Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2013-жылдын 23-декабры № 16-р
жаран Евгений Владимирович Осинцевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 282-беренесинин жана Жарандык процесстик кодексинин 209-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Ж.Азарованын;
кайрылуучу тарап: Евгений Владимирович Осинцевдин, ишеним каттын негизинде кайрылуучу тараптын өкүлү Анастасия Павловна Волосатованын;
жоопкер тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Канатбек Рахманбердиевич Садыковдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 282-беренесинин жана Жарандык процесстик кодексинин 209-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.
Жаран Евгений Владимирович Осинцевдин өтүнүчү ушул ишти кароого себеп болуп эсептелет.
Ишти кароого негиз болуп, Жарандык кодексинин 282-беренесинин жана Жарандык процесстик кодексинин 209-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.
Соттук жыйналышка ишти даярдаган судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 16-июнунда жаран Е.В.Осинцевден Жарандык кодекстин (мындан ары - ЖК) 282-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүч түшкөн.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 23-августундагы конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Өз кайрылуусун толуктоо катары жаран Е.В.Осинцев, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып, 2013-жылдын 10-октябрында өз талаптарынын көлөмүн көбөйткөн жана Жарандык процесстик кодекстин (мындан ары - ЖПК) 209-беренесинин конституциялуулугун текшерүүнү өтүнөт.
Соттук жыйналыштын жүрүшүндө кайрылуунун субъекти өз талаптарын тактап, жана ал үчүн жашап турууга жалгыз болуп саналган турак жайына карата өндүрүп алуу ошол учурга колдонуп тутумдук байланышта болгон ЖКнын 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана ЖПКнын 209-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуу эместигин текшерүү зарылдыгын көрсөткөн.
Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, мыйзамдардын талаш-тартыш болгон ченемдери менчик ээсин жашаганга жарай турган жалгыз турак жайы, ага башка турак жай бербестен, менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жолу менен ажыратып салууга шарт түзөт. Мыйзамдардын талашылып жаткан ченемдеринин жоболору Конституциянын 46-беренесин бузушат, ага ылайык ар бир адам турак жайга укугу бар жана эч кимиси турак жайынан негизсиз ажыратылышы мүмкүн эмес.
Жоопкер тараптын өкүлү, кайрылуучу тараптын коюлган далилдери менен макул болбой өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууну суранат.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы ЖКнын 282-беренесинин 1-бөлүгү жана ЖПКнын 209-беренесинин 1-бөлүгү эсептелет:
"282-берене. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча мүлк менен өндүрүп алуу.
1. Эгерде мыйзамда же келишимде өндүрүп алуунун башка тартиби каралбаса, менчик ээсинин милдеттенмеси боюнча мүлк менен өндүрүп алуу жолу аркылуу мүлктү алып коюу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт".
"209-берене. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу, чечимди аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү.
1. Ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укукту".
1996-жылдын 8-майындагы № 15 Жарандык кодекстин 1-бөлүгү мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык ("Эркин Тоо" гезитинин 1996-жылдын 5-июнунда № 78-79 санында жарыяланган) жана № 146 сандуу 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекс ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында" 2000-жылдагы № 3 санында жарыяланган) кабыл алынган жана колдонуудагы кодекс болуп саналат.
2. Конституция, социалдык мамлекет принцибин ишке ашырууда, ар бир адамдын турак жайга карата укугун белгилейт, мында адамды турак жайынан негизсиз ажыратууга тыюу салат (1, 9-беренелер, 46-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Конституция тарабынан белгиленген турак жайынан өз билемдик менен ажыратууга карата тыюу салуулар кепилдиктери эч кандай чектөө коюлууга жатпайт (20-берененин 4-бөлүгүнүн 10-пункту).
Жеткиликтүү турак жайга болгон укугу жөнүндө конституциялык жоболор Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 25-беренеси менен үндөшкөн, анда ар бир адам башка факторлордон тышкары, анын жана анын үй-бүлөсүнүн саламаттыгын жана бакубаттыгын сактоо үчүн зарыл болгон турак жайды турмуштук деңгээлге камтуучу жана жумушсуздукта, ооруганда, майып болгондо, карыганда же ага көз каранды болбогон жагдайлардан улам жашоо каражатынан ажыраган учурда камсыз кылуу укугуна ээ боло тургандыгы белгиленген. Жеткиликтүү турак жайга карата адам укуктарын коргоого багытталган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын ченемдерин андан ары өнүктүрүү экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактта (мындан ары - Пакт) улантылган, бул Пактка Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII токтому менен кошулган. Көрсөтүлгөн Пакттын 17-беренесинин 1-бөлүгү менен мамлекеттер ар бир адамдын ал үчүн жана анын үй-бүлөсү үчүн өзүнө турак жайды кошо камтыган жеткиликтүү турмуштук деңгээлин тааный тургандыгы бекитилген. Пакттын 2-беренесине ылайык мамлекет колунда болгон ресурстардын максималдуу чектеринде Пактта таанылган укуктарды акырындык менен толук жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алууга милдеттенет, анын ичинде, мыйзам чыгаруу чараларын көрүүсү дагы бар.
Жашап турууга укуктук камсыз кылууну өзүнө камтыган жеткиликтүү жашоого укуктарынын; турак жайды сатып алуу же куруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бар экендигин, материалдарды, мүмкүнчүлүктөрдү жана зарыл болгон инфратүзүмдү; чыгашаларга байланыштуу турак жайды сатып алуунун жеткиликтүүлүгүн; жашап туруу үчүн жарактуулугун (сапатын; жеткиликтүүлүгүн; жайгашкан ордун жана маданий жактан алып караганда адекваттуулугун камтыган жеткиликтүү турак жайга карата укуктарынын мазмунун карап жатып, белгилей кетүү зарыл, бул көрсөтүлгөн укугун ишке ашыруу үчүн укуктук кепилдиктер турак жай укугунун бардык институттарына тийиштүү болушу керек, ал эми турак жайдын жеткиликтүүлүк критерийлери турак жай укук мамилелеринин негиздөөчү башаты катары кызмат аткарышы керек. Жеткиликтүү турак жайга болгон укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында мыйзам чыгаруу чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуудагы так ушундай ыкманы мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдонууга тийиш.
Турак жайынан негизсиз ажыратууга карата тыюу салуунун конституциялык кепилдиги жашап турууга укуктук камсыз кылуусу (жетиштүү турак жайга карата укуктун элементинин) мейкиндигинде жатат, жана мыйзам чыгаруучу тарабынан турак жайдын менчик ээсине коопсуздук, кол тийбестик, турак жайынан негизсиз ажыратууга жол берилбестик, турак жайга ж.б. ээ болуу, пайдалануу жана аларды башкаруу боюнча укуктарын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү кепилдене турган шарттарды түзүлө тургандыгын түшүндүрөт.
Турак жайдан негизсиз ажыратууга жол берилбестик принциби эч ким өз турак жайын же ушул турак жайга болгон укуктарын соттун чечими боюнча же Конституция жана мыйзам тарабынан (Конституциянын 12-беренесинин 2-бөлүгү) белгиленген учурлардан тышкары жоготууга болбойт дегенди түшүндүрөт. Ошону менен бирге, мүлктү мажбурлап тартып алуу учурунда, соттук тартипти мүлккө карата болгон менчик укугун токтотуунун негизги ыкмасы катары эсептөөгө зарыл, ал эми калган ыкмалар - өз алдынча алынган жана эгерде алар мыйзам тарабынан улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоого, калктын саламаттыгын жана ыймандуулугун коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында гана каралат.
Мындай учурлардын жана ыкмалардын жогоруда көрсөтүлгөн максаттарын эске алуу менен укуктук регламенттелиши мыйзам чыгаруу бийлигинин органынын иш-милдеттери болгондуктан улам (Конституциянын 3-, 70-беренелери), укуктарды жана эркиндиктерди Конституцияда көрсөтүлгөндөн башка максаттарда жана андан ашкан даражада чектөө, мыйзам чыгаруучу тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн эместигин (20-берененин 3-бөлүгү) белгилеп кетүү керек.
Ошентип, келишимдик милдеттенмелерден келип чыккан жарандык-укуктук мамилелерге карата колдонгондо, мүлктөн негизсиз ажыратууга тыюу салуу жөнүндө конституциялык белгилөөлөр тике жана кыйыр түрдө жарандык-укуктук жөнгө салгычтар аркылуу колдонушат. Мындай жөнгө салгычтардын бири болуп, Жарандык кодекс кызмат кылат, ал текшерилүүчү ченемде (282-берене) жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөн негизсиз ажыратууга жол бербөө жөнүндө конституциялык жоболорду иш жүзүнө ашырган.
3. Конституция ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу (42-беренесинин 2-бөлүгү) деп аныктайт. Менчик ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун чектери жана тартиби, аларды коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат (12-беренесинин 6-бөлүгү).
Теңдикти, жарандык-укуктук мамилелердин катышуучуларынын эрктеринин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалуулугун, кимдир бирөөнүн жеке иштерге негизсиз кийлигишүүсүнө жол берилбестиктерди божомолдоочу жалпы таанылган менчикке кол тийбестик жана келишим эркиндигинин конституциялык принциптери мүлккө ээ болуунун, пайдалануунун жана аны өз каалаганындай тескөөнүн эркиндигин шартташат. Бул, менчик ээси, өзү билгендей, ага тийиштүү болгон мүлккө карата өзү каалагандай, эгерде алар мыйзамга каршы келбей жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, анын ичинде менчик ээси тарабынан кыймылсыз мүлк объекттерине тийиштүү болгон мүлктүн эсебинен өзүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин аткаруу мүмкүндүгүн кошуп алганда, аракеттерди жасагандыгын түшүндүрөт.
Мүлккө ээ болуу, аны пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктардын чектери мыйзам тарабынан белгиленет (Конституциянын 12-беренесинин 6-бөлүгү). Бирок бул жөнгө салуу юридикалык теңчиликке жана адилеттикке негизделген укуктук мамлекет принциптерине ылайык келүүгө тийиш жана менчик укугу, Конституцияга ылайык жалпыга таанылган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасында таанылып жана кепилдене турган адамдын жана жарандын бардык башка укуктары жана эркиндиктери (Конституциянын 1-, 6-, 12-, 16-, 17-беренелери) сыяктуу келип чыгууга тийиш.
Ошентип, мүлктүн менчик ээси мыйзамга каршы келбей турган экономикалык иш менен алектене алат, ажыратуу, ээлик кылуу жана пайдалануу укугун өткөрүп берүүнү, ошондой эле өзүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин өзүнүн мүлкүнүн эсебинен аткарууну кошуп алганда, өз каалоосу боюнча жеке менчик укугуна таандык болгон мүлктү пайдаланууга укуктуу. Демек, менчик ээси өзүнө белгиленген эрктин автономиялуулугу жана тараптардын теңдештигинин негизинде гана келишип кол коюлган келишимдин маанисинен (келишим эркиндигинин принциби) жана мазмунунан чыгуучу жарандык-укуктук милдеттенмелеринин бардык мүмкүн болгон натыйжалары үчүн жоопкерчиликтүү болот.
Жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбагандык мыйзам тарабынан белгиленген жарандык-укуктук жоопкерчиликке алып келет, ал өзүнө менчик ээсинин мүлкүн насыячынын пайдасына күчкө салуу менен берүүнү камтыйт. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга кайрылуу жолу менен мүлктү алып коюу, анын ичинде турак жай мүлкүн кошуп алганда, мыйзам тарабынан каралган мүлккө карата менчик укугун токтотуу учуру болуп саналат жана мүлкүнөн негизсиз ажыратуу катары каралышы мүмкүн эмес.
Бирок, укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашыруу менен, мыйзам чыгаруучу жарандар тарабынан өздөрүнүн жарандык-укуктук милдеттенмелерин жана алардын жоопкерчиликтерин, анын ичинде өзүнүн бүткүл мүлкү менен насыячылардын алдында ак ниеттен аткарууну камсыз кылууга багытталган тигил же бул чараларды тандап алуу укугуна ээ. Бирок, ушуну менен бирге, бул чаралар "карызкор - насыячы" мамилелери менен байланышта болгон адамдардын мүлктүк кызыкчылыктарын соттук коргоону ишке ашыруунун алкагындагы бул чаралар, бир жагынан алганда, жеке менчик укуктарын таануу жана кепилдөө менен туюнтулган баалуулуктардын жана милдеттенмелерди ак ниеттен аткаруунун жалпы укуктук принцибинин ортосундагы адилеттүү теңдештикти жана экинчи жагынан - турак жайга карата укукту бузбоого тийиш.
Демек, аткаруу өндүрүшүнүн механизмдерин белгилөө учурунда мыйзам чыгаруучу - укуктук социалдык мамлекеттин татыктуу жашоону жана адамдын эркин өнүгүүсүн камсыз кылган шарттарды түзүүгө арналган принциптерин кармануу менен, - карыз болуп калган жарандардын менчигинде турган турак жай имаратына карата аткаруу документтери боюнча өндүрүүгө кайрылуунун чектерин, алардын жашоо-турмушун камсыз кылуунун зарыл каражаты катары турак жайга болгон табигый керектөөнү жүзөгө ашырууга шарт түзө турган деңгээлде турак жай чөйрөсүндө алардын укуктарын камсыз кылуу үчүн аныктоого ыйгарым укуктуу болот.
Мында, мыйзам чыгаруучу мүлктүн, анын ичинде турак жайынын ээсин кошо алгандагы менчик ээсинин жоопкерчилигинин ченемин, милдеттенменин мүнөзүнөн жана кол коюлган келишимдин укуктук натыйжаларына жараша чектеп коюуга укуктуу. Ошентип, мүлктүн менчик ээси, ипотекадан келип чыгуучу жарандык-укуктук милдеттенмелердин алкагында камсыз кылуучу милдеттенмеси боюнча өз эркин так көрсөтүү менен, ипотека келишими аркылуу күрөөгө коюлган мүлк боюнча жоопкерчиликти толук өлчөмдө тартат. Ал эми башка жарандык укуктук милдеттенмелер боюнча менчик ээси өзүнө андан мүлкүн алып коюу тобокелдигин божомолдобосо, мыйзам чыгаруучу калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо максаттарында насыячынын мүлктү, атап айтканда, эгерде ал менчик ээси үчүн жашоого жалгыз турак жай болуп эсептелген турак жайын тартып алууга укуктарына карата чектөөлөрдү алдын ала кароого болмок.
4. Жарандык кодекстин 59-беренесине ылайык жаран өз милдеттенмелери боюнча ага тиешелүү болгон бардык мүлкү менен жооп берет, мында жарандык процесстик мыйзам чыгаруу тарабынан тизмеги белгилене турган жана ага өндүрүүгө болбой турган мүлк алынбайт. Бирок жарандык процесстик мыйзамда мындай тизмек камтылган эмес, ал "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Мыйзамдагы тиркелген тизмекте көрсөтүлгөн.
Мыйзам чыгаруучунун аткаруу документтери боюнча мүлктүн белгилүү бир түрлөрүнө анын максаттуу багытынан, ал ошонун менчигинде болгон субъектти мүнөздөп турган сапатынан жана белгилеринен улам мүлктү өндүрүүгө айландырууга тыюу салган мындай мамилеси, карыз болуп калган жаранга мүлктүк (аткаруучулук) иммунитетти берүү жана ага, анын багуусунда болгон башка адамдарга, татыктуу жашоо улантууга зарыл боло турган шарттарды сактоо менен шартталган. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул тизмекте карыз болуп калган адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бирден-бир жашаганга жарай турган турак жай имараты болуп эсептелген турак жай имараты көрсөтүлгөн эмес. Өндүрүүгө айландырууга болбогон мүлктүн мындай тизмеги, практикалык мүнөзгө ээ, ал сот актыларын аткаруунун же аткаргандыктын чектерин көрсөтүп жана кандайдыр бир мааниде сотторго багыттама катары кызмат көрсөтөт. Процесстик мыйзамдар менен каралган соттордун ыйгарым укуктуулук чектери, сот актыларынын аткарылуу ыкмаларын жана тартиптерин өз алдынча өзгөртүү, мындай тизмекке киргизилген мүлктөрдүн гана түрлөрү менен чектелет.
Жарандык процесстик кодекстин 209-беренесинин жоболорун Жарандык кодекстин 282-беренесине байланыштуу текшерип жатып, атап айтканда, сот чечимин аткарылышын кийинкиге калтыруу же артка жылдыруу бөлүгүндө, ошондой эле тараптардын мүлктүк абалдарынан же башка жагдайлардан улам, анын аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүүдө, Конституциялык палата анын Конституцияга карама-каршы келе тургандыгын таануу үчүн негиз тапкан жок. Анткени, соттордун чечимдеринин аткаруу ыкмасынын жана тартибинин өзгөрүшү, жарандардын соттук корголууга карата конституциялык укуктарын ишке ашыруудагы тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого карата чыгарылган соттук актынын майнаптуу аткарылышына багытталган соттордун дискрециясы болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү жана Жарандык процесстик кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү конституциялуу деп таанылсын.
Е.В.Осинцевдин өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарга ушул чечимдин жүйөлүү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы