Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-апрели № 216
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын жарыялоо жол-жоболорун тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча “нормативдик” жана “норма” деген сөздөр тиешелүү түрдө “ченемдик” жана “ченем” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын:
а) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталуучу тиешелүү басылмаларда;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |