Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 188
Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл ай магында жайгашкан жер участогун "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5 жана 20-беренелерине ылайык, "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүшүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин убактылуу (мөөнөтсүз) пайдалануусунда турган, Чуй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагында жайгашкан, аянты 217,7 га жер участогун анда жайгашкан имараттары жана курулмалары менен "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомуна өндүрүшүн кеңейтүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коому менен Чуй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн ортосунда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага берүү келишимин түзүүнү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премеьер-минситрдин милдетин атаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж. Оторбаев |