Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-февралындагы № 93
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27мартындагы № 182 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (мындан ары - РПОБМ) калкты протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо тартибин аныктайт.
2. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздоо акысыз жана акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
Акысыз негизде протездик-ортопедиялык буюмдар "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка мыйзамдар менен кепилденген акысыз протездик-ортопедиялык тейлөөгө укугу бар адамдарга ушул Жободо белгиленген тартипте берилет.
Акы төлөнүүчү негизде протездик-ортопедиялык буюмдар менен протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж, бирок майыптуулук тобу болбогон, дарыгердин жолдомосу бар адамдар ушул Жободо белгиленген тартипте камсыз кылынат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй атоолор жана аныктамалар колдонулат:
тутор - буту-колду керектүү абалда кармоого арналган шайман;
реклинатор - келбетти түздөгүч (кыр арка үчүн);
супинатор - тамандын ич жагын кармоо үчүн арналган ортопедиялык батек;
пронатор - бут кийимге салынуучу, тамандын ар кандай деформациясында колдонулуучу атайын батек;
Цито шинасы - 4 айга чейинки курактагы балдарда жамбаш менен кашка жилик ашташкан муундагы тубаса мертинүүнү дарылоочу шайман;
Виленский шинасы - баскычтуу винти бар атайын жылдыруучу кергич;
бандаж - чуркуда ич булчуңун тартып туруу үчүн атайын курчам;
бандаждык бекемдөө - протездерди бекемдөө методу катары корсет.
4. Татаал жана аз татаалдыктагы ортопедиялык бут кийимдердин түрлөрү (ботинкалар, кончу кыска ботинкалар жана ортопедиялык аппараттарга бут кийим) кебез кездеме ичтелген хромдон жасалат.
5. Татаал ортопедиялык бут кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
- чоң кишилер үчүн бут 3 см жана андан көп кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- балдар үчүн бут 1 см жана андан көп кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- Шопар боюнча таманды кесип салуудагы ортопедиялык бут кийим;
- сөөк кургак учугу жана полиомиелит менен ооруган жарандар үчүн кеп боюнча жасалган бут кийим.
Тиешелүү көрсөтүүлөр болгон учурда ортопедиялык бут кийим катуу корсет менен жасалат.
6. Аз татаалдыктагы ортопедиялык бут кийимдерге төмөнкүлөр кирет:
- чоң кишилер үчүн бут 3 сантиметрден кыска болгондогу ортопедиялык бут кийим;
- ортопедиялык аппараттар үчүн ортопедиялык бут кийим;
- протездер үчүн бут кийим.
7. Тапшырыктарды тариздөө, даярдоо, протездик-ортопедиялык буюмдарды чактап ченөө жана берүү төмөнкү жерлерде жүргүзүлөт:
- Бишкек шаарында - РПОБМда;
- Ош шаарында - РПОБМдин филиалында;
- РПОБМдин кочмо бригадасын кабыл алуу жерлеринде.
8. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо түшкөн тапшырыктардын негизинде жүргүзүлөт. Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого тапшырыктарды тариздөөдө төмөнкүдөй документтер берилет:
- медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу;
- паспорт;
- пенсиялык ырастама;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн);
- иштеген жеринен маалымкат (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү иштеген адамдарга экинчи протез алуу үчүн);
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭКтин) маалымкаты.
Республиканын алыскы аймактарынан Бишкек шаарына келген адамдар кайрылган учурда жолдомону РПОБМ берет.
9. Протездик-ортопедиялык буюмдар тапшырыкчынын колуна берилет, ал эми почта бөлүмүнө өз алдынча келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар үйүнө жеткирилип берилет.
Бишкек шаарынан тышкары жашаган жарандарга протездик-ортопедиялык буюмдар почта аркылуу жиберилет:
- акысыз негизде алуучуларга - РПОБМдин эсебинен;
- акы төлөнүүчү негизде алуучуларга - тапшырыкчынын эсебинен.
10. Адамдарга төмөнкүдөй протездик-ортопедиялык буюмдар берилет:
- колдун протези;
- кол протезинин шаймандары;
- манжа карматкычтар;
- буттун протези;
- мултук жерге жүн жана токулган каптоочтор;
- ортопедиялык аппараттар;
- корсеттер, бандаждар;
- тизеден ылдыйкы таянычгар;
- Цито шинасы (20 сантиметрге чейин кеңейтүүчүсү бар ортопедиялык айнек);
- Виленский шинасы (темирден жасалган 20дан 60 сантиметрге чейин кеңейтүүчү);
- ортопедиялык бут кийим, батек;
- кошумча бут кийимдер;
- реклинаторлор;
- тамандуу тери шымдар;
- чакан өлчөмдүү платформа (коляска);
- тиричилик шаймандары (балдактар, таяктар);
- булгаары мээлейлер.
11. Протездик-ортопедиялык көрсөткүчтөрү болгондо акысыз протездик-ортопедиялык тейленүүгө укугу бар адамдарга ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн буюмдар берилет, ошондой эле:
- жылына эки жуп протезге жана ортопедиялык аппаратка бут кийим;
- кошумча - жумушчу протез;
- кол жана бут протездерин алган адамдардын кесилген жерине эки жүн же кебез кездемеден жасалган кап.
12. Майыптуулук тобу болбогон адамдарга дарыгердин жолдомосуна ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар акы төлөнүүчү негизде төмөнкү эсептөөлөргө ылайык берилет:
- протездик-ортопедиялык буюмдун (колдун, буттун протези, ортопедиялык бут кийим, Цито шинасы, Виленский шинасы) наркынын он пайызында (10 %);
- бандаждык буюмдардын (корсеттер, реклинатор, бандаждар) жана тиричилик шаймандарынын (балдактар, таяктар) наркынын кырк пайызында (40 %);
- курсагынын өлчөмү 110 сантиметрден чоң болгон адамдарга бандаждык буюмдардын наркынын элүү пайызында (50 %).
13. Чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт (протездик-ортопедиялык буюмдардын толук наркында).
14.Протездик-ортопедиялык буюмдарды, анын ичинде ортопедиялык бут кийимди даярдоо тапшырыкты кабыл алган күндөн тартып 35 жумушчу күндүн ичинде ишке ашырылат. Аз татаалдыктагы ортопедиялык буюмдар (Виленский шинасы, Цито шинасы, корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, батектер) 10 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө даярдалат.
15. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда стационардык дарыланууда болгон адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар кезексиз даярдалат.
16. Оңдоого тапшырыкчы буюмдарды алган күндөн баштап ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар 1 жылдан ашык колдонгон протездик-ортопедиялык буюмдар алынат.
Сапатсыз жана эскирген протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу же оңдоо акысыз протездик-ортопедиялык тейленүүгө укугу бар адамдарга кезексиз жана РПОБМдин эсебинен жүргүзүлөт.
17. Протездик-ортопедиялык буюмдарды оңдоо 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
18. Протездерди даярдоо жана даярдалган протездер боюнча талаш маселелерди чечүү үчүн РПОБМдин буйругу менен медициналык-техникалык комиссия түзүлөт.
19. Протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу тапшырыкчы буюмдарды алган күндөн бир жыл өткөндөн кийин жүр1 жүргүзүлөт.
20. Протездерге хлорвинил манжаларды жана хлорвинил кабыкчаларды алмаштыруу продукцияны алган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
21. Протездик-ортопедиялык буюмдар сынган же жараксыз болуп калган учурда аларды мөөнөтүнөн эрте алмаштыруу медициналык-техникалык комиссия тарабынан түзүлгөн актынын негизинде жүргүзүлөт.
22. Балдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды алмаштыруу антропометрикалык көрсөткүчтөрүн (бой жана салмак) эске алуу менен ишке ашырылат.
23. Даярдалган балдардын протездик-ортопедиялык буюмдарын сактоо мөөнөтү эки айды түзөт, чоңдорго - үч ай.
Протездик-ортопедиялык буюмдарды алууга тапшырыкчы өз убагында келбеген учурда РПОБМ райондук/шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу даяр продукцияны алуу зарылдыгы тууралуу маалымат жиберет.
Каза болгондугуна, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткендигине же башка себептерге байланыштуу тапшырыкчыга берилбеген протездик-ортопедиялык буюмдарды сактоонун көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктаган учурда алар РПОБМге кайтадан иштеп чыгуу жана андан ары пайдалануу максатында эсептен чыгарылат.