Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 172
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жана Орловка шаарынын аймактарында жайгашкан жер участокторун "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6 жана 384-беренелерине, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 5-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө 2014-жылдын 17-январындагы № 8-6 буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Алтынкен" ЖЧК) "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына кирген аянты 50,5 га жер участоктору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилген 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 471 АЕ уруксаттаманын колдонуу мөөнөтүнө, ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин, анын ичинде:
- 110 кВ чыңалуудагы электр берүүнүн эки чынжырлуу аба чубалгыларын куруу үчүн Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 25,92 га жери жана Чуй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарынын 16,08 га жери;
- "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенинин объектилерин жана курулмаларын куруу үчүн Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын 8,5 га жери.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсегасе алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Алтынкен» ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жана Орловка шаарынын мэриясынын ортосунда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна ижара келишимдерин түзүүнү.
3. "Алтынкен" ЖЧКга белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- берилген жер участокторуна экологиялык жана техникалык коопсуздук, алтын кенин коргоо жана өздөштүрүү бөлүгүндө эксперттик корутундулары бар тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |