Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-марты № 161
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 "Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казылып алынуучу кендердин тизмесинде:
- 30-пунктундагы "Тегене" деген сөздөн кийинки "жер астындагы" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 55-57-пункттар менен толукталсын:
«
55 | Күрмөнтү | Түп району, Ысык-Көл облусу | Акиташ, кумдуу ак топурак | Иштетүү |
56 | Түндүк Ак-Ташы | Кочкор району, Нарын облусу | Сурьма, флюорит | Иштетүү |
57 | Ачык-Таш | Талас району, Талас облусу | Күкүрт | Иштетүү |
»
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |