Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 токтому менен бекитилди |
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борбору (мындан ары - "Энергия" КИТБ) энергетика жаатындагы илимий-изилдөө, илимий-билим берүү жана өндүрүш ишин жүргүзгөн мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелет. "Энергия" КИТБ Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берет.
2. "Энергия" КИТБ өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин нускамаларына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
3. "Энергия" КИТБ юридикалык жак, уюштуруу-укуктук формасы-мекеме.
"Энергия" КИТБнын оперативдүү башкаруу укугундагы мүлкү бар, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө жана аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган штампка, Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдөгү банк мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ, өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сырткы экономикалык ишти жүзөгө ашырат.
4. "Энергия" КИТБ мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доочу жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктары жана милдеттери бар.
5. "Энергия" КИТБнын максаты болуп Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын илимий-техникалык камсыздоо саналат.
6. "Энергия" КИТБ өз максатын ишке ашыруу үчүн төмөндөгү багыттар боюнча иштейт:
- энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча программаларды жана стратегияларды илимий камсыздоо;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун илимий негиздөө жана аны камсыздоо боюнча сунуштарды киргизүү;
- электр энергетиканын ишенимдүү жана үнөмдүү иштешин камсыздоого багытталган илимий-экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинде (мындан ары - ОЭК) рынок мамилелерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- электр энергиясынын экспорттолушун камсыздоого багытталган иштерге катышуу;
- электр жабдууларынын, электр тармактарынын жана электр станцияларынын ишенимдүүлүгүн жана үнөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыздоочу техникалык чечимдердин, түзүлүштөрдүн, нускамалардын жана ченемдик документтердин долбоорлорун изилдөө жана иштеп чыгуу;
- электр орнотмолорундагы электр коопсуздугун жана санитардык-гигиеналык регламенттөөнү камсыздоо максатында методикалык көрсөтмөлөрдү, приборлорду жана аппараттарды иштеп чыгуу;
- техникалык сунуштарды иштеп чыгуу жана электр станцияларындагы энергетикалык от казандарды жаңылоо боюнча иштерди жургүзүү жана от жагуучу казан орнотмолорунун экономикалык жана экологиялык мүнөздөмөлөрүнүн жакшырышын камсыздоочу күйүүчү отунду жагуунун жаңы технологиясын киргизүү, газ жана мазутту көмүр менен алмаштыруу;
- энергия үнөмдөөчү стратегияны жана энергия үнөмдөөчү технологияларды, түзүлүштөрдү жана приборлорду изилдөө жана иштеп чыгуу;
- ОЭК тармактарынын өнүгүү натыйжалуулугун, отун-энергетикалык ресурстардын рационалдуу түзүлүшүн жана керектөө деңгээлин камсыздоо боюнча техникалык-экономикалык изилдөөлөр;
- энергиянын салттуу эмес жана жаңыланма булактарын изилдөө, иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- ОЭК ишканаларын экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жаатындагы изилдөөлөр;
- жаратылыштык-климаттык жана табигый таасирлерден энергетика объекттерин коргоонун ыкмаларын жана түзүлүштөрүн, ошондой эле климаттык райондоштуруу карталарын иштеп чыгуу;
- энергия ресурстарынын рыногун өнүктүрүү шарттарында ОЭК продукцияларына карата баа жана тариф түзүү механизмдерин изилдөө жана иштеп чыгуу;
- ОЭК тармактарында пайдаланыла турган жаңы технологияларга жана техникага техникалык жана энергия үнөмдөөчү стандарттарды иштеп чыгуу;
- тажрыйбалык-конструктордук, куроочу жана жөнгө салуу-ишке киргизүүчү жумуштарды жүргүзүү;
- илимий жана техникалык маалыматтарды, "ноу-хауну" ишке ашыруу, ошондой эле ОЭКке, өндүрүштүн энергетикалык натыйжалуулугу, энергияны үнөмдөө жана энергия менен жабдуу чөйрөсүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк тажрыйбаны колдонуу боюнча өнөр жайлык жана башка секторлорго консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү;
- ОЭК ишканаларынын персоналын, анын ичинде бардык тармактардын административдик-башкаруучулук персоналын рынок экономикасынын шарттарында чарба жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларына, энергияны үнөмдөө жана энергия булактарынын бардык түрлөрүн өндүрүү, берүү жана сатуу укугуна лицензиялоого карата ишканаларды даярдоо боюнча иштерди уюштуруунун жолдоруна окутуу.
7. "Энергия" КИТБнын укуктары:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен белгиленген тартипте макулдашуу боюнча өзүнүн илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоого конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
- менчик ээси менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактардын уюмдаштыруучусу болушу мүмкүн, илимий-техникалык, технологиялык жана башка продукцияларды алуу жана сатуу үчүн мыйзам менен белгиленген тартипте филиалдарды, ошондой эле өндүрүштүк жана башка чарбалык ишканаларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай ресурстары министрлигинин тапшыруусу боюнча ОЭК долбоорлорун иштеп чыгууга, эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча эксперттик корутундуларды даярдоого техникалык тапшырмаларды макулдашууга;
- ОЭКтин илимий сунуштамаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүнүн чегинде юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, маалыматтардын илимий-техникалык банктарын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура аркылуу адистерди даярдоону ишке ашырууга;
- ОЭК жаатындагы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга;
- интеллектуалдык менчик объекттерине жана илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук иштердин натыйжаларына болгон өз укуктарын коргоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн аткарууга.
8. "Энергия" КИТБнын функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катттодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
- ОЭКтин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин тапшырмасы боюнча илимди жана өндүрүштү интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштамаларды даярдоо;
- "Энергия" КИТБнын иши үчүн керектүү башка иш-чараларды аткарууга.
9. "Энергия" КИТБнын түзүмү "Энергия" КИТБнын окумуштуулар кеңешинин (мындан ары - окумуштуулар кеңеши) чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуудан кийин "Энергия" КИТБнын директору тарабынан бекитилет.
10. "Энергия" КИТБнын түзүмүнө окумуштуулар кеңеши, дирекция (административдик-башкаруу персоналы, техникалык жактан тейлөө персоналы, кенже тейлөө персоналы) жана илимий бөлүмдөр (бөлүмдөр, лабораториялар, секторлор) кирет.
11. "Энергия" КИТБга директор башчылык кылат.
12. "Энергия" КИТБнын директору илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруу кызматкерлердин кызмат ордун ээлеген эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү жолу менен, альтернативдүү негизде, илимдин доктору окумуштуулук даражасына ээ, тиешелүү адистиктеги жана квалификациядагы, же илимдин доктору окумуштуулук даражасы менен тиешелүү тармакта жетекчилик иште тажрыйбасы бар адистердин катарынан беш жылдык мөөнөткө шайланат.
"Энергия" КИТБнын директору кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү анын илимий же башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Окумуштуулар кеңеши тарабынан директорду шайлоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) түзүлөт.
Уюштуруу комитетинин иши "Энергия" КИТБнын окумуштуулар кеңеши бекиткен регламентке ылайык ишке ашырылат.
Шайлоо эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтен экисинен кем эмеси катышканда жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт.
Эгер "Энергия" КИТБнын эмгек жамаатынын тизмедеги курамынын жарымынан көбү директордун кызмат ордуна талапкер үчүн добуш берсе, ал адам шайланды деп эсептелет.
Эгер бир да талапкер эмгек жамаатынын жалпы тизмесинен талап кылынган көпчүлүк добушту албай калса, добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Экинчи турдун бюллетенине биринчи турда көп добуш алган 2 талапкер киргизилет. Добуш берүүнүн экинчи туру "Энергия" КИТБнын ошол эле чогулушунда өткөрүлөт.
Эгер талапкерлердин бири да талап кылынган добуштун көпчүлүгүн албаса, анда отуз календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө жаңы шайлоо өткөрүлөт.
"Энергия" КИТБнын шайланган директору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кызмат ордуна бекитилет.
13. "Энергия" КИТБнын директору кызмат ордунан бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
"Энергия" КИТБнын директорунун ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- окумуштуулар кеңешинин тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү тарабынан демилгеленген пикир;
- оорунун себебинен кызматтык милдеттерди аткарунун мүмкүн эместиги;
- соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
- каза болгон учурда.
14. "Энергия" КИТБнын директорунун кызмат орду бош болсо, анын милдеттерин аткаруу "Энергия" КИТБнын директорунун орун басарына алтымыш календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө жүктөлөт.
15. "Энергия" КИТБнын директору:
- өз ншинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин буйруктарын жана нускамаларын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат;
- "Энергия" КИТБны башкарууну жеке башчылык принциптеринде ишке ашырат жана "Энергия" КИТБнын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын турмушка ашыруунун сапатына, финансы тартибин сактоого, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүнө, "Энергия" КИТБнын мүлкүнө жана оперативдүү башкарууда турган материалдык башка баалуулуктарынын сактыгына, "Энергия" КИТБнын кызматкерлеринин эмгек укугун коргоого, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди жумушка алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- "Энергия" КИТБнын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- финансы каражаттарын башкарат;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет элдик валютада эсептешүү жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
"Энергия" КИТБнын директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу боюнча директор тарабынан дайындалат.
16. "Энергия" КИТБнын директорунун орун басары менен түзүлгөн келишимдин аяктоо мөөнөтү "Энергия" КИТБнын директорунун ыйгарым укуктарынын аяктоо мөөнөтү менен дал келет.
17. Окумуштуулар кеңеши "Энергия" КИТБнын сунуштоочу коомдук-кесиптик органы болуп эсептелет. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү 3 жылга, илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу кызматкерлеринин жалпы чогулушунда "Энергия" КИТБнын директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.
Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу кызматкерлеринин жалпы чогулушу эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
Окумуштуулар кеңешинин курамына "Энергия" КИТБда иштебеген алдыңкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрү кире алат.
18. Окумуштуулар кеңеши эгер жыйынга курамдын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөсү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Эгер окумуштуулар кеңешинин добушка катышкан мүчөсүнүн жарымынан көбү окумуштуулар кеңешинин чечимине добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
19. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы "Энергия" КИТБнын директору болуп эсептелет.
20. "Энергия" КИТБны каржылоо булактары төмөнкүлөр:
- республикалык бюджеттен каржылоого каралган каражаттар;
- илимий долбоорлорду жана программаларды аткарууга жеке жана юридикалык жактарга бөлүнгөн акча каражаты;
- илимий-изилдөө, басма, кеңеш берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерден түшкөн жеке каражаттар;
- эки тараптуу же көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдардан мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган каражаттар;
- илимий фонддун каражаттары;
- банктардын кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактары.
21. "Энергия" КИТБ Ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат.
22. "Энергия" КИТБнын ишин контролдоо ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
23. "Энергия" КИТБнын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоюлганда токтотулушу мүмкүн.
"Энергия" КИТБнын ишин өзгөртүп кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өтүнүчү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча жүргүзүлөт.
24. "Энергия" КИТБнын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.