Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 149
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жыддын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |