Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 194
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жободо:
- 19-пункттун биринчи абзацындагы “альтернативалуу кызмат өтөгөн” деген сөздөр “үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалуу (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункттун б) пунктчасындагы “же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча” деген сөздөр алып салынсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 119-пунктундагы “же соттун күчүнө кирген чечими” деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |