Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 143
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-октябрындагы № 677 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү Жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, 2012-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортун өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
"Аткаруу мөөнөтү" графасынын 2-пунктундагы "2013-ж., октябрь" деген сөздөр жана цифралар "2014-ж., март" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
расмий тилдеги тексттеги "Ответственные исполнители" графасынын 2, 6 жана 11-пункттарындагы "МЭАП" деген аббревиатура "МЭ" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |