Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 170
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдардагы бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу тутумдун иштешин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистүү кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |