Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 19-июну № 279
Чүй областынын Сокулук районундагы Ново-Павловка
айыл өкмөтүнүн Ново-Павловка айылынын аймагын
кеңейтүү үчүн жер учаскасын берүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 14-июнундагы № 211 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун Чүй областынын Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн Ново-Павловка айылынын аймагын кеңейтүү үчүн арналган 183,8 гектар жерин, анын ичинде 73,6 га сугат жерин, 103,7 га кайрак жерин жана "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына 6,5 га жайытты Ново-Павловка айылынын аймагын кеңейтүү жана жеке турак үйлөрдү курууга пайдаланууга которуу жөнүндө Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерден 100,0 га Бишкек шаарынын мэриясына кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик турак жай курууга берүү үчүн өткөрүп берилсин жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн карамагында 83,3 га аянт жер участок калтырылсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 211 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Чуй областтык мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документацияларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого жана Чүй областтык мамлекеттик администрациясына тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |