Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик»;
- расмий тилде: «Агентство по продвижению инвестиций при Министерстве экономики Кыргызской Республики»;
- англис тилинде: «Investment Promotion agency under Ministry of economy of the Kyrgyz Republic».
4. Агенттик Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш иет.
5. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана өзүнүн аталышы жазылган эмблемасы, мөөрү, бланктары, штамптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. Агенттик обочолонгон мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарды алууга жана сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
7. Агенттиктин максаттары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулугу жана мамлекеттик эмес сектор менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү болуп саналат.
8. Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктарынын жана мамлекеттик эмес секторлордун Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана жеке инвестициялар чөйрөсүндөгү инвестициялык программаларды жана долборлорду ишке ашыруу жана коштоо боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо;
- инвестицияларды тартуу жагында Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү;
- экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды тартуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоого көмөк көрсөтүү.
9. Агенттик жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- инвестициялык программалар жана долбоорлор боюнча консультацияларды, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, бет ачаарларды жана жарманкелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана ишкердик иш шарттары тууралуу маалыматтарды даярдайт, чыгарат жана потенциалдуу инвесторлордун арасында жайылтат;
- чет өлкөлүк инвесторлорду издөөдө жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди түзүүдө ата мекендик ишканаларга көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөлүк инвесторлорго өзүнүн компетенциясынын чектеринде көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдайт жана илгерилетет;
- өлкөдө жана чет өлкөлөрдө инвестицияларды тартуу боюнча уюштуруу, маалыматтык жана жарнамалык иш-чараларды өткөрөт;
- потенциалдуу чет өлкөлүк инвесторлор менен аларды Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартуу максатында байланышты түзөт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- инвестициялык саясаттын артыкчылыктарына жараша инвесторлорду максаттуу издөөнү жүргүзөт;
- долбоорлордун экономикалык максатка ылайыктуулугун, региондор боюнча экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымынын негизинде чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык сунуштарына экспертиза жүргүзөт.
10. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- инвестициялар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке берүүгө;
- мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин Агенттиктин компетенциясына таандык болгон маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн долбоорлору жана максаттуу программалары боюнча келишимдик негизде кредиттик уюмдарды, фонддорду жана башка юридикалык жактарды, алар тарабынан каржылоо, кредиттөө, кепилдиктерди берүү үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун максаттуу программаларын ишке ашыруунун алкагында иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тапшырыктарды берүүдө мамлекеттик тапшырыкчы катары чыгууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды аткарууга.
11. Агенттик өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү ээликтен ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
12. Агенттик келишимдик, кредиттик, эсептик, салыктык жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
13. Агенттиктин ишин директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Кыргыз Республикасынын экономика министринин сунушу боюнча кызматка дайындалат жана бошотулат.
14. Агенттиктин директорунун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын экономика министри тарабынан директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.
15. Агенттиктин кызматкерлери, анын ичинде директордун орун басары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелишпейт.
16. Агенттиктин кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими менен белгиленет.
17. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин борбордук аппаратынын жана Агенттиктин аймактык органдарынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- белгиленген штаттык сандын чектеринде Агенттиктин штаттык санын жана түзүмүн Кыргыз Республикасынын экономика министринин бекитүүсүнө берет;
- Агенттиктин кызматкерлерин мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот;
- кызматтык нускамаларды жана Агенттиктин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарда, эл аралык жана региондук уюмдарда Агенттиктин атынан чыгат;
- кадрларды таңдоо жана жайгаштыруу, ошондой эле Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана Агенттик тарабынан функциялардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жаза колдонот;
- Агенттиктин айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- Агенттиктин ар жылдык иш планын бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматкерлери тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин ишин башкаруу боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.
18. Агенттик өзүнүн ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү колдонот:
- оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитип берилген мамлекеттин менчигиндеги мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объектилер, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачылык эмгектин өндүрүмү түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды;
19. Агенттикти каржылоонун булагы болуп кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары саналат.
20. Агенттикти жоюу жана өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
21. Ишти токтотууда Агенттиктин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.