Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2013-жылдын 26-ноябры № 18-р
Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: А.Ж.Таштанованын;
кайрылуучу тарап: Асан Саматович Токтоналиевдин, Болотбек Сексенбешович Чокморовдун;
жоопкер тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Канатбек Рахманбердиевич Садыковдун;
котормочу - Максат Эсенбекович Толобалдиевдин катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук жыйналышта карады.
Сот өндүрүшүнө 2013-жылдын 31-июлундагы жана 2013-жылдын 22-октябрындагы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен кабыл алынган, жарандар А.С.Токтоналиевдин жана Б.С.Чокморовдун өтүнүчтөрү ишти кароого себеп болуп саналат.
Ишти кароого негиз болуп, Эмгек кодексинин талаш-тартыш болгон ченеми Конституцияга ылайык экендиги маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.
Соттук жыйналышка ишти даярдаган судья - баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 23-апрелинде жаран А.С.Токтоналиевден Эмгек кодексинин 427-беренесинин конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүч түшкөн.
Берилген материалдар көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын кызмат ордун ээлеген А.С.Токтоналиев, кызмат ордунан "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 23-августундагы 2012-жылдын № 616 тескемеси менен ээлеген кызматынан бошотулган.
А.С.Токтоналиевдин пикири боюнча, көрсөтүлгөн тескеме негизделген эмес жана мыйзамсыз, ошол себептен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө доо арызы менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 23-августундагы 2012-жылдын № 616 тескемеси жараксыз деп жумуш ордуна калыбына келтирүү жана ишке аргасыз чыкпагандыктын ордун толтурууга арыз менен кайрылган.
Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2012-жылдын 20-ноябрындагы аныктамасы менен А.С.Токтоналиевдин доо арызы боюнча соттук өндүрүштү токтотту. Сот токтотууга негиз катары Эмгек кодексинин 427-беренесин келтирди, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин, аныктамаларын өзгөртүү, башка ишке которуу, ишке аргасыз чыкпагандыктын ордун толтурууга же аз акы төлөнүүчү ишти аткаруу жана тартиптик жаза берүү үчүн акы төлөөлөр боюнча эмгек талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет. Ушул беренеде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.
Токтоналиев А.С. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аныктамасы менен макул болбой, Бишкек шаардык сотунун апелляциялык инстанциясына жеке даттануу менен кайрылган. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 2013-жылдын 23-апрелиндеги аныктамасы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун аныктамасын өзгөртүүсүз, ал эми А.С.Токтоналиевдин жеке даттануусун канааттандыруусуз калтырган. А.С.Токтоналиевдин жеке даттануусун канааттандыруусуз калтырууда, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Эмгек кодексинин 427-беренесине шилтеме кылып, кызмат орундарынын ушул категориясы үчүн эмгек талаш-тартыштары соттон тышкары тартипте чечилүүгө тийиш деп чечим чыгарган.
Ушуга окшош өтүнүч менен 2013-жылдын 11-октябрында Конституциялык палатага жаран Болотбек Сексенбешович Чокморов кайрылган.
Б.С.Чокморов Нарын областынын Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басарынын кызмат ордун ээлеген жана ээлеген кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 4-июлундагы № 311 тескемеси менен бошотулган.
Б.С.Чокморов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тескемесин мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 4-июлундагы № 311 тескемесин жараксыз жана жумуш ордуна калыбына келтирүү доо арызы менен кайрылган.
Бирок, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2013-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен Б.С.Чокморовдун доо арызын Эмгек кодексинин 427-беренесинде каралган негиздер боюнча өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.
Арыз берүүчүлөр, кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгектик талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуучу Эмгек кодекстин 427-беренеси, жарандарды соттук коргонуу укугунан ажыратуу менен соттук коргонуу укуктарына чектөөлөрдү киргизүүгө тыюу салууну белгилеген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө, жана ар бир адамга анын укуктарын жана эркиндиктерин соттук коргоону кепилдей турган Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин жана ошону менен аларды соттук коргонуу укугунан ажыраткандыгын белгилешет.
Соттук жыйналышта А.С.Токтоналиев жана Б.С.Чокморов өзүнүн өтүнүчтөрүн колдоп, аны канааттандырууну суранышты.
Жоопкер тараптын өкүлү К.Р.Садыков кайрылуучу тараптын корутундулары менен жарым-жартылай макул болуп жана өтүнүчтү жогорку административдик кызмат орундарына тиешелүү бөлүгүндө гана канааттандырып, калган бөлүктөрүн канааттандыруусуз калтырууну сурады.
Конституциялык палата тараптардын далилдерин талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй тыянактарга келди:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошондой эле, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Эмгек кодексинин 427-беренеси эсептелет:
"427-берене. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлерди иштен бошотуу, иштен бошотуунун күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштар соттук эмес тартипте чечилет. Ушул беренеде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдер даттанылууга жатпайт".
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык 2004-жылдын 4-августунда № 106 сандуу кабыл алынган, "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен 2004-жылдын 4-августунда № 107 сандуу киргизилген, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-жылдын ноябрында, № 3 саны) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 2006-жылдын апрелинде № 42 санында жарыяланган. Ушул ченемдик укуктук акт азыркы учурда колдонуудагы болуп эсептелет.
3. Конституциясынын 3-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликтин негизги принциби, бул бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган, элдик бийликтин үстөмдүк принциби болуп саналат.
Конституция Кыргыз Республикасындагы саясий көп түрдүүлүктү жана көп партиялуулукту, саясий партиялардын калк тарабынан саясий эркин билдирүүдөгү ролун, шайлоо тутумунун принциптерин, парла-менттик көпчүлүктү жана парламенттик оппозицияны түзүүнү, жана эң акырында, Өкмөттү түзүүнү таануудан чыгып, түздөн-түз мамлекеттик бийликтин жогорку органдарын түзүү тартибин жана анын укуктук статусун аныктайт.
Жалпысынан, Конституцияда бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик модель, шайлоолордо жеңип чыккан саясий күчтөрдүн саясий программаларын иш жүзүнө ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен конструкциялашкан. Бул мааниде, Конституция юридикалык гана эмес, саясий документ да болуп саналат, анда коомчулуктун ар түрдүү күчтөрүнүн ортосундагы саясий күрөштүн жыйынтыктары жана компромисстери белгиленет.
Шайлоолордогу элдик мамлекеттик бийликтин саясий атаандаштыгынын "туундусу" тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана ушуну менен Конституцияда жол берилген чектерде өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. Мында, эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш, анын алдында партиялык жана персоналдык шайлоо алдындагы программалардын ишке ашыруусу үчүн гана эмес, кесипкөйлүк, мамлекеттин иштерин башкарууга карата даярдыгы, алар тараптан шайланууга сунушталып жаткан талапкерлеринин моралдык жана этикалык сапаттары сыяктуу эле, мамлекеттик бийлик тутумундагы жетектөөчү кызмат орундарына карата дайындоолору жана бекитүүлөрү үчүн дагы саясий жоопкерчиликти алып жүрүшөт. Эреже катары, мындай талапкерлер ошондой эле саясий лоялдуулук, саясий идеалдарынын жана көз караштарынын жалпылуулугу критерийлерине жооп берүүгө тийиш, жана аларга көрсөтүлүп жаткан саясий ишенимге байланыштуу белгилүү мамлекеттик саясатты коштоп жүрүүгө тийиш.
Так ушул нерседе бийликтин калктын алдындагы жоопкерчиликтин конституциялык принцибинин сакталышы камтылып турат, ал мамлекеттик-бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдын өзүнүн саясий ишинин натыйжалары үчүн жооп тартуу милдетин түшүндүрөт. Баарынан мурда, бул бийликтин элдин көз алдындагы легитимдүүлүгү жана авторитети үчүн, ички жана тышкы саясатты туура тандоосу үчүн, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруусу жана майнаптуулугу үчүн жоопкерчилик.
Өз кезегинде, Премьер-министр башында турган алар тараптан түзүлгөн Өкмөт, бир саясий партиянын депутаттык фракциясын же парламенттик шайлоолордо парламенттеги көпчүлүк орундарды алган саясий партиялардын депутаттык фракцияларынын коалициясын билдирген парламенттик көпчүлүк, парламенттик оппозиция, алардын компетенциясына ошолорду дайындоо же шайлоо кирген мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын иши үчүн жоопкерчиликти алып жүрүшөт.
4. Кайрылуунун субъекти менен талаш-тартыш болгон Эмгек кодексинин 427-беренеси "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчи кызматкерлер" деген жалпылоо түшүнүгүн камтыйт. Өтүнүчтө коюлган маселени толук чечүү үчүн, эң алды менен кызматкерлердин бул категориясынын дифференциациясынын маселелерин, алардын мамлекеттин механизминдеги ордунан жана ролунан, укуктук статусунун өзгөчөлүгүнөн улам чечүү зарыл.
Эң алды менен, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан шайлануучу жетекчи кызматкерлерге саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар кирет.
2004-жылдын 11-августундагы № 114 Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу (шайлануучу) жана бошотулуучу саясий мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде каралган, алар үчүн Конституцияда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Президенттин жарлыктарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда белгиленген ыйгарым укуктары аныкталган. Ушуну менен, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушу саясий мамлекеттик кызмат орундарга жайылтылбайт.
Саясий кызмат орундардын өзгөчөлүгү төмөнкүлөрдө билинет:
а) Конституция тарабынан регламенттелген саясий кызмат орундарына дайындоонун (шайлоонун) атайын тартиби;
б) көрсөтүлгөн адамдарды кызмат орундарынан бошотуунун жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуунун атайын тартиби;
в) жоопкерчиликтин өзгөчө - саясий - түрү, ачык айкын мүнөздө болгон жоопкерчилик (кызмат ордунан четтетүү; ишеним көрсөтпөө резолюциясын жарыялоо; отставка; импичмент жол-жобосу).
Ушуну менен бирге, жетектөөчү саясий кызмат ордун ээлеген адам, бул статусту белгилүү мөөнөткө өзгөчө жол-жоболордун жардамы менен бүткүл элдик шайланган мамлекеттик-айкын бийликти алып жүрүүчүлөр тарабынан дайындалуунун натыйжасында алат, өз ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик-айкын чечимдерди кабыл алат, саясий артыкчылыктарды жетекчиликке алат жана өз иши үчүн саясий жоопкерчиликти тартат.
Саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды ордунан жылыштыруу жана бошотуу боюнча маселелерди чечүү менен, Президент, Жогорку Кеңеш, Премьер-министр өздөрүнө тиешелүү конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашырат. Өз кезегинде, алар тараптан дайындалган адамдар же алар тараптан түзүлгөн органдар алардын алдында персоналдык жана коллегиалдык жоопкерчиликти алышат.
Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саясий кызматын мажбурлоо менен токтотуунун негизги түрү болуп мажбурлоо менен же саясий кызматтан отставкага кетүү болуп саналат - кызмат ордунан бошотууну жүзөгө ашырууда, жогору турган башкаруу ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, эреже катары, саясий көз караштарын жетекчиликке алышат. Өз кезегинде, саясий кызмат ордуна келген адам, ал саясий жүйөлөрдөн улам бошотулуудан сакталбагандыгын түшүнүүгө тийиш.
Демек, саясий кызмат орундарын ээлеген адамдар, юридикалык негиздемесиз эле бошотулушу мүмкүн. Бул укук Конституция тарабынан белгиленген башкаруу таризинин өзгөчөлүгүнөн келип чыгат. Саясий жоопкерчиликтин негиздемеси болуп укук тартибин бузуусу саналбайт. Саясий жоопкерчиликти колдонуу чөйрөсү - саясий ишмердик.
Саясий жоопкерчилик саясий максатка ылайык көз караштан гана колдонулат. Ушундан улам, саясий жоопкерчиликтин негиздери өтө ар түрдүү: мамлекеттик-айкын функцияларды жүзөгө ашырууда мүчүлүштүктөр саясий көз караштардын туура келишпестиги, жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын принциптерине ылайык келбеген ишмердик жана анын натыйжасы катары ишенимден чыгуу, адамдын анын бийик элдик статусунан улам жол берилбей турган же моралдын принциптерине ылайык келбеген жүрүм-туруму, саясий көз караштан корректтүү эмес айкын сөз сүйлөө ж.б.у.с.
Эгерде саясий кызмат ордун ээлеген адамды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим Конституцияда каралган негиздерде жана тартипте кабыл алынса жана саясий мотивдер менен негизделсе, анда мындай чечимдерге карата даттануу жана ал даттануунун жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын көз карашынан кароого мүмкүн эмес болуп саналат.
Ошону менен бирге, Конституция тарабынан белгиленген сот өндүрүүлөрүнүн түрлөрүн, мурун ээлеп турган саясий кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө доо арыздары жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан өндүрүшкө кабыл алынбайт жана каралбайт. Мындай доо арыздарын кароо Президенттин, Жогорку Кеңештин, Премьер-министрдин жеке актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүнө карата текшерилишин божомолдойт, бул жалпы юрисдикциядагы соттордун компетенциясын аныктоочу Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет. Кызмат адамдарын кызмат ордунан жылдыруу жана бошотуунун конституциялык жол-жобосун сактоо, эреже катары, конституциялык юстициянын органдары тарабынан каралып жаткан жогорку мамлекеттик органдардын компетенциясы жөнүндө талаш-тартыштардын алкагында соттук конституциялык контролдун предмети болууга тийиш.
Конституция тарабынан белгиленген мамлекеттик саясий кызмат ордунан бошотуу (жылдыруу, чыгаруу, отставкага кетүү) кандайдыр бир жеке талаш-тартышты түшүндүрбөйт. Мындай жол-жобо кабыл алынып жаткан чечимдерди өз ара макулдаштыруу жана андан кийинки бекитүү тартибинде жүзөгө ашырылат. Атап айтканда, Жогорку Кеңеш тараптан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө, Президент тараптан тиешелүү чечим кабыл алганда, анын кызматтан кетишинин негизи болот. Жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө, Премьер-министр тарабынан аны кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болот.
Ушундан улам, саясий кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимге даттанууда, жалпы юрисдикциянын соттору баа берүүнүн юридикалык критерийлери жок болгондуктан, бийликтин жогорку органдары тарабынан кабыл алынган саясий чечимдерге мыйзамдуу жана негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн мүмкүндүктөргө ээ болбогондугу тууралуу тыянак келип чыгат. Бул мааниде, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Премьер-министрдин саясий кызмат орундарынан бошотуу маселелери боюнча чечимдерине карата соттук даттануунун мүмкүндүгүн мыйзам тарабынан бекитүүгө жол берилген учурларда, соттук коргонууга карата укук ачык түрдөгү фикцияга айланат.
Андан да, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Премьер-министрдин саясий кызмат орундарынан бошотуу маселелери боюнча чечимдеринин каралышын божомолдоп туруу мүмкүндүгү мындай соттук даттануунун жана жалпы юрисдикциянын соттору тарабынан андан кийинки жокко чыгарууларынын гипотетикалык мүмкүндүгү, каралып жаткан маселенин контекстинде сот бийлигинин Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Премьер-министрдин конституциялык ыйгарым укуктарына түздөн-түз кийлигишүүсү катары баа берилүүгө тийиш. Мындай учурда мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда токтотуучу жана карама-каршылыктар тутумунун акылга сыяр иштеши үчүн керектүү болгон конституциялык баланс бузулат.
Мындай учурда, Конституциялык палата Президенттин, Жогорку Кеңештин, Премьер-министрдин саясий кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимдерине соттук даттануунун жүзөгө ашырылбастыгы, Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пункту жана 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилдик берилген соттук коргонуу укугун чектөөгө деп саналбайт, ал демократиялык бийликтин механизминин тутумдук мүнөзүнүн табигый логикасынан, мамлекеттик бийликтин субъекттеринин алмашуу фактору катары саясий атаандаштыкты кам-сыз кылуунун зарылчылыгынан, ошондой эле алардын аракеттеги саясий жоопкерчиликтеринен келип чыккан, деп эсептейт.
5. Ошону менен бирге, мыйзамдарда мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын укуктук статусун регламенттөө жок экендигин белгилей кетүү керек. Конституция менен ушул чөйрөдөн келип чыккан мамилелердин коомдук маанилүүлүгү жана органикалык өз ара байланыштуулугу тиешелүү мыйзамдык жөнгө салууну талап кылат.
Ошондон улам, мыйзам чыгаруу органы бийликтин жогорку органдарынын компетенцияларын конституциялык чектөөлөргө ылайык, мамлекеттик саясий кызмат чөйрөсүн Президенттин ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салууга жол берилбегендигин көңүлгө алууга тийиш.
Мында, мыйзамда саясий жүйөлөрү боюнча жүзөгө ашырылуучу саясий кызмат ордунан бошотуу, саясий кызмат орундарына гана карата мүмкүн экендигин көрсөтүү керек. Саясий кызмат орундарын аныктоо критерийлерин иштеп чыгууда, саясий кызмат ордуна шайлоо, бекитүү жана дайындоо, ошондой эле андан бошотуу тартиби, түздөн-түз түрдө Конституция тарабынан белгиленет, ошондой эле мындай кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселелерине карата тикелей тиешеси бар экендигин көңүлгө алуу керек.
Мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген жетектөөчү адамдар, жөнөкөй гана башкаруу иш-милдеттерин ишке ашырбастан, реалдуу түрдө саясий чечимдерди кабыл алууга жана ишке ашырууга карата таасир этишет, анткени, алардын ишинин негизги максаты саясий программанын конкреттүү мамлекеттик аракеттерге ишке ашырылышы. Жогоруда аталгандар саясий кызматты ээлеп турган адамдардын ишмердигинин саясий курамын аныктап турат.
Саясий кызмат ордуна карата ишти жөнгө салуучу ченемдердин тармактык тиешелүүлүгүн аныктоо менен, ошондой эле көңүлгө ала турган нерсе, бул укук мамилелери айкын чөйрөдө пайда болгондугу, алардын элдик бийликти жүзөгө ашыруудан жана жарандын мамлекеттик иштерин башкарууга катышууга карата саясий укуктарынан келип чыгат, демек, аларды эмгектик мыйзамдардын ченемдери менен жөнгө салуу болбойт. Бул мааниде, Президент, Жогорку Кеңеш, Премьер-министр жана саясий кызмат орундарына дайындалып жаткан адамдар, эмгек-укук мамилелеринин субъекттери (жумуш берүүчү жана кызматкерлер) катары каралбайт.
Демек, саясий кызмат ордунан бошотуу учурда, эреже катары, эмгектик мыйзамдар менен белгиленген негиздер жана кепилдиктер колдонулушу мүмкүн эмес.
Белгилей кетүү керек, Президенттин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат орундарынын реестри мамлекеттик саясий кызмат орундарынын негизделбеген кеңири тизмегин камтыйт. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, мамлекеттик саясий кызматтын статустук өзгөчөлүгүн аныктоочу негизги критерий болуп, аларды орун алмаштыруунун жана бошотуунун өзгөчө конституциялык тартиби, ошондой эле алардын саясий-аныктоочу мүнөзү чыгышы керек.
Ченем чыгаруучу орган тарабынан белгиленген мамлекеттик кызмат орундарынын укуктук статусун чектөө, объективдүү акталган жана негиздүү болууга тийиш. Мындай чектөө кесипкөй мамлекеттик кызматтык ишти саясаттан бөлүп турат, мында административдик аппараттын иши коомго кесиптик кызмат көрсөтүүлөргө багытталууга тийиш, мамлекеттик органдын максаттарын, милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашырууда жумуш нейтралдуу жана бейтараптык мүнөздө болорун түшүндүрүп турат. Кесиптик негизде ээлей турган мамлекеттик кызмат орундар ушул кызмат орундарынан белгиленген ыйгарым укуктардан келип чыгуучу аракеттер жана чечимдер, саясий-аныктоочу мүнөзгө ээ болбойт жана ээ болушу мүмкүн эмес. Саясий кызматтардын тизмегин негизсиз кеңейтүүдө, саясатташтыруу, мамлекеттик аппараттын туруксуздугу жана кесипкөйлүксүз, саясий жоопкерчиликтин чараларын колдонууда кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн качууга болбойт.
Ошентип, Конституциялык палата, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн өзгөчөлүгү, саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын өзгөчө статусун аныктайт деп эсептейт. Мамлекеттик кызмат орундарын бөлүштүрүү жана алардын ар биринин укуктук статусун регламенттөө менен, мыйзам чыгаруучу бул чөйрөдө өзгөчө эрежелерди белгилөөгө укуктуу.
Мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген башка жетектөөчү кызматкерлерге карата, атап айтканда, кызматтан бошотуу мыйзамдарда аныкталган тартипте Премьер-министрдин тескемеси менен жүзөгө ашырылууда, административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендерге карата, алардын кызматынан бошотуу, бошотуу күнүн жана себептерин аныктамасын өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпагандыгы же аз акы төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча кабыл алынган чечимдерди соттук даттанууга карата укуктарын чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Жетектөөчү кызматкерлердин бул категориясын бошотуу мыйзамдарда аныкталган негиздемелер боюнча гана мүмкүн болот. Ошону менен бирге, мындай мамлекеттик кызматкерлер, тескерисинче, алардын иши мамлекеттеги саясий өзгөрүүлөрдөн көз карандысыздык кепилдиктерине ээ болууга тийиш, ал эми алардын өз кесиптик милдеттерин аткарышы саясатташтырылбаган мүнөздө болууга тийиш.
Ушуга окшош принцип, Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат ордуна дайындоо, бекитүү (бошотуу) кызмат орундарынын номенклатурасына кире турган башка жетектөөчү кызматкерлерге карата колдонулат.
Мындай жагдайларда, Конституциялык палата Эмгек кодексинин 427-беренеси бул мыйзам жоболору боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан алардын Конституцияда белгиленген тартипте, саясий кызмат орундарына дайындала турган шайлануучу, бекитилүүчү адамдарга карата канчалык деңгээлде тиешеси болсо, ошончолук Конституцияга ылайык келет деп эсептейт. Калган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан мыйзам чыгаруу менен башка кызматкерлердин айрым категорияларынын кызматка шайлануучу, бекитилүүчү, дайындалуучу жана иштен бошотуу, Конституцияга ылайык келбейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренеси бул мыйзам жоболору боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан алардын Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын ишке ашырууга карата саясий кызмат орундарына дайындала турган, шайлануучу, бекитилүүчү адамдарга карата мамиледе болгон деңгээлде Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 427-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул мыйзам жоболору административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындала турган жетектөөчү кызматкерлердин башка категорияларына карата кандайдыр бир деңгээлде ылайык келбейт деп таанылсын.
3. Мыйзам чыгаруучу орган токтотуусуз мамлекеттик кызмат орундарын саясий кызмат орундарына караштуу маселесин Конституциянын талаптарына ылайык, жөнгө салууга, ошондой эле саясий мамлекеттик кызматты өтүү тартибин жана саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын мамлекеттик-укуктук статусун аныктоого милдеттендирилсин.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
6. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы