Загрузка документа…
КР 2003-жылдын 15-январындагы № 20 Мыйзамы менен ратификацияланган
| Киев шаары 1999-жылдын 22-июлу |
Бул Макулдашуунун Мүчө-мамлекеттери (мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар),
дүйнөлүк рынокторго нефтини жана газды ташуунун коопсуз жолдору Тараптардын мындан ары өрчүп-өнүгүшүндө жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойной тургандыгын таанышып,
башка кызыккан Мамлекеттер, ошондой эле углеводород ресурстарын иштетүүнү инвестициялап жаткан жергиликтүү жана чет элдик компаниялар менен кызматташууда нефтини жана жаратылыш газын жана (же) аларды иштетүүдөн пайда болгон продукттарды ташуу, анын ичинде транзит боюнча чечимдерди кабыл алууда бардык укуктук, техникалык, коммерциялык, экологиялык жана финансылык факторлорду көңүлгө алуу зарылчылыгын моюнга алышып,
нефть жана газ секторлорунда Европалык союздагы өлкөлөрдө колдонулуп жаткан эрежелер менен нормалар сыяктуу рыноктук экономика эрежелерин сакташып жана нефть менен газ секторундагы транзиттик иш-аракеттерди жөнгө салуучу эл аралык эрежелер менен практиканы өнүктүрүүгө өздөрүнүн салымын кошууну каалашып,
инвестициялык жана транзиттик тобокелдерди төмөндөтүүдө мамлекеттер негизги ролду ойной тургандыгын моюнга алышып,
чет элдик инвестицияларды жана инвесторлорду эл аралык практикада кабыл алынган эл аралык экономикалык стандарттарга жана укуктук нормаларга ылайык коргоо, көмөктөшүү жана мамиле жасоо нефтини жана газды ташуу секторун өнүктүрүүнүн тийиштүү чаралары экендигин билдиришип,
эл аралык нефть жана газ өнөр жайында колдонулуп жаткан нормаларга жана практикага ылайык Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын натыйжалуу иштетүүнү камсыз кылуучу жалпы эрежелерди жана жолдорду орнотууга ниеттенишип,
Энергетикалык Хартия жөнүндө Келишимде жарыяланган принциптерди көңүлгө алышып,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1. Бул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөндөгүдөй маанилерге ээ:
I. Курулуш-нефтини жана газды ташуунун жаңы системаларын же болбосо нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасындагы ар кандай жаңы участокту куруу;
II. Бул Макулдашуунун 8-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн Атайын комитет-жаратылыш кырсыктары, жер титирөөлөр, радиоактивдүү же химиялык булгануу, граждандык тополоң, терроризм же саботаж актылары, кылмыштык зыян келтирүү жана ушуга окшогон башка окуялар болгон учурда, бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасындагы объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо үчүн ар бир мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан алардын аймактарынын ичинде жасалган бардык кадамдарды, чараларды жана биргелешкен иш-аракеттерди тастыктоо боюнча сунуштарды көрсөтүүгө укуктуу болгон бардык Мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турган комитет;
III. Долбоорду ишке ашыруунун биргелешкен формасы - бул Макулдашуунун 7-статьясында көрсөтүлгөндөй, бир юридикалык жактын же юридикалык жактардын тобунун эки же андан ашык өзүнчө милдеттерди аткарышы каралган Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын түзүү үчүн Мүчө-мамлекеттер тандап алган кызматташуунун формасы же болбосо бардык башка биргелешкен формасы;
IV. Бул Макулдашуунун 8-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн Мамлекеттер аралык комитет - бардык мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн, бул Тараптардын атынан жана алардын кызыкчылыктары үчүн нефтини жана газды ташуунун бир же бир нече системаларын түзүү боюнча алардын чечимдеринин аткарылышын контролдоо укуктарына ээ болгон комитет;
V. Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасы - бирден ашык мамлекеттердин аймагын кесип өтүүчү нефтини же жаратылыш газын жана (же) аларды иштетүүдөн пайда болгон продукттарды ташуу системасы;
VI. Техникалык жактан тейлөө - Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын же болбосо мындай системадагы бардык участокту же объектини тийиштүү техникалык жана экологиялык стандарттарга жана коопсуздук нормаларына ылайык жакшы абалда сактоо үчүн керектүү техникалык чаралар;
VII. Техникалык жактан тейлөө үчүн жооптуу орган - Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын же анын бардык участогун техникалык жактан тейлөө милдеттерин аткаруу максатында бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн же тандалып алынган юридикалык жак же юридикалык жактардын тобу;
VIII. Иштетүү - Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасынын тийиштүү эрежелерге жана инструкцияларга ылайык дайыма, тынымсыз, тийиштүү түрдө жана натыйжалуу иштеши үчүн керектүү бардык иш-аракеттер;
IX. Иштетүүчү орган - Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын иштетүү үчүн бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн же тандалып алынган юридикалык жак же юридикалык жактардын тобу;
Х. Бул Макулдашуунун 3- жана 6-статьяларында эскерилген Башка кызыккан юридикалык жактар - бул Макулдашуунун 13-статьясында көрсөтүлгөн Ыйгарым укуктуу компетенттүү органдар;
ХI. Мүчө-мамлекеттер - бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасы алардын аймактары аркылуу өткөн мамлекеттер;
ХII. Преамбулада жана 3-статьяда айтылган Практика жана адаттар өнөр жайдын же рыноктун белгилүү бир тармактарында иштеп жаткан адистер тарабынан аныкталган жана жалпы таанылган мындай өнөр жайдын же рыноктун тармагындагы конкреттүү техникалык, коммерциялык жана финансылык иш-аракеттерди жүргүзүү формалары жана ыкмалары;
XIII. Долбоор - бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасынын чегинде пландаштырылган жана каралган конкреттүү иш-аракеттер же иш-аракеттердин түрлөрү;
XIV. Долбоорду башкаруу - инженердик кызмат көрсөтүүлөргө, жабдууга, техникалык жактан көзөмөлдөөгө жана контролдоого, курулуш иштерин жетектөөгө жана иш графигине, сапаттык талаптарына жана чыгымдарына ылайык мындай долбоорго жалдама кызматын көрсөтүүгө байланышкан иш-аракеттерди тастыктоочу жана көзөмөлдөөчү Нефтини жана газды ташуунун Мамлекеттер аралык Системасын реабилитациялоо же куруу боюнча долбоорду бүтүндөй ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жооптуу көп профилдүү топтун иш-аракеттерин мобилизациялоо;
XV. Долбоорду башкаруу органы - долбоорду башкаруу функцияларын аткаруу үчүн бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн же тандалып алынган юридикалык жак же юридикалык жактардын тобу;
XVI. Эгерде долбоорду башкаруу (долбоор аяктаганга чейин) жана долбоорду иштетүү (ал аяктагандан кийин) боюнча кош фунцияларды аткаруу бул Макулдашуунун 6-статьясынын 2-пунктуна ылайык бир юридикалык жакка же юридикалык жактардын тобуна тапшырылбаса, Долбоорду башкаруу органы жана Иштетүү органы, бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык долбоордун ар кандай эки баскычында - ишке ашырууда жана иштетүүдө катыша турган ар башка эки орган болушу мүмкүн;
XVII. Протокол же Протоколдор - бул Макулдашууда көрсөтүлгөн негизги принциптерге, эрежелерге жана процедураларга ылайык бул Макулдашуунун чегинде жана аны ишке ашуруу учурунда эки же андан көп Тараптардын ортосунда түзүлгөн жана кийин ага тиркелген бардык кийинки макулдашуу же макулдашуулар;
XVIII. Реабилитациялоо - Нефтини жана газды ташуунун бардык бар болгон Мамлекеттер аралык Системасын же мындай системадагы бардык участокту калыбына келтирүү, реконструкциялоо, жаңыртуу, узартуу же оңдоо;
XIX. Рамкалык Макулдашуу - бул Макулдашууну ишке ашыруунун, ошондой эле ал тарабынан түзүлгөн институционалдык негиздердин алкагында иштеп жаткан бардык үчүнчү тараптарды коргоонун негизги принциптерине, эрежелерине жана процедураларына байланыштуу керектүү структураны түзүүчү ушул Макулдашуу.
2. Бул Макулдашуудагы аталыштар шилтемелерди жеңилдетүү үчүн жасалат жана бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүгө таасирин тийгизбейт.
1-статья. Башкы милдеттенме
Тараптар нефтини жана газды ташуунун бар болгон системаларын реабилитациялоо, керек болгон учурда нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык жаңы системаларын куруу жолу менен өз ара пайдалуу шарттарда нефтини жана газды ташуунун бир же бир нече мамлекеттер аралык системаларын түзүү, ошондой эле ушул системаларды иштетүү жана техникалык жактан тейлөө максатында бул Макулдашуунун чегинде кызматташышат.
2-статья. Колдонуу чөйрөсү
1. 1-статьяны ишке ашыруу үчүн Тараптар апар өздөрүнүн аймактары аркылуу өткөн бар болгон же курулуп жаткан нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системаларындагы участокторду бул Макулдашууга ылайык түзүлө турган, тейлене турган жана иштетиле турган нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системасына бириктирүүнү каалагандыгын, ошондой эле нефтини жана газды ташуунун жогоруда аталган системаларынын курамдык бөлүгү катары кайсы жаңы участокторду курууга, тейлөөгө жана иштетүүгө алардын макул экендигин өзүнчө Протоколдо көрсөтүү үчүн башка Тараптар менен кош тараптуу жана (же) көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү же жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашышты.
2. Бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун эки же андан ашык мамлекеттер аралык системаларынын ортосунда бириктиргич звенолорду түзүүгө зыян келтирбестен, мындай ташуу системалары техникалык, коммерциялык, финансылык жана экологиялык ченөлчөмдөр боюнча даярдалган, финансыланган, реабилитацияланган, курулган, Техникалык жактан тейленген жана иштетилген автономдуу долбоорлор катары каралышы мүмкүн. Ар бир Тарап Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бирден ашык системасын түзүү жөнүндө башка Тараптар менен макулдаша алат.
3-статья. Иштетүү
1. 7-статьянын 2-пунктуна зыян келтирбестен жана бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун бардык мамлекеттер аралык системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуучу эрежелерди кароо зарылчылыгын көңүлгө алып, бардык мындай системаны иштетүү Мүчө-мамлекеттердин макулдашуусу боюнча сүйлөшүүлөр жолу менен талкуулана турган жана Мүчө-мамлекеттер жана керек болгон учурда башка кызыккан юридикалык жактар менен макулдашыла турган принциптерге, нормаларга жана процедураларга ылайык түзүлө турган же тандалып алына турган жалпы Иштетүү органына тапшырылышы мүмкүн.
2. Иштетүү органы Мүчө-мамлекеттер тарабынан түзүлгөн Нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасы аларга ылайык иштетилүүгө тийиш принциптерди жана нормаларды аныктаган мындай Тараптар жана керек болгон учурда башка кызыккан юридикалык жактар менен биргелешип иштетүү жөнүндө Макулдашуу түзө алат.
3. 7-статьяга зыян келтирбестен жана эгерде Макулдашууга тиркелген кийинки Протоколдо башкача каралбаса, жалпы Иштетүү органы нефть жана газ өнөр жайынын эл аралык стандарттарын эске алып, нефтини жана газды ташуу жөнүндө Макулдашууларга ылайык нефтини жана газды сатып алуучуларга жана (же) алып келүүчүлөргө же болбосо атайын макулдашуу боюнча транспорттук кызматтарга укуктуу болгон башка юридакалык жактарга жалаң гана мындай ташуу кызматын көрсөтө алат.
4-статья. Реабилитациялоо жана куруу
1. Эгерде бул Макулдашууда түздөн-түз башкача каралбаса, ар бир Мүчө-мамлекет эки же андан көп Тараптардын нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же андан ашык системаларын түзүүгө тийиштүү чечимин ишке ашырууда бул Тараптын аймагында колдонулуп жаткан ички эрежелерге жана нормативдик актыларга ылайык анын аймагы аркылуу өткөн нефтини жана газды ташуунун бар болгон мамлекеттер аралык системасын реабилитациялоого жана анын аймагы аркылуу өткөн нефтини жана газды ташуунун бардык мамлекеттер аралык жаңы системасын курууга укуктуу.
2. 1-пункттун жоболору Тараптардын башка Мүчө-мамлекеттер менен өздөрүнүн аймактары аркылуу өткөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасындагы участокторду реабилитациялоо жана куруу жөнүндө башка макулдашууларды түзүү укугунан ажыратпайт. Бул максатта бир же бир нече Мүчө-мамлекеттер өздөрүнүн аймактарында жайгашкан объектилерди долбоорлоо, реабилитациялоо жана куруу иштерин Мүчө-мамлекеттердин жалпы чечими боюнча түзүлгөн же тандалып алынган юридикалык жакка же юридикалык жактардын тобуна тапшыруу чечимин кабыл алышы мүмкүн.
3. Бирден ашык Мүчө-мамлекеттер тарабынан түзүлүп жаткан нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же андан ашык системаларын натыйжалуу иштетүүнү жана техникалык бирдейлигин камсыз кылуу максатында, 1- жана 2-пункттарга ылайык нефтини жана газды ташуунун бир же андан ашык мамлекеттер аралык системаларындагы мамлекеттик ички участокторду реабилитациялоого жана курууга тийиштүү келишимдерди түзүүдө мындай Мүчө-мамлекеттер нефть жана газ өнөр жайында эл аралык кабыл алынган өздөрү макулдашышкан техникалык өзгөчөлүктөрдү колдонууга макул болушту.
5-статья. Техникалык жактан тейлөө
1. 4-статьянын жоболору бул Макулдашууга ылайык реабилитацияланган же кайрадан курулган нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системаларындагы участокторду техникалык жактан тейлөөгө бирдей тийиштүү.
2. 3-статьянын 1-пунктунун жоболоруна ылайык жалпы Иштетүү органы бул Макулдашуу боюнча түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын иштеткен учурда жана эгерде мындай системаны техникалык жактан тейлөө 3-статьяда каралгандай жалпы Иштетүү органынын курамына кирбеген юридикалык жакка же юридикалык жактардын тобуна тапшырылса, мындай транспорттук системаны техникалык жактан тейлөөгө жооптуу болгон юридикалык жак же юридикалык жактардын тобу бул статьянын негизинде түзүлүүчү Техникалык жактан тейлөө жөнүндө Макулдашууда жана 3-статьянын 2-пунктунда каралган Биргелешип иштетүү жөнүндө Макулдашууда түздөн-түз аныкталгандай жалпы Иштетүү органынын контролунун жана көзөмөлүнүн астында иштейт.
6-статья. Долбоорду башкаруу
1. Бул Макулдашууга ылайык нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын түзүү жөнүндө өздөрүнүн чечимдерин аткарууда Мүчө-мамлекеттер жана керек болгон учурда жана эгерде макул болсо, башка кызыккан юридикалык жактар мындай мамлекеттер арапык ташуу системасынын долбоорунун техникалык-экономикалык негиздөөсүн даярдоонун жана аны реабилитациялоону жана курууну байкоонун толук жоопкерчилигин сүйлөшүүлөр жолу менен талкуулана турган жана Мүчө-мамлекеттер жана керек болгон учурда башка кызыккан юридикалык жактар менен макулдаша турган өз ара алгылыктуу принциптерге, нормаларга жана процедураларга ылайык Мүчө-мамлекеттер тарабынан жана керек болгон учурда башка кызыккан юридикалык жактар тарабынан түзүлүүчү же тандалып алынуучу Долбоорду башкаруунун жалпы органына тапшыра алат.
