Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 12-сентябры № 559
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын
жана калкын 2000-2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилине
даярдоонун жүрүшү тууралу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы, ошондой эле республиканын отун-энергетика комплексинин ишканалары тарабынан "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2000/2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-майындагы № 266 токтомун аткаруу боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
Республиканын экономика тармагын жана калкын күзгү-кышкы мезгилде энергия алып жүрүүчүлөр менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтардын Нарын Сырдарья каскадынын суу энергетика ресурстарын биргелешип пайдалануу жөнүндө Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрү менен макулдашуу түзүлгөн, ага ылайык Кыргыз Республикасынын муктаждары үчүн коңшулаш мамлекеттердин 652 млн. куб. м жаратылыш газын, 362,5 миң тонна көмүр жана 60 миң тонна мазут берүү каралган.
Жер-жерлерде уюштуруу-техникалык иш-чаралар иштелип чыгып, коюлган милдеттери чечүү жана күзгү-кышкы мезгилдеги иштерге экономика тармактарын даярдоонун жүрүшүн контролдоо үчүн туруктуу иштөөчү штабдар түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана ишканалар менен уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бардык жерлерде социалдык-маданий багыттагы объекттерди жана калкты жылуулук менен камсыз кылуучу котельныйлардын абалын текшерүү жүргүзгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство 2000-2001-жылдарга республиканын отун энергетика балансын иштеп чыккан бюджеттик уюмдар жылуулукту, электр кубаттуулугун жана жаратылыш газын колдонуунун лимиттерин сакташы туруктуу контролго алынган.
"Кыргызэнерго" акционердик коому электр станцияларын, электр жана жылуулук тармактарын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча тапшырмаларды өз учурунда аткарууда.
Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулушу жүрүп жатат Таш-Көмүр ГЭСинде плотинанын деңгээли 626,5 м белгисине чейин көтөрүлүп, болжолдуу кубаттуулугу 435 МВт-га, Шамалды-Сай ГЭСиндеги плотинанын деңгээли 569,5 метр белгисине чейин көтөрүлүп, кубаттуулугу 186 Мвт-га жеткирилди, бул ушул жылдын 7 айынын ичинде кошумча дагы 1596 млн. кВт.с электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.
2000-жылдын 7 айында энергосистемасы 9065,3 млн. кВт.с электр энергиясын иштеп чыкты, бул 1999-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14,1 процентке көп, электр энергиясын керектөө 98,9 млн. кВт. саатка өстү, бул 1999-жылдын тийиштүү мезгилинен 15 процентке көп.
Пландагы 62 бирдиктин ордуна 10/0,4 кВ 113 трансформатордук пункттар кошумча орнотулуп, тапшырмадагы 82 миңдин ордуна 184 трансформатор, тапшырмадагы 46 километрдин ордуна 85,6 километр өткөргүчгөр алмаштырылды, тапшырмадагы 24550 чектөөчү сактагычты ордуна 29246сы орнотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Бишкек шаарынын ТЭЦине 165,3 миң тонна көмүр ташып жеткирилди, анын ичинде импорттук көмүр берүүлөр 162,5 миң тоннаны түздү. Бул пландаштырылган көлөмдөн 25 процентке көп.
Бишкек шаары боюнча мурда жаратылыш газы менен иштөөчү 20 котельныйдын 17си отундун башка түрлөрүнө өткөрүлүп, мында 11,147 млн. сом суммасындагы иштер жүргүзүлдү. Азыркы убакта шаардын 3 жылыткыч котельныйын отундун башка түрүнө өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Разрездик отунду даярдоо боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлүүдө.
"Кыргызнефтегаз" акционердик коому ушул жылдын 7 айында 15,3 млн. куб. м жаратылыш газын казып алган, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 525 миң куб. метрге көп "Кыргызтуракжайкоммунсоюздун" ишканаларына ата-мекендик мазут үзгүлтүксүз берилип жатат. Быйылкы жылдын 7 айында аларга 7177 тонна мазут берилген.
"Кыргызгаз" акционердик коому каралган мезгилдин ичинде республикага 214,9 млн. куб. м жаратылыш газын берген.
Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым тапшырмаларын аткарбоонун кесепетинен экономика тармактарын жана калкты алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча айрым чараларды ишке ашыруу артта калып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул убакка чейин керектелген жылуулук жана электр кубаттуулугу үчүн бюджеттик уюмдардын дебитордук карыздарын төлөө боюнча маселени чечпей келет. Электр жана жылуулук энергиясы боюнча дебитордук карыздын көбөйүп кетишинин негизги себеби керектөө көлөмдөрүнүн негизсиз өсүшү, белгиленген лимиттерди сактоо боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү болуп саналат.
Алсак, 2000-жылдын 1-августуна карата бюджеттик уюмдардын "Кыргызэнерго" акционердик коомуна карыздары 163,6 млн. сомду түзүп, мында жалпы дебитордук карыз 1011,2 млн. сом.
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, "Кыргызкөмүр Корпорациясы" акционердик коому "Кыргызэнерго" АКсына көмүр берүү боюнча тапшырманы аткарган эмес. Кыргыз тараптын көмүр кенинен Бишкек шаарынын ТЭЦине пландагы 35 миң тоннанын ордуна бар болгону 2,8 миң тонна көмүр жеткирилген, ал эми "Кыргызкөмүр Корпорациясы" акционердик коому жана "Ак-Улак" разрези" Кара-Кече көмүрүн Бишкек шаарына чейин ташып жеткирүү проблемасын чечпей келишет.
"Кыргызэнерго" акционердик коому тарабынан импорттук мазутту ташып жеткирүү планын аткаруу үчүн чаралар көрүлүүдө: Бишкек шаарынын ТЭЦине пландагы 20 миң тоннадан бир да тонна жеткирилген эмес, бирок быйылкы жылдын августунун аягына чейин ушул көлөмдөгү мазутту жеткирүү жөнүндө берүүчүлөр менен макулдашууга жетишилген, Ош шаарынын ТЭЦине 20 миң тонна же пландаштырылган көлөмдүн 100 проценти берилген.
Финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам областык мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгы тарабынан бар болгону электр өткөргүчтөрүнүн 4,8 км аба линиялары жана 04-10 кВ трансформатордук 66 подстанция курулган, бул планда элрктр өткөргүчүнун 146,7 км линиясы жана 109 трансформатордук подстанция каралган эле, аткарылтан иштер тийиштүүлүгүнө жараша тапшырманын 3,2 жана 60,6 процентин түзөт. Ысык-Көл, Талас жана Нарын областарында жергиликтүү бюджеттердин эсебинен электр өткөргүч линияларын жана трансформатордук подстанцияларды куруу такыр эле жүргүзүлгөн эмес.
"Разрез "Ак-Улак" мамлекеттик акционердик коому жана беларустардын "Виконат" фирмасы тарабынан Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр жана "Дыйкан Кара-Кече" 35 кВ аба линиясын жана подстанция куруу үчүн материалдарды берүү боюнча "Кыргызэнерго" АКсына карата милдеттенмени аткарышкан жок. Ушуга байланыштуу "Кыргызэнерго" акционердик коому объектини пайдаланууга берүүнү кечеңдетүүдө.
Республиканын энергосистемасы тарабынан 2000-жылы электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык коромжулуктарын жалпы өндүрүштүн 25 процент деңгээлине чейин азайтуу боюнча комплекстүү планды аткаруу чаралары көрүлүүдө. 2000-жылдын 1-августундагы абал боюнча иш жүзүндөгү коромжулуктар 26,7%ти, анын ичинен техникалык коромжулуктар - 14,9, коммерциялык коромжулуктар - 11,8%ти түздү.
Өзгөчө оор финансылык-экономикалык абалда турган "Кыргызгаз" акционердик коомунун иш-аракети олуттуу тынчсызданууну пайда кылууда. 2000-жылдын 1-августундагы абал боюнча жаратылыш газы үчүн дебитордук карыз 247,7 млн. сомду түздү, анын ичинде калктын карызы 136,2 млн. сом өлчөмүндө. "Узтрансгаз" акционердик компаниясына кредитордук карыз 6066,3 миң АКШ долларын, анын ичинде материалдык-техникалык ресурстарга төлөө - 4474,6 миң АКШ долларды түзөт.
Газ эсептегичтерди орнотуунун, газ коммуникацияларын реконструкциялоонун жай-баракат темпинен, башкаруу структурасын уюштуруу жагындагы өркүндөтүлбөгөндүктөн улам жаратылыш газынын кыйла өлчөмү коромжулукка учуроодо. 2000-жылдын 7 айында мындай коромжулук 57,45 млн.куб. метрди же "Кыргызгаз" акционердик коомунун багыты боюнча келген жалпы жаратылыш газынын көлөмүнүн 26,7 процентин түзгөн.
Республиканын региондорунда бюджеттик уюмдар жана калк үчүн отун даярдоо боюнча тапшырмалар аткарылбай жатат. Кыргызтуракжайкоммунсоюз системасында отун даярдоо 2000-жылдын 1-августундагы абал боюнча 31,5 миң тонна көмүр же 21%, 7775 тонна мазут же тапшырманын 26,9%и даярдалган. Бул жакшыраак көрсөткүч делгени. Ал эми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде отун запасын түзүү жай-баракаттык менен жүрүүдө, алар 1404 тонна көмүр, же тапшырманын 4,9%ин; Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинде 5352 тонна көмүр же тапшырманын 5,5%и гана даярдалган.
Областтык мамлекеттик администрациялар калкты отун менен камсыз кылуу боюнча тапшырманы аткарышпайт. Ош, Нарын жана Ысык-Көл областтарында көмүр ташуу али баштала элек. Калган областарда тапшырманы аткаруу бар болгону 2-10 процентти түзгөн.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен 2000-2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде республиканын отун энергетика комплексин ишенимдүү иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттердин эсебинен 0.4-10 кВ электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо, электр жана жылуулук энергиясына жана башка энергия алып жүрүүчүлөр үчүн дебитордук карызды төлөө боюнча тапшырмаларды аткаруу, бюджеттик уюмдардын электр жана жылуулук энергиясын керектөөнүн лимиттерин сакташы, калкты отун менен камсыз кылуу жагындагы областык мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын иштеринин жетишсиздиги белгиленсин.
2. Областык мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгынын башчылары, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, "Кыргызэнерго", "Кыргызгаз" жана Кыргызтуракжайкоммунсоюз акционердик коомдорунун жетекчилери:
- 2000-2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдык көрүү боюнча белгиленген иш-чараларды сөзсүз аткаруу жагынан кечиктирилгис чараларды көрүшсүн;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалануу үчүн калктын дебитордук карызынын төлөнүшүнө көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Дыйкан -Кара-Кече" ПС 35/6 кВ жана ЛЭП 35 кВнын курулушун аяктоо үчүн 1 айлык мөөнөттө мурда кабыл алынган өкмөттүк чечимдерге ылайык "Кыргызэнерго" акционердик коомуна 6,5 млн. сом бөлсүн;
- бюджеттик уюмдардын керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн "Кыргызэнерго" жана Кыргызтуракжайкоммунсоюз акционердик коомдоруна 2000-жылдын 1-августундагы абал боюнча 44,8 млн. сом өлчөмүндөгү дебитордук карыздарын 2001-жылдын 1-январына чейин төлөшүн камсыз кылсын;
- республиканын экономикасынын жана калктын муктаждыктары үчүн отун даярдоого финансы каражаттарын өз учурунда бөлсүн;
- сомдун курсунун төмөндөп кетишинен келип чыккан Кыргызтуракжайкоммунсоюздун чыгымдарын отун даярдоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар менен компенсация жүргүзсүн;
- Токмок шаарындагы "Айнек" котельный заводду кармоо үчүн зарыл каражатты Кыргызтуракжайкоммунсоюзга бөлүү жөнүндө маселени Кыргызжилкоммунсоюздун баштапкы эсептөөлөрүн тактагандан кийин чечсин жана 2000-жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүиө тиешелүү сунуш киргизип, 2001-жылдын бюджетинде бул чыгымдарды карасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте бюджеттик уюмдар тарабынан электр жана жылуулук энергиясын керектөө лимиттери сакталышына контролдукту күчөтсүн;
- жергиликтүү бийлик органдарынын балансынан "Кыргызэнерго" акционердик коомунун балансына өткөрүп берилүүчү 0,4-10 кВ чыңалуудагы электр тармактарынын жабдуусун берүүлөрдү салык салуудан бошотуу тууралу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги:
- "Кыргызкөмүр Корпорациясы", "Разрез "Ак-Улак" акционердик коомдуктар менен бирдикте Бишкек шаарынын ТЭЦине 2000-жылдын IV кварталында 85 миң тонна жана 2001-жылдын биринчи кварталында 15 миң тонна кара-кече көмүрүн үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу боюнча шашылыш чараларды көрсүн;
- "Кыргызкөмүр Корпорациясы" акционердик коому менен бирдикте "Дыйкан - Кара-Кече" ЛЭП-35 кВ үчүн линиялык арматура жана 46 тонна көлөмдө АС-120 өткөргүчүн берүү боюнча беларуссиянын "Виканат" фирмасынын "Кыргызэнерго" акционердик коомуна милдеттемесинин аткарылышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Тышкы соода жана өнөр жай министри Э.К.Өмүралиев Бишкек шаарынын ТЭЦине кара-кече көмүрүн жана "Дыйкан - Кара-Кече" ЛЭП-35 кВ үчүн материалдарды берүү боюнча тапшырмалардын аткарылышын жеке контролдукка алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги, Кыргызтуракжайкоммунсоюз, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар каралган тапшырмаларга ылайык жылытуу котельныйларында зарыл өлчөмдөгү отун запастарын түзүү менен аларды 2000-2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде иштөөгө даярдоону 2000-жылдын 1-ноябрына чейин камсыз кылышсын.
6. Бишкек шаарынын өз алдынча башкармалыгы электр жана жылуулук энергиясы үчүн дебитордук карызды төлөө эсебине Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн Кара-Кече көмүрүн ташып жеткирүүгө "Кыргызкөмүр" корпорациясы акционердик коомуна ай сайын, кийинки айдын 10унан кечиктирбестен 2 млн. сом, ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө Бишкек шаарынын ТЭЦи үчүн 1,4 млн. сом бөлүүнү камсыз кылсын.
7. Баткен областык мамлекеттик администрациясы Кызыл-Кыя шаарындагы котельныйды "Кыргызэнерго" акционердик коомунун балансынан шаардык администрациянын балансына өткөрүп берүү-кабыл алууну бир айлык мөөнөттө камсыз кылсын.
8. "Кыргызэнерго" акционердик коомуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандардын каражаттарынын эсебинен курулган трансформатордук пункттарды жана 04-10 кВ тармагын өз эсебине белгиленген тартипте кабыл алуу;
- Токмок шаарындагы "Айнек" котельный заводунан азыктануучу электр өткөргүч линиясын Кыргызтуракжайкоммунсоюздан өз балансына кабыл алуу;
- 2000-жылы электр энергиясынын коромжулуктарын аны өндүрүү көлөмүнүн 25 процент деңгээлине чейин азайтууну камсыз кылуу;
- Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери үчүн пландаштырылган көлөмдөрдө көмүр, мазут жана жаратылыш газын даярдоону камсыз кылуу.
9. "Кыргызгаз" акционердик коомуна жаратылыш газын 1 миң куб. метри үчүн 35 АКШ доллар баасында берүүгө ""Узтрансгаз" акционердик компаниясы менен келишим түзүүнү бир айлык мөөнөттө камсыз кылуу сунушталсын.
10. Кыргызтуракжайкоммунсоюз газ котельныйларын отундун альтернативалуу түрлөрүнө планга ылайык которууну жана резервдик отундун зарыл запасын камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкты Күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча Республикалык штаб региондорго баруу менен 2000-2001-жылдын күзгү-кышкы мезгилине республиканын экономика тармактарын даярдоонун жүрүшүнө дайыма катуу контролдукту жүргүзсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Бринчи вице-премьер-министри Б.И.Силаевге тапшырылсын.
Премьер-министри | А. Муралиев |