Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 167
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 25-июлундагы № 16-к "Шарк айылдык округунун 2013-жылдын 8-июлундагы № 91 токтомун бекитүү жөнүндө" Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 20-июлундагы № 34 токтомун бекитүү тууралуу" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагында жайгашкан 250,0 га кайрак айдоо жерлери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольттуу электр чубалгыларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди кезектүүлүккө ылайык максаттуу бөлүштүрүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |