Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 156
Мамлекеттик менчикке автоунаа каражатын кабыл алуу жөнүндө
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын Өкүлчүлүгунүн арызына ылайык 1998-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № FE076924, кузовунун № NAGC2222VAVA353389, ак түстөгү "Киа-Кредос" маркасындагы автоунаа каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражатынын наркын баалоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражатын Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
3. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражатын муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаа каражатынын наркын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |