Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 27-апрели № 241
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын
6-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасында рынокторду
башкаруунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону, Кыргыз
Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерин
жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда чекене
соода тармагынын ишинин эрежелерин бекитүү тууралуу"
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Рыноктордо соода-сатык иштерин жүргүзгөн жеке адамдардын республиканын салык мыйзамынын талаптарын аткаруусуна жана алардын кирешелеринен салыктын өз убагында алынышына көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) "Рыноктун дирекциясынын функциялары" деген IV бөлүмдүн 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
- ички иштер органдарын, салык кызматын, ветеринардык-санитардык экспертизанын сыноо лабораториясын, санитардык-медициналык көзөмөлдү типтүү жай менен ижара акысын албастан камсыздоо;
- жеке ишкердин мамлекеттик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк же ишкердик жүргүзүүгө мыйзамдуу тартипте аныкталган тартипте берилчү патент албастан ишкердик жүргүзгөн жеке адамдарга (ошондой эле айыл чарба продукциясын сатуучуларга - эгер алар ошол продукциянын өндүрүүчүсү болбосо жана аларды экономикалык ишкердик катары сатып жатса) рыноктун аймагынан соода орундарын, бөлмөлөрүн, жер участогун, жабдууларын, инвентарларын, таразаларын жана башка мүлкүн берүү жана ошондой эле акы төлөнүүчү башка кызматтарды көрсөтүү;
2) "Рыноктун директорунун функциялары" деген IV бөлүмдү 12-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- ички иштер органдарынын, салык кызматынын, ветеринардык-санитардык экспертизанын сыноо лабораториясынын, санитардык-медициналык көзөмөлдүн типтүү жайын, тез бузулуучу продукцияны убактылуу коюу жана сактоо үчүн муздаткычтарды, ошондой эле кампа жайларды, базарда соода кылган граждандардын эс алуусу жана тамактануусу үчүн мейманканаларды, коомдук тамактануу жана тейлөө ишканаларын куруу;
3) "Соода кылуучулардын укуктары жана милдеттери" деген VI бөлүмдүн 21-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- акы төлөгөндүгү жөнүндөгү бир жолку талондорду жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн берилген чектерди, ошондой эле өз ишш ишкердик иретинде жүргүзүп жаткан болсо жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгүн же ишкердик жүргүзүүгө патентин базардын жана салык органдарынын кызматкерлерине көрсөтөт";
4) "Соода кылуучулардын укуктары жана милдеттери" деген VI бөлүмдүн 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын аткаруу;
- ишкердикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүү".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба продукциясынын, азык-түлүк товарлардын, буюмдардын, автомобилдердин рыноктору, чакан жана башка рыноктор (мындан ары - рыноктор) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чечимине ылайык салыктык, ветеринардык, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар жана башка атайын укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча уюштурулат";
2) "Рынокту жана анын аймагындагы соода объекттерин кармоонун талаптары" деген III бөлүмдүн 24-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- рыноктун администрациясы, ички иштер органдары, салык кызматы, санитардык-медициналык көзөмөл, тиричиликтик тейлөө кызматтары ж.б. үчүн жайлар".
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри
| А. Муралиев |