2. 7-статьянын 2-пунктундагы жоболорго зыян келтирбестен, бул Макулдашуудагы эч нерсе Мүчө-мамлекеттердин жана керек болгон учурда башка кызыккан юридикалык жактардын долбоорду башкаруу Органынын милдеттерин 3-статьянын 1-пунктунда каралган жалпы Иштетүү органына өткөрүп беришине жолтоо болбойт.
7-статья. Долбоорду ишке ашыруунун биргелешкен формалары
1. Бул Макулдашууга ылайык бардык өзүнчө мамлекеттер аралык транспорттук системаны түзүүдө көрсөтүлө турган белгилүү-бир техникалык, коммерциялык жана финансылык талаптарды көңүлгө алышып, Мүчө-мамлекеттер:
а) реабилитациялоо (куруу) жана техникалык жактан тейлөө милдеттери боюнча 5-статьянын 1-пункту менен бирге 4-статьянын 2-пунктунда;
б) техникалык жактан тейлөө жана иштетүү функциялары боюнча 3-статьянын 1-пунктунда;
в) долбоорду башкаруу жана иштетүү функциялары боюнча 6-статьянын 2-пунктунда;
г) долбоорду башкаруу, иштетүү жана техникалык жактан тейлөө милдеттери боюнча 5-статьянын 2-пункту менен бирге 6-статьянын 2-пунктунда тагыраак көрсөтүлгөн, Мүчө-мамлекеттер тарабынан түзүлгөн же тандалып алынган юридикалык жакка же юридикалык жактардын тобуна 3-6-статьяларда өзүнчө эскерилген эки же андан ашык милдеттерди өткөрүп берүүнү макулдаша алышат.
2. Тараптар бул Макулдашууга ылайык нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системаларын түзүү жөнүндөгү өздөрүнүн чечимдерин ишке ашыруу максатында долбоорду ишке ашыруунун бардык башка формасын, анын ичинде биргелешип иштетүүнү беките алат жана аны менен гана чектелбейт.
8-статья. Тараптардын юрисдикциясына гана тийиштүү маселелер
1. Бул Макулдашууга ылайык нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системаларын түзүү жөнүндөгү чечимдерди ишке ашырууда Мүчө-мамлекеттер өзүнчө Протокол менен бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасындагы мамлекеттик ички участокторду долбоорлоого, финансылоого, реабилитациялоого, курууга, техникалык жактан тейлөөгө жана иштетүүгө байланышкан социалдык жактан коргоо, эмгек мыйзамдары, курулуш инструкциялары, лицензиялоо процедуралары, коопсуздук жана ден-соолукту сактоо чаралары, фискалдык жана бажы маселелери, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдары жөнүндө маселелерди камтыган, бирок аны менен гана чектелбеген, Мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле алардын аймактарында иштеп жатышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын юрисдикциясын алардын өз аймактарында гана колдонууга тийиштүү маселелерди жөнгө салуучу эрежелерди аныкташат.
2. Эгерде бул Макулдашууда же ага тиркелген кийинки Протоколдордо башкача каралбаса, бир дагы Тарап бул Макулдашуу же ага тиркелген кийинки Протоколдор күчүнө киргенден кийин бул Макулдашууга жана ага тиркелген кийинки Протоколдорго ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын долбоорлоо, финансылоо, реабилитациялоо, куруу, техникалык жактан тейлөө жана иштетүү шарттарын начарлата тургандай кылып, өзүнүн улуттук мыйзамдарын өзгөртпөйт. Бул Макулдашуунун жоболору же ага тиркелген кийинки Протоколдор Тараптардын улуттук мыйзамдарына дал келбеген учурда, бул Макулдашуунун жоболору артыкчылыкка ээ болот.
3. Тараптар бул Макулдашууга кийин тиркелген Протокол аркылуу Мүчө-мамлекеттердин атынан жана алардын кызыкчылыктары үчүн бул Макулдашууга ылайык нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системаларын түзүү жөнүндө алардын чечимдерин контролдоочу ыйгарым укуктуу Мамлекеттер аралык комитетти түзүү максатында кызматташышат.
4. Тараптар бул Макулдашууга кийин тиркеле турган Протокол аркылуу жаратылыш кырсыктары, жер титирөө, радиоактивдүү же химиялык булгануу, граждандык тополоң, терроризм жана саботаж актылары, кылмыштык зыян келтирүү жана ушуга окшогон башка окуялар болгон учурда, бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системаларынын объектилерин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн аймактарынын чегинде ар бир мүчө-мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан жасалган кадамдарды, чараларды жана биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо боюнча сунуштарды киргизе турган ыйгарым укуктуу Атайын комитетти түзүү максатында кызматташышат. Мындай окуялар Атайын комитеттин функциялары жана укуктары сыяктуу эле Мүчө-мамлекеттер тарабынан бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык ар бир өзүнчө системалары үчүн өз ара алгылыктуу негизде аныкталат.
5. Бул Макулдашууга тиркелген кийинки Протоколдор бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзөт жана мындай Протоколдорго кол коюшкан Тараптар үчүн гана колдонулат.
9-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо
Бул Макулдашууну ишке ашырууда Тараптар жергиликтүү экологиялык шарттарды эске алышып, климатты өзгөртүү боюнча БУУнун Рамкалык Келишиминин Киото Протоколунда жана энергиялык натыйжалуулук жана тийиштүү экологиялык жагдайдар боюнча Энергетикалык Хартиянын Протоколунда жарыялангандай, эл аралык нормаларга ылайык өкмөттөр аралык тыгызыраак кызматташууну өнүктүрүүгө жат бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык бир же бир нече системаларын долбоорлоонун, реабилитациялоонун, куруунун, техникалык жактан тейлөөнүн жана иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон бардык терс таасирлерден айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жалпы саясатты жүргүзүүгө макул болушту.
10-статья. Улуттук мыйзамга дал келтирүү
1. Бул Макулдашуудагы Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына кошуу жана дал келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды колдонушат.
2. Эгерде бул Макулдашууда ага кийин тиркеле турган өзүнчө Протоколдун кабыл алынышы каралса же билдирилсе, бул Макулдашуунун чегинде түзүлүүчү; даярдалуучу бардык жеке долбоорду ишке ашырууда керек болгон белгилүү-бир талаптар көңүлгө алынып, мындай Протокол же Протоколдор сүйлөшүүлөр жолу менен талкууланат жана Мүчө-мамлекеттер менен макулдашылат. Мындай Протоколду же Протоколдорду Мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына кошуу жана дал келтирүү алардын Конституцияларынын жана мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
3. Тарап бул Макулдашуу жана кийин ага тиркелген Протоколдор боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда, өзүнүн улуттук мыйзамдарынын жоболоруна таяна албайт.
11-статья. Милдеттенмелерди аткаруудагы мамлекеттик жана
мамлекеттер аралык кепилдиктер
Ар бир Тарап бул Макулдашууга ылайык түзүлгөн нефтини жана газды ташуунун мамлекеттер аралык системасын долбоорлоо, реабилитациялоо, куруу, финансылоо, иштетүү жана техникалык жактан тейлөө жөнүндө бул Тарап менен бүтүм же макулдашуу түзгөн бардык башка Тараптарга, ошондой эле бардык үчүнчү тарапка карата бул Макулдашуу жана ага тиркелген кийинки Протоколдор боюнча өз милдеттерин тийиштүү түрдө жана өз убактысында аткарууга кепилдик берет.
12-статья. Чатактарды жөнгө салуу
Бул Макулдашууну же ага тиркелген кийинки Протоколдорду чечмелөөдө жана ишке ашырууда Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаштар, ошондой эле бул Макулдашууну жана ага тиркелген кийинки Протоколдорду ишке ашыруу максатында бул Макулдашуудагы Тарап менен үчүнчү тараптын ортосунда түзүлгөн бардык бүтүмдү же макулдашууну чечмелөөдө жана ишке ашырууда бул Макулдашуудагы Тарап менен бардык үчүнчү тараптын ортосунда пайда болгон бардык талаштар бул Макулдашуудагы Тараптар түзгөн өзүнчө Протоколдогу эрежелерге ылайык чечилет.
13-статья. Ыйгарым укуктуу компетенттүү органдар
1. Ар бир Тарап өзүнүн ички мыйзамдарына жана нормативдик актыларына ылайык бул Макулдашуунун аракетине дал келген (нефть жана газ) ар бир сектордо бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн улуттук органды, агентствону, мамлекеттик ишкананы же бардык ыйгарым укуктуу юридикалык жакты дайындайт жана бул жөнүндө башка Тараптарга кабарлайт.
2. Тараптар бул Макулдашууну жана ага тиркелген кийинки Протоколдорду ишке ашыруу максатында бул органдар өзүнө ала турган милдеттенмелерди өзүнүн милдеттенмелери катары кабыл алышат жана аткарууга кепилдик беришет.
14-статья. Башка зл аралык келишимдерге тийиштүүлүгү
1. Бул Макулдашуунун жоболору Тараптарды нефть жана газ транзити секторунда мамлекеттер аралык кызматташуунун башка формаларын колдонуу укугунан ажыратпайт.
2. Бул Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашуудагы Тараптардын аймагында нефти жана газ транзити тармагындагы күчүндө болгон бардык башка ал аралык келишимдердин, ошондой эле мүчө болбогон мамлекеттерден келген чет элдик инвестицияларды коргоо, көмөктөшүү жана колдонуу максатында Тараптар менен башка мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн башка эл аралык келишимдердин аракетин өзгөртпөйт же токтотпойт.
15-статья. Корутунду жоболор
1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
2. Бул Макулдашуу 1999-жылдын жыйырма экинчи июлунан тартып 2000-жылдын январь айынын биринчи күнүнө чейин кол коюу үчүн ачык болот.
Бул Макулдашуу ага кол коюшкан мамлекеттердин парламенттери жана башка ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ратификацияланат. Ратификациялоо грамоталары Депозитарийге сактоого берилет. Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп Украинанын Өкмөтү дайындалат.
3. Бул Макулдашуу үчүнчү ратификациялоо грамотасын бул Макулдашууга кол койгон Мамлекет депонирлеген күндөн тартып отузунчу күнү күчүнө кирет. Бул Макулдашуу ага кол коюу токтотулган кундөн тартып кошулуу үчүн ачык болот. Кошулуу жөнүндө документтер Депозитарийге сактоого берилет. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин өзүнүн ратификациялоо грамотасын же кошулуу жөнүндө документтерин берген ар бир Тарап үчүн бул Макулдашуу мындай документтер Депозитарийде депонирленген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул Макулдашуу эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин укугу боюнча Вена конвенциясынын жалпы принциптеринин предмети болуп саналат.
16-статья. Тексттердин бирдейлиги
Жогоруда айтылгандарды ырастоо үчүн Төмөндө кол коюшкандар, буга тийиштүү түрдө ыйгарым укуктуу болгондор бул Макулдашуунун англис тилиндеги жана ар бир Тараптын мамлекеттик тилиндеги текстине кол коюшту. Пикир келишпестиктер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Бул Макулдашуу Депозитарийге сактоого берилет жана анын архивдеринде сакталат. Тараптардын ар бири Депозитарийден ушул Макулдашуунун чыныгы көчүрмөсүн алат. Бул Макулдашуунун Депозитарийи ушул Макулдашуунун бнрдей көчүрмөсүн Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясына ылайык каттоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы секретарына дагы берүүгө милдеттүү.
Киев шаарында бир миң тогуз жүз токсон тогузунчу жылдын жыйырма экинчи июлунда түзүлдү.
Армения Республикасы
Азербайжан Республикасы
Беларусь Республикасы
Болгария Республикасы
Грузия
Казакстан Республикасы
Кыргыз Республикасы
Молдова Республикасы
Румыния Республикасы
Тажикстан Республикасы
Түркмөнстан Республикасы
Украина
Өзбекстан Республикасы