Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-марты № 180
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйресүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы Мыйзамы менен ратификацияланган Табигый газды Кыргыз Республикасынын аймагына жиберүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2014-жылдын 7-февралында болгон "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акционерлеринин төмөнкү маселелер боюнча кезексиз жалпы чогулушу жөнүндөгү маалыматы көңүлгө алынсын:
- "КыргызгазПром" туунду жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүштү тикелей сатуу жолу менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) менчигине өткөрүп берүү жөнүндө;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коомун жоюу жана "КыргызгазПром" туунду жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүшүн сатуу боюнча бүтүмдү ишке ашыргандан кийин жоюу комиссиясын дайындоо жөнүндө.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун чечими жактырылсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин Милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |