Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2013-жылдын 22-ноябры № 11-р
Жаран Дуйшекан Усубакуновна Шигаеванын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-6- беренесинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын; кайрылуучу тарап: ишеним каттын негизиндеги Д.У.Шигаеванын өкүлдөрү С.К.Байшукурова жана А.С.Акматалиевдин;
жоопкер-тарап ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыковдун катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-6-беренесинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ачык соттук жыйналышта карады.
Ишеним каттын негизиндеги жаран Дуйшекан Усубакуновна Шигаеванын өкүлү Самира Кадыркуловна Байшукурованын өтүнүчү каралуучу иштин себеби болуп саналат.
Ишти кароого негиз болуп, Жарандык процесстик кодекстин 337-6-беренесинин 2-пункту (мындан ары - ЖПК) Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келгендиги боюнча маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелинет.
Соттук жыйналышка ишти даярдаган судья - баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 7-августунда жаран Д.У.Шигаевадан ишеним каттын негизиндеги өкүлү С.К.Байшукурова менен кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-6-беренесинин 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жана ушул ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-пунктунун 3-, 8-пунктчасына жана 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык экендигин таануу жөнүндө өтүнүчтөр түшкөн.
Берилген материалдардан улам, "Кыргызстан Коммерциялык банкы" ААК (мындан ары - банк) Д.У.Шигаевага жана "Аска Трейд" ЖЧКга күрөөгө коюлган мүлктү төлөтүүгө жана аны айкын сатууга кайрылгандыгы жөнүндө "Алтын КСК" ЖЧКнын атайын администратору С.С.Тыналиевдин доо арызы боюнча 2009-жылдын 19-февралындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине кассациялык даттануу берүүгө өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылгандыгы баяндалган. Октябрь райондук сотунун 2010-жылдын 11-майындагы чечими менен бул өтүнүч катты канааттандыруудан баш тарткан. Андан кийин, банк Октябрь райондук сотунун 2010-жылдын 11-майындагы чечимине апелляциялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2009-жылдын 19-февралындагы чечимине кассациялык даттануу берүүгө өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү суранган.
Бишкек шаардык сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 28-июлундагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2010-жылдын 11-майындагы аныктамасы жокко чыгарылган жана жаңы чечим кабыл алынган, ага ылайык банктын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2009-жылдын 19-февралындагы аныктамасына карата кассациялык даттанууга карата өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө жеке даттануусу канааттандырылган.
Бул чечимден кассациялык даттанууга мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана ЖПКнын 337-6-беренесинин 2-пункту менен белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин кассациялык даттануу банк тарабынан берилгендигин белгилеп турат. Бирок соттук коллегия өз чечимин мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө кассациялык даттануудан баш тартуу Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен бекемделген, соттук коргоо укугун банк тарабынан жүргүзүүгө тоскоолдук кыла тургандыгы менен түшүндүргөн. Ошондой эле, сот коллегиясы мөөнөттү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн убакытын чектөөдөгү сот актысына даттануу Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3- жана 8-пункттарына карама-каршы келгендигин белгиледи.
Ушуга байланыштуу, Д.У.Шигаева өзүнүн өкүлү С.К.Байшукурова аркылуу болгон кайрылуусунда Конституциялык палатанын көңүлүн ЖПКнын 337-6-беренесинин 2-пунктунун Конституцияга ылайык келгендиги жөнүндө жана маселенин аныксыз экендигине көңүл бурат жана ушул ченемди конституциялуулук предметине карата текшерүүдөн өткөрүп берүүнү өтүнөт.
Конституциялык палатанын соттук коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 23-августундагы конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Соттук жыйналышында Д.У.Шигаеванын өкүлү С.К.Байшукурова баштапкы талаптардын көлөмүнүн өзгөртүлүшү жөнүндө билдирди, тактап айтканда, өтүнүчтүн Конституциянын 20-, 40-беренелеринде жар салынган адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин юридикалык жактарга таркатыла тургандыгы тууралуу маселени түшүндүрүп берүү жөнүндө 3-пунктун кайра чакыртуу тууралуу билдирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков, ЖПКнын 337-6 беренесинин 2-пункту Конституциянын ченемдери менен карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени, бул ченем башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган.
Конституциялык палата тараптардын далилдерин талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошондой эле, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 337-6-беренесинин 2-пункту эсептелет:
"337-6-берене. Кассациялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу. Кассациялык даттануу же талап төмөндөгүдөй учурларда даттануу же талап берген жакка кайра кайтарылат: 2) даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда, эгерде даттанууда же талапта өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу өтүнүч камтылбаса. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөткө сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" 2003-жылдагы, № 3 санында жарыяланган), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген.
2. Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоо кепилденген. Бул укук адамдын негизги жана ажырагыс укуктарынын бири болуп, аны менен бир маалда адамдын жана жарандын бардык башка укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары каралат.
Конституциянын 1-, 20-, 40-, 93-беренелеринин жоболорунун колдонулушунан улам Кыргыз Республикасында укуктук мамлекеттегидей эле, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тутуму акыйкат сотту жүзөгө ашыруу жолу менен түзүлгөн.
Соттук коргонуу укугу кайсы сотто жана кандай жол-жобо боюнча конкреттүү иш карала тургандыгын алдын ала белгилеп, уюштуруу-укуктук жана процесстик түрлөрү мыйзамдык түрдө бекемдөө аркылуу укуктарды натыйжалуу калыбына келтирүүнү кепилдендирүүнү карайт.
Бузулган укуктарды жана эркиндикти коргоонун колдонулуп жаткан тутумунун алкагында, ошондой эле жогорку сот тарабынан ишти кайрадан кароого укук жөнүндө конституциялык белгилөөнү ишке ашыруу катарында (Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту) төмөнкүлөрдүн жогорку инстанцияларга соттордун чечимдерине даттануу караштырылган.
Мыйзам чыгаруучу коомдук мамилелердин бул чөйрөсүн жөнгө салууда бир жактан укуктук статустун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен таанылган туруктуулукту камсыз кылуу зарылчылыгынан, башка жагынан ченемдик шарттарды аныктоо, анын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими, бирок, ошону менен материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонуудагы катачылыкты камтыган чечим жогору турган сот менен мыйзамда каралган негиздер менен жеткиликтүү мөөнөттө кайра карала алат эле. Мындай болбосо, аталган принциптерди сактабай коюу укуктук мамилелерди туруктуулугунун бузулушуна, алардын катышуучуларынын биротоло сот актысы менен белгиленген укуктук статусун эркин өзгөртүүгө алып келмек, талаш-тартыш укук мамилелеринде ачык эместикти билдирмек.
ЖПКнын 337-1-беренесинде райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына карата ишке катышкан тараптар жана башка адамдар областтык соттун кассациялык инстанциясына кассациялык даттануу бериши мүмкүнчүлүгү аныкталган.
Ушуну менен бирге, ЖПКнын 337-6-беренесинде кароосуз калтырылган даттануудагы же талаптагы кемчиликтерди оңдоо жөнүндө көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгын, даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда, эгерде даттанууда же талапта өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу өтүнүч камтылбаса, кассациялык даттануу же талап төмөндөгүдөй учурларда даттануу же талап берген адамга кайра кайтарылат. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып, бир жылдан ашпаган мөөнөткө сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу.
Андан тышкары, ЖПКнын 342-беренеси менен, Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун жарандык иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылары соттук контролдук тартибинде кайрадан каралышы мүмкүн.
Кассациялык инстанциядагы соттордун токтомдору жана аныктамалары алар чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет (КР ЖПКнын 337-17-беренеси) жана дароо көзөмөлдүк тартибинде кайра кароонун объекти боло алышат.
Апелляциялык же кассациялык даттануу баскычынан өтпөгөн, көзөмөл тартибиндеги сот чечимдерине даттанууга болбойт.
Ошону менен бирге, мыйзамдар ар бир адамга соттук коргоо укугун жана жогору турган сот тарабынан ишти кайрадан кароого укугун пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Даттануу түрүндө мыйзамдык күчүнө кирген сот актысын, анын ичинде процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүгө кызыкдар болгон жактардын укугун кайрадан кароо укугун мыйзамдык жөнгө салуу негизине жана соттук коргоонун таризи түрүндө кассациялык иштердин арналышына ылайык келиши керек, бул мурунку соттук териштирүүнүн жүрүшүндө кетирилген жаңылыштыктардын натыйжасында укуктар жана мыйзамдык кызыкчылыктар бузулган, аларды башкача калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.
Мында, буга объективдүү негиздер болбосо же белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин, өткөрүлүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүүнү талап кылуучу жактардан соттук коргоого укукту кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу боюнча милдет мыйзам чыгаруучуга, ошондой эле сот бийлигине жүктөлгөн.
Мыйзам чыгаруучунун жогору турган сот инстанцияларынын ишти кайра карап чыгууга карата колдонулуучу мындай ыкмасы иштелип чыккан эл аралык стандарттары менен ылайыкташтырылат ("Жарандык жана соода иштери боюнча даттануу тутумдарын жана жол-жоболорун колдонууга киргизүү жана иштешин жакшыртууга байланыштуу" 1995-жылдын 7-февралындагы Европа Кеңешинин Министрлер Комитетинин NR(95)5 сунуштамалары).
Ошентип, мыйзамдык күчүнө кирген сот актысын даттануу түрүндө карап чыгуу жөнүндө арыз берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүүнү мыйзамдык жөнгө салуу мыйзам чегинде жана негизделген сот чечимин чыгарууну караштырган, Конституциядан келип чыккан укуктук белгиленгендик менен акыйкат соттук териштирүү укугунун ортосундагы тиешелүү балансты камсыз кылуу керек, мында өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жана натыйжада, иш боюнча кассациялык иш козгоо чектелген мөөнөттүн ичинде жана маанилүү объективдүү кырдаал болгондо гана орду болмокчу.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт (ЖПКнын 117-беренесинин, 1-бөлүгү), ишке катышкан жактар, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин, процесстик иш-аракеттерди аткарууга болгон укугун жоготот (ЖПКнын 119-беренеси).
Жүйөлүү негиздер боюнча процесстик аракеттерди белгиленген мөөнөттө жасоого карата өз укуктарын ишке ашырбаган калган жактар үчүн кепилдик болуп ЖПКнын 337-6-беренесинин 2-пункту менен каралган процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү институту эсептелинет.
Сот актысын кассациялык түрүндө карап чыгуу жөнүндө арыз берүүгө мөөнөтүн эсептөөнү өзгөчө тартип менен камсыз кылуучу соттук коргоого укукту ишке ашыруу (качан жакка ушул соттук акты менен анын укуктарынын бузулгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып) өтүп кеткен процесстик мөөнөттү негизсиз калыбына келтирүүгө жана ошону менен бирге, мыйзамдык күчүнө кирген сот актыларынын укуктук белгиленгендигин, өзгөчөлүгүн, милдеттерин, төгүндөлбөстүгүн бузууга алып келбеши керек. Процесстик мөөнөттү өз алдынча калыбына келтирүү аларды белгилөө максаттарына карама-каршы келет.
Натыйжада, ар бир сот чечими субъективдүү жана объективдүү чегине карабастан, ага таандык касиеттерге ээ болушу керек.
Ошентип, аракеттеги укуктук жөнгө салуунун шарттарында, акыйкат сот жүргүзүүнүн конституциялык максаттарынан улам, процесстик укуктун конституциялык маанилүү принциптерине ылайык, сот, кассациялык тартибинде сот актысынын мыйзамдуу күчүнө киргенинен тартып бир жылдан ашпаган даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу боло турган ЖПКнын 337-6 беренесинин 2-пункту Конституция тарабынан жар салынган соттук коргонууга карата укуктарын жана жогору турган сот тарабынан иштин кайталанып каралышына карата укуктарын чектебейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42-, 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-6-беренесинин 2-пункту конституциялуу деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы