Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 9-марты № 148
Курулуш тармагындагы уюмдарга жана ишканаларга 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Чыгарылган продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапат чөйрөсүндө кыйла натыйжаларга жетишкендиги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңештин чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы төмөнкү курулуш тармагындагы уюмдарга жана ишканаларга ыйгарылсын:
- Бишкек шаарындагы "Бишкеккурулуш" долбоордук-курулуш фирмасынын ачык акционердик коомуна;
- Чүй облусундагы "№ 4 курулуш башкармалыгы" ачык акционердик коомуна;
- Чүй облусундагы "Интергласс" жоопкерчилиги чектелген коомуна.
2. Конкурска активдүү катышкандыгы үчүн 2005-жылга сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен курулуш тармагындагы төмөнкү ишканалар сыйлансын:
- Бишкек шаарындагы "Биор" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Бишкек шаарындагы "Бабек ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Бишкек шаарындагы "Проммонтаж" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Бишкек шаарындагы "Электрофарфор" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Бишкек шаарындагы "Виндоорс" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Чүй облусундагы "Силикат" ачык акционердик коому;
- Бишкек шаарындагы "ТББ заводу" ачык акционердик коому;
- Бишкек шаарындагы "Монтажник" жоопкерчилиги чектелген коому;
- Бишрек шаарында "Кыргызгипрострой" ачык акционердик коому.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр |
| Ф.Кулов |