Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген |
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 361, 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 321 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык геологиялык маалымат ресурстары ачык жана акы төлөмө болуп саналат.
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануунун эки деңгээли белгиленет:
1) таанышуучу - маалыматты Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен сыртка алып чыкпастан жана көчүрмөсүн албастан геологиялык маалыматты изилдөө деңгээли;
2) пайдалануучу - азыркы учурда иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучуларынын жеке менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтан тышкары, кыйла толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген деңгээли.

3. Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун иш тартиби жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында гана жол берилет.
Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайлары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана ишканаларынын кызматтык жайлары болуп саналат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө акылуу кызматкерлери жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык кызматтык жайларда иштөө үчүн геологиялык маалымат ресурстарын алышат.
5. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга уруксат алуу үчүн жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык таризделген ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган билдирме жиберилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Пайдалануучуларга Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында видео-фото жана башка ыкмалар менен берилген маалыматтын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат.
8. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу укугун алууга берилген билдирмелер билдирмелерди каттоо журналында катталат. Билдирмелерди каттоо жана геологиялык маалымат ресурстарын түздөн-түз пайдаланууну камсыздоо жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
9. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, билдирменин каттоо датасынан тартып үч күндүк мөөнөттө геологиялык маалыматты берүү жана аны пайдалануу үчүн акынын айкын өлчөмү жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө билдирүүчүнү кабарлайт же геологиялык маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөсү көрсөтүлгөн билдирүү жиберет.
10. Оң тарабына каралган чечимдин негизинде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөө жөнүндө квитанция берилгенден кийин геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга жол берилет.
11. Билдирмеде көрсөтүлгөн геологиялык маалыматты берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) билдирме ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген талаптарды бузуу менен берилгенде;
2) билдирүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипке ылайык пайдаланууга чектөө коюлган маалымат алууга уруксаты жок болгондо.
12. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жана кызматкерлери геологиялык маалымат ресурстарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле алар уруксатсыз бергендиги үчүн материалдык, административдик же жазык жоопкерчилигин тартышат.
13. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануудан баш тартуу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда арыз ээси сотко кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 361 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматты камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалымат өндүрүмдөрү (мындан ары - геологиялык маалымат ресурстары) үчүн төлөмдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Геологиялык маалымат ресурстары үчүн төлөмдүн коюмдарын жана өлчөмүн аныктоодо геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу деңгээли, жер казынасынын объектисин изилдөө стадиясы, суралган маалыматтын көлөмү жана түрү эсепке алынат.
15. Таанышуу деңгээлинде, маалыматты алып жүрүүчүлөрдү Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларынан сыртка алып чыкпастан жана тиешелүү түрдө геологиялык маалымат ресурстардан кандайдыр бир көчүрмө алуу укугун бербестен, пайдалануу үчүн билдирүүчү геологиялык маалымат ресурстары менен иштөөнүн ар бир саатына эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө акы төлөйт.
16. Геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген пайдалануучунун деңгээлин алуу үчүн билдирүүчү пайдалануунун таанышуу деңгээлин алуу үчүн, ошондой эле керектүү геологиялык материалдардын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрүнө акы төлөйт.
Төлөмдү эсептөөдө тексттик маалыматтын ар бир барагына жана картографиялык маалыматтын графикалык материалынын ар бир дм2 үчүн базалык көрсөткүчтөрүнө ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык коэффициенттер колдонулат. Тексттик материалдар үчүн базалык көрсөткүч эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнөн 10 пайызга, ал эми графикалык материалдын 1 дм2 үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн - 50 пайызына барабар.
17. Геологиялык маалымат пакетинин баасы, конкурс жарыялоодо геологиялык маалымат пакетинин баасын кошпогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануучуга жер казынасынын пайдаланууга берилген участогуна таандык геологиялык маалымат ресурстарынын наркынан түзүлөт.
Конкурсту жарыялоодо геологиялык маалымат пакетинин баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан конкурстун ар бир объектиси боюнча өзүнчө белгиленет.
18. Студенттер, аспиранттар, докторанттар, илимий даражаны изденүүчүлөр, ошондой эле алар окуган же аспирантурада (докторантурада) катталган окуу мекемелери же илимий-изилдөө уюмдары тарабынан илимий изилдөөлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон геологиялык маалымат пайдаланууга таанышуу деңгээлинде берилет. Чектөө грифтери жок болгон учурда, студенттер, аспиранттар, докторанттар, илимий даражаны жактоочулар, ошондой эле билим берүү мекемелери же илимий-изилдөө уюмдары геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулушат.
19. Мамлекеттик органдарга өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон геологиялык маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Геологиялык маалымат мамлекеттик ишканаларга жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге төлөө мөөнөтүн көрсөтүп, тиешелүү келишимди түзүү аркылуу үч жылдан ашпаган мөөнөткө төлөө мөөнөтүн жылдыруу менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн төлөмдөр жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө, анын ичинде керектүү жабдыктарды сатып алууга жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн геологиялык маалымат ресурстарын даярдоого түздөн-түз катышкан кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө багытталат.
|
| Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүгө ТАБЫШТАМА
1. Билдирүүчү жөнүндө маалымдар: _______________________________________________________________________ |
________________________________________________________________________________________________________ (юридикалык жактар үчүн - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери (почта индекси жана катталган дареги (анын ичинде е-mail, телефон), маалымат алуучунун аты-жөнү, жеке жактар үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин тастыктоочу документтин маалымдары). |
2. Геологиялык маалымат алуунун максаты (чектөө коюлган маалымат үчүн пайдалануу деңгээли көрсөтүлөт: _________________________________________________________________________________________________________ |
_________________________________________________________________________________________________________ (жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик контракттар боюнча иштерди аткаруу, илимий, окуу жана башка максаттар) |
3. Суралган маалыматтын тизмеси (геологиялык маалымат фондунун каталогуна ылайык берүүнүн түрүн жана ыкмасын көрсөтүү менен): _________________________________________________________________________________ |
_________________________________________________________________________________________________________ |

4. Чектөө коюлган маалыматты пайдаланууга ________________________________________________________________ |

_______________________________________________________________________________ негизинде уруксат берилген. |
(уруксат берүүчү документтин көчүрмөлөрү тиркелет) |
5. Суралган пайдалануунун деңгээли _______________________________________________________________________ |

6. Төмөнкүлөргө милдеттенбиз: - геологиялык маалыматты үчүнчү жактарга бербөөгө; - чектөө коюлган маалыматты ачыкка чыгарбоого. 7. Геологиялык маалыматты пайдалануу үчүн акы төлөөгө кепилдик беребиз. |
Дата: ________________________________________ |
Билдирүүчүнүн кол тамгасы: ___________________ |
Мөөр (юридикалык жактар үчүн) |
|
| Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга уруксат берүү жана кагаз түрүндөгү же электрондук көчүрмөлөрүн алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөмдү эсептөөдө колдонулган КОЭФФИЦИЕНТТЕРДИН ТАБЛИЦАСЫ
Геологиялык маалымат ресурстарынын классификациялык категориялары | Коэффициенттердин мааниси |
а) Региондук геологиялык изилдөө | 1 |
б) Издөө иштеринин стадиясы | 2 |
в) Алдын ала чалгындоо стадиясы | 2,5 |
г) Толук чалгындоо стадиясы | 5 |
д) Кенди өздөштүрүү стадиясы | 7 |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген |
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 361, 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 321, 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык геологиялык маалымат ресурстары ачык жана акы төлөмө болуп саналат.
Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануунун эки деңгээли белгиленет:
1) таанышуучу - маалыматты Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имаратынын чегинен сыртка алып чыкпастан жана көчүрмөсүн албастан геологиялык маалыматты изилдөө деңгээли;
2) пайдалануучу - азыркы учурда иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучуларынын жеке менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтан тышкары, кыйла толук геологиялык маалыматты камтыган документтердин электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген деңгээли.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун иш тартиби геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында гана жол берилет.
Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайлары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана ишканаларынын кызматтык жайлары болуп саналат.
Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө акылуу кызматкерлери жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык кызматтык жайларда иштөө үчүн геологиялык маалымат ресурстарын алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик сырды түзүүчү геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга уруксат алуу үчүн геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык таризделген ыйгарым укуктуу адамдын колу коюлган билдирме жиберилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 547 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Пайдалануучуларга Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларында видео-фото жана башка ыкмалар менен берилген маалыматтын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат.
8. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу укугун алууга берилген билдирмелер билдирмелерди каттоо журналында катталат. Билдирмелерди каттоо жана геологиялык маалымат ресурстарын түздөн-түз пайдаланууну камсыздоо геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган, билдирменин каттоо датасынан тартып үч күндүк мөөнөттө геологиялык маалыматты берүү жана аны пайдалануу үчүн акынын айкын өлчөмү жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө билдирүүчүнү кабарлайт же геологиялык маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөсү көрсөтүлгөн билдирүү жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Оң тарабына каралган чечимдин негизинде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөө жөнүндө квитанция берилгенден кийин геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга жол берилет.
11. Билдирмеде көрсөтүлгөн геологиялык маалыматты берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) билдирме ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген талаптарды бузуу менен берилгенде;
2) билдирүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипке ылайык пайдаланууга чектөө коюлган маалымат алууга уруксаты жок болгондо.
12. Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жана кызматкерлери геологиялык маалымат ресурстарын сактоо үчүн жоопкерчилик тартышат, ошондой эле алар уруксатсыз бергендиги үчүн материалдык, административдик же жазык жоопкерчилигин тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануудан баш тартуу административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда арыз ээси сотко кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 361 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматты камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалымат өндүрүмдөрү (мындан ары - геологиялык маалымат ресурстары) үчүн төлөмдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Геологиялык маалымат ресурстары үчүн төлөмдүн коюмдарын жана өлчөмүн аныктоодо геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу деңгээли, жер казынасынын объектисин изилдөө стадиясы, суралган маалыматтын көлөмү жана түрү эсепке алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Таанышуу деңгээлинде, маалыматты алып жүрүүчүлөрдү Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун имарат-жайларынан сыртка алып чыкпастан жана тиешелүү түрдө геологиялык маалымат ресурстардан кандайдыр бир көчүрмө алуу укугун бербестен, пайдалануу үчүн билдирүүчү геологиялык маалымат ресурстары менен иштөөнүн ар бир саатына эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө акы төлөйт.
16. Геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүнчүлүк берген пайдалануучунун деңгээлин алуу үчүн билдирүүчү пайдалануунун таанышуу деңгээлин алуу үчүн, ошондой эле керектүү геологиялык материалдардын электрондук же кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрүнө акы төлөйт.
Төлөмдү эсептөөдө тексттик маалыматтын ар бир барагына жана картографиялык маалыматтын графикалык материалынын ар бир дм2 үчүн базалык көрсөткүчтөрүнө ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык коэффициенттер колдонулат. Тексттик материалдар үчүн базалык көрсөткүч эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүнөн 10 пайызга, ал эми графикалык материалдын 1 дм2 үчүн эсептешүү көрсөткүчүнүн - 50 пайызына барабар.
17. Геологиялык маалымат пакетинин баасы, конкурс жарыялоодо геологиялык маалымат пакетинин баасын кошпогондо, геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануучуга жер казынасынын пайдаланууга берилген участогуна таандык геологиялык маалымат ресурстарынын наркынан түзүлөт.
Конкурсту жарыялоодо геологиялык маалымат пакетинин баасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан конкурстун ар бир объектиси боюнча өзүнчө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Студенттер, аспиранттар, докторанттар, илимий даражаны изденүүчүлөр, ошондой эле алар окуган же аспирантурада (докторантурада) катталган окуу мекемелери же илимий-изилдөө уюмдары тарабынан илимий изилдөөлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон геологиялык маалымат пайдаланууга таанышуу деңгээлинде берилет. Чектөө грифтери жок болгон учурда, студенттер, аспиранттар, докторанттар, илимий даражаны жактоочулар, ошондой эле билим берүү мекемелери же илимий-изилдөө уюмдары геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулушат.
19. Мамлекеттик органдарга өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон геологиялык маалыматтарды берүү акысыз жүргүзүлөт. Геологиялык маалымат мамлекеттик ишканаларга жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге төлөө мөөнөтүн көрсөтүп, тиешелүү келишимди түзүү аркылуу үч жылдан ашпаган мөөнөткө төлөө мөөнөтүн жылдыруу менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Геологиялык маалымат ресурстарына жетүү (пайдалануу) үчүн төлөмдөр геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө, анын ичинде башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды, керектүү жабдууларды сатып алууга жана геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органдын кызматкерлерине төлөөгө багытталат.