Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-апрели № 195
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 98 "Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планында 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«
4. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөрдү белгилеген ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу: -топтолуучу пенсиялык фонддордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө талаптарды; -топтолуучу пенсиялык фонддор үчүн пруденциалдык ченемдер жана пруденциалдык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчет берүү нускамасын; -пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмүн жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин; -пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо эрежелерин жана инвестициялык портфелге талаптарды; -пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону; -пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкарууга типтүү келишимди; -депозитарийдин ишине талаптар жана депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобону; -депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө типтүү келишимди; -башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын жана акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалымат берүү тартибин жана мөөнөттөрүн; -таза пенсиялык активдердин учурдагы базар наркын эсептөө эрежесин; -камсыздандыруучу компаниялар менен өзүнүн жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу келишимдерин башкаруучу компаниялар жана депозитарийлердин түзүү тартибин |
| Мамфинкөзөмөл, Соцфонд | Ченемдик укуктук актыларды «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу. Пенсиялык топтоо каражаттарынын сакталышына карата мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу |
2014-жылдын июлу |
| |||
2014-жылдын июлу |
| |||
2014-жылдын июлу |
| |||
2014-жылдын декабры |
| |||
2014-жылдын декабры |
| |||
2014-жылдын декабры |
| |||
2014-жылдын декабры |
| |||
2014-жылдын декабры |
| |||
2014-жылдын июлу |
| |||
2015-жылдын сентябры |
| |||
2015-жылдын сентябры |
|
»
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |