Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 23-июну № 290
Мамлекеттик менчиктештирүү фондунан
каражаттарды убактылуу
карыз алуу жөнүндө
Тышкы карызды жоюу үчүн 2001-жылдын экинчи кварталында финансы ресрстарынын чектелгендигин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 2-августундагы № 325 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө" жобонун 5-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин счетторуна топтолгон 20 млн. сом суммасындагы мамлекеттик менчиктештирүү фондунун каражаттарын проценттерин эсептебей туруп 2001-жылдын 30-сентябрына чейинки мөөнөттө кайтарылуучу негизде убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети менен ушул токтомдун 1-пунктунда каралган шарттарда мамлекеттик менчиктештирүү фондунан каражаттарды убактылуу карыз алуу жөнүндө келишим түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын жоюу үчүн максаттуу багытталышы боюнча гана пайдалансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |