Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 166
ЭӨФ №TF012781 гранты- мамлекеттик сектордо ички аудит долбоору үчүн потенциалды өнүктүрүүгө Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ЭӨФ) гранты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жанаөнүктүрүү банкы (Дүйнөлүк банк) ортосунда Макулдашуу – катты бекитүү тууралуу
ЭӨФ №TF012781 гранты - мамлекеттик сектордо ички аудит долбоору үчүн потенциалды өнүктүрүүгө Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ЭӨФ) гранты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (Дүйнөлүк банк) ортосунда Макулдашуу – каттынченемдери менен каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЭӨФ №TF012781 гранты - мамлекеттик сектордо ички аудит долбоору үчүн потенциалды өнүктүрүүгө Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ЭӨФ) гранты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (Дүйнөлүк банк) ортосунда Макулдашуу – катбекитилсин.
2. Көрсөтүлгөн макулдашуу-катты аткаруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуу – катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |