Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 171
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 2-сентябрындагы № 110 "Жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринен 54,3 га кайрак айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольттуу электр чубалгыларын чыгаруу же куруу зарыл болгон учурда жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди кезектүүлүккө ылайык максаттуу бөлүштүрүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |