КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 2-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун иштерин уюштурууну тартипке келтирүү максатында, ошондой эле "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин тиркелген эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Ф. Кулов |