мындай Конституциялык көзөмөлдөөнүн түрү абстракттуу деп аталат жана төмөнкүдөй максатты көздөйт: ченем жаратуучу орган тарабынан Конституцияны жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процессинде адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу жоболорунун сакталышын.
Конституциялык палата ченемдик укуктук акт Конституцияга ылайык келбегенде, ченемдик укуктук актынын төмөнкүдөй аныктамасынан пайдалануу зарыл деп эсептейт. Ченемдик укуктук акт - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган (чыгарылган), жүрүм-турумдун, аныкталбаган адамдар жана жактар чөйрөсүнө жана көп ирет колдонулушуна багытталган жалпыга бирдей эрежелерин камтыган жазуу түрүндөгү укуктук акт. Ошентип, ченемдик укуктук актыны мүнөздөөчү маанилүү белгилер болуп, төмөнкүлөр саналышат: анын бекитилген тартип боюнча мамлекеттик бийликтин ыйгарымдуу органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же кызмат адамы тарабынан басылып чыгышы, андагы кандайдыр бир жактардын тобуна милдеттүү болгондугу, көп жолку колдонууга эсептелген, коомдук мамилелерди жөнгө салууга же колдонулуп жаткан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө же токтотууга багытталган укуктук ченемдердин болушу (жүрүм-турум эрежеси).
Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу күчүнө кирген учурдан башталат, жана көрсөтүлгөн мыйзамдын негизи боюнча анын колдонулушу токтогонго чейин уланат. Бул убакыттын ичинде ченемдик укуктук акт жөнгө салуучу таасир этүүгө жөндөмдүү, жана ошентип кайсы бир юридикалык кесепеттерди жаратат.
Ушул мааниден караганда, конституциялык сот адилет өзүнүн конституциялык көзөмөл функциясын аткаруу менен, ченемдик актылардын Конституцияга каршы келген аракеттеринен жарандардын эркиндигин жана укугун коргоо максатын койгон. Ошондуктан, конституциялык көзөмөлдүн функцияларын ишке ашыруусу конституциялык эмес колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды таануу жолу менен гана мүмкүн. Бул тыянак конституциялык контролдоо органынын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун укуктук кесепеттери менен да тастыкталат. Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат (Конституциянын 97-беренесинин 9-бөлүгү).
Ошентип, Конституциялык палата Конституцияда жана конституциялык мыйзамда аныкталган өз ыйгарым укуктарынын алкагында, конституциялык мыйзам тарабынан белгиленген тартипте, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды гана карайт.
3. Конституциянын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
Конституциялык палата, мамлекеттик бийликтин органы болуп, өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда, Конституция тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга албайт, анын тизмеги толук мүнөзгө ээ жана мыйзамдар менен кеңейтилбейт.
Буга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары караштуу бөлүгүндөгү жоболор жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жоболор менен макулдашылат.
Конституцияда көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарынын чектеринде, ченем-контролдукту жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укук жокко чыгарылган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актыларды кароону божомолдобойт, анткени Конституциялык палата тарабынан кабыл алынган чечимдердин түпкү максаты - Конституцияга карама-каршы келген ченемдик укуктук актынын колдонулушун жокко чыгаруу.
4. Ошону менен бирге, конституциялык жоболорду ишке ашырууда, адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет жана мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат (Конституциянын 16-беренеси), мыйзам тарабынан Конституциялык палата жокко чыгарылган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актыны кароого милдеттүү деп каралган, эгер бул актынын аракети менен жеке жана юридикалык жактардын конституциялык укуктары жана эркиндиги бузулса, бул учурда конституциялык ченемдик укуктук актыны же анын бир бөлүгүн текшерүү туурасында козголгон ишти токтотпоо керек ("Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту).
Белгилеп кетүү керек, конституциялык мыйзамдын көрсөтүлгөн ченемин ишке ашыруу боюнча колдонуу конституциялык контролдоо органынын укуктуулугу же кароосу эмес, милдети катары кароо зарыл. Мында, жокко чыгарылган же күчүн жоготкон ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүүнү улантуу боюнча милдеттенме жарандардын конституциялык укугун жана эркиндигин конкреттүү бузуу менен шартталган, бул кайрылган тарапка далилдерди жүктөөнүн болушу менен божомолдонот.
Конституциялуулугу боюнча текшерүү башталган, колдонуудагы ченемдик укуктук акт ченем жаратуучу орган тарабынан жокко чыгарылганда, жана анын Конституциялык палата тарабынан кароо процессинде далилденген жарандардын конституциялык укуктары жана эркиндиктери анык бузулганда, конституциялык контролдоо органы жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу максатында, ошол эле мазмундагы жаңы ченемдик укуктук актысын кабыл алууга жол бербөө максатында, таасир этүү актысын кабыл алууга тийиш.
Мындан тышкары, текшерилген ченемдик укуктук актылар боюнча Конституциялык палатанын чечимдеринин укуктук кесепеттеринен алып караганда, мамлекеттик бийликтин көрсөтүлгөн органынын чечими анын күчүнө киргенден тартып конституциялык эмес актысын жокко чыгарат, ал эми актыны ченем жаратуучу орган тарабынан жокко чыгаруусу, аны жокко чыгаруу же анын өз күчүн жоготту деп актыны кабыл алган учурдан тартып, анын колдонулушун токтотот. Андан соң, Конституциялык палата тарабынан жокко чыгарылган же күчүн жоготкон, жарандардын укугун жана эркиндигин бузган ченемдик укуктук актылар боюнча Конституциялык палата чечим кабыл алышы, бул актыны ченем жаратуучу органдын жокко чыгарылышы же аны күчүн жоготту деп тааныгандыгына караганда, субъектке көбүрөөк кайрылуу кепилдигин берет.
Ошентип, кайрылууну Конституциялык палатанын өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуунун негиздеринин бири конституциялуулугу талашылып жаткан акттын жокко чыгаруу же күчүн жоготушун каралуучу "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын каралып жаткан 28-беренесинин 4-бөлүгү, Конституциялык палатанын Конституцияда аныкталган ыйгарым укуктарынын маанисинен жана кабыл алынып жаткан актылардын укуктук кесепеттеринен келип чыгат (97-берененин 6-, 9-бөлүктөрү).
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4-бөлүгү Конституцияга карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юриди-алык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы