Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 130
Мамлекеттик менчикке автомашиналарды кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жол тандабас автомашиналарга болгон керектөөсүн камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Япондук эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) арызынын негизинде кара түстөрдөгү 2009-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 5L6122878, кузовунун № JTEBK29JX90046180 «Тойота Прадо» маркасындагы жана 2009-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 5L6124230, кузовунун № JTEBK29J190046584 «Тойота Прадо» маркасындагы автомашиналарды мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна ушул токомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналарды ыкчам башкаруусуна кабыл алынсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналардын наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган автомашиналардын наркын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |