Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-апрели № 199
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Товар сатып алууга жумшалуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана коргоо максатында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги:
- "Чыгарчу продукциясынын аталышы" тилкесинин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыңалуусу 6(10)/0,4кВ, кубаттуулугу 25, 40, 63, 100, 160, 250, 400, 630 кВА болгон ТМ (ТМГ) күчтүк май трансформаторлору; чыңалуусу 6(10)/04кВ, кубаттуулугу 25, 40, 63, 100, 160, 250, 400, 630 кВА комплекттүү трансформатордук көмөк чордондор; ТТ-63УЗ-50, 100, 150, 200, 300, 400 токтун трансформаторлору; кубаттуулугу 30 кВтка чейинки АГЭ чакан ГЭСи; А2К (А2КП) асинхрондуу кыймылдаткычтар; ИР, ИРМ сериясындагы чыңалуунун индукциялык регуляторлору; СД-16, 25, 40, 63, 160, 250, 400 дугостаторлору; СГВМ тибиндеги синхрондук генераторлор; жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы коммутатордук аппараттар; ПР-01 УХЛ кыймылга келтирүүчү РЛНД-10/400 ажыраткычтары; РВ 250 (400) А туташтыргыч рубильниктер; электрдик башкаруу шкафтары (БШ); КСО; КРУН; түрдүү модификациядагы жарык-техникалык буюмдар; жылуулук электр станциялары үчүн от казан жабдуусу; электр, газ, суу эсептегичтери; 6-10 кВ чыңалуудагы, 25-630 кВА кубаттуулуктагы трансформаторлор үчүн комплекттөөчү жана запастык тетиктер (магнит өткөргүч, ором блоктору, бактар, изоляторлор, резина-техникалык буюмдар), 2000 кВт чейинки кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычтары жана генераторлор үчүн комплекттөөчү жана запастык тетиктер (статор жана ротор үчүн секциялар, подшипник такталары, ротор үчүн валдар) товарларды жеткирип берүүнү коштоп жүрүүчү кызмат көрсөтүүлөрү менен".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |