Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-апрели № 218
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түрк тарапка билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |