Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТОКТОМ
2003-жылдын 22-ноябры № 731
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн 2003-жылдын 9 айындагы
жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын январь-сентябрында туруктуу экономикалык өсүш болгонун белгилейт. Бул тенденция макроэкономикалык туруктуулукту улантылып жаткан чыңдоонун жана реалдуу сектордун негизги тармактарында өндүрүш көлөмдөрүнүн өсүшүнүн натыйжасы болуп эсептелет.
2002-жылдын декабрына салыштырганда керектелүүчү баалардын индекси негизинен сомдун алмашуу курсун чыңдоонун жана азык-түлүк товарларына бааны 2,5 процентке сезондуу төмөндөтүүнүн эсебинен 0,1 процентке төмөндөдү. Ошону менен бирге ушул жылдын башталышынан бери азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалардын индекси тиешелүү түрдө 0,4 процентке жана 12,6 процентке өстү.
Ушул жылдын 9 айында сомдун алмашуу курсу АКШнын долларына карата орточо 7,8 процентке бекемделди. Негизги себеби болуп дүйнөлүк финансы рынокторунда АКШ долларынын улантылып жаткан начарлоо тенденциясы эсептелет. Акчага ички суроо-талаптын өсүшү да белгилүү таасир берди.
Ушул жылдын башталышынан тартып жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 18,6 процентке өстү. 2003-жылдын 9 айында жаңыдан берилген кредиттердин жалпы көлөмү 3,47 млрд.сомду түздү, ал өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги деңгээлден 60,1 процентке көп. Жаңыдан кабыл алынган депозиттердин көлөмү 65,8 процентке көбөйтүлдү. Бул факты ишкердик субъекттеринин экономикалык активдүүлүгүнүн өсүп бараткандыгы жана банк системасына ишенимдин чыңдалгандыгы жөнүндө айгинелейт. 2003-жылдын 9 айында берилген кредиттер боюнча проценттик ставкалардын орточо деңгээли улуттук валютада 25,4 процентти жана чет өлкөлүк валютада - 18,8 процентти түздү, ал тиешелүү түрдө 4,08 жана 4,53 проценттик пунктка төмөндөдү. Айрым төмөндөөгө карабастан проценттик ставкалар экономикадагы орточо рентабелдүүлүктүн жогорку деңгээлине салыштырмалуу дагы эле сакталууда, бул кредиттик ресурстарга жетүүнү чектейт.
2003-жылдын 8 айында республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 748,9 млн. АКШ долларын түздү, ал өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги деңгээлден 10 процентке жогору. Товарларды экспорттоо 4,6 процентке, негизинен, алтынга баанын өсүшүнүн эсебинен өстү. Электр энергиясын Өзбекстанга жана Казакстанга экспорттоону кыскартуу кандайдыр бир деңгээлде айнекти, шиферди, кызытма лампаларды жана тигилүү буюмдарды экспорттоонун, ошондой эле электр энергиясын Россияга берүүнүн көбөйүшү менен компенсацияланды. Товарларды импорттоо 2002-жылдын январь-сентябрына салыштырганда нефтепродуктуларды, керектөөчү товарларды, курулуш материалдарын жана токой жана жыгач иштетүүчү өнөр жайдын продукцияларын берүүнү көбөйтүүнүн эсебинен өстү. Жалпысынан соода балансынын дефицити 92,5 млн. АКШ долларын түздү, бул өткөн жылдын ушундай көрсөткүчүнөн ашат (53,3 млн. АКШ доллары).
Учурдагы жылы негизги соода өнөктөштөрү менен республиканын тышкы соода байланыштарын андан ары кеңейтүү жана чыңдоо, ата мекендик товарларды тышкы рынокторго чыгаруу боюнча иштер улантылды. Бул багыттагы иш-аракеттерди активдештирүү максатында ДСУ маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн жана ДСУнун алдында милдеттенмелерин аткаруу жана жагымдуу тышкы соода режимин түзүү боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Ушул жылдын 9 айында ички дүң продуктунун көлөмү 59,4 млрд.сомду түздү, ал өткөн жылдын ушул мезгилиндеги деңгээлден 5,1 процентке жогору. 2003-жылдын 9 айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 14 процентке реалдуу өстү, "Кумтөр" кенин иштеп чыгуу боюнча ишканаларды эсепке албаганда өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 9,6 процентти түздү.
Жыл башынан бери өндүрүш көлөмдөрүнүн оң өсүштөрү энергетикада (өсүш 13,8%), кайра иштетүүчү өнөр жайында (10,1%), металлургиялык тармакта (18,1%), башка металл эмес продуктуларды чыгаруу боюнча тармактар (22,6%), электрдик жана электрондук жабдууларды чыгаруу боюнча тармактар (14,8%) камсыз кылынды.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда продукцияларды чыгаруунун көбөйүшү "Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларда, "Кыргызалтын" АКсында, "Интергласс" ЖЧКсында (өсүш 200,6%), Кант цемент-шифер комбинатында (30,8%), "Дастан" ТНК АКсында (64,6%), "Кайыңды-кабель заводу" АТАКында (41,6%), Токмок радиозаводу ЖЧКсында (9,0%), "Майлуу-Суу ЭЛЗ" АКсында (5,6%), "Карабалта спирт заводу" МИсинде (9,8%), "Бишкек-сүт" АКсында (25,5%), "Кара-Суу-Дан-Азык" АКсында (43,7%), "Кока-Кола-Бишкек-Ботлерс" КАТКында (41,2%), "Усу-Салкын-пиво" ААКында (44,8%), "Реемтстма-Кыргызстан" АКсында (4,7%), "Даймон Интернейшенел Кыргызстан" ЖЧКсында (6,9%) белгиленди.
Ошону менен бирге өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда чыгарылган өнөр жай продукцияларынын көлөмүн ушул жылы төрт-беш эсе азайткан "Кара-Балта-Буудай" жана "Чүй-Токмок-Буудай" мамишканалары сыяктуу айрым ири ун тартуучу өнөр жай ишканалары мурункудай эле канааттандырарлыксыз иштөөдө. "