Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 2-июлу № 403
Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу
системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар
планы жөнүндө
Мамлекеттик сатып алуулар тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү, институционалдык потенциалды жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жана ыкмаларын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2002-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасында сатып алууларды баалоо боюнча Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча тиркелген иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын өз убактысында аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана мамлекеттик менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр: | Н.Танаев |