Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 21-майы № 236
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын
структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы
№ 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-январындагы № 2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структурасына жана штаттык санына тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын Жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын структуралык подразделениелеринин ортосунда функцияларды кайра бөлүштүрсүн жана киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аларды жүргүзүү чөйрөсүнүн маселелерин аныктасын;
- бошогон кызматкерлерди ишке орноштурууга байланыштуу маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын жаңыдан түзүлгөн структуралык подразделениелери жөнүндө жобону бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамлекеттик админисрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнө жана юридика бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |