Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргаз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргаз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө корея тарапка билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ацпаратыньш эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |