Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-апрели № 210
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу жана автоунаа каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 649 “Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2014-жылдын 11-апрели № 210
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу
номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу жана автоунаа каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 649 “Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2014-жылдын 15-апрелинде № 28 саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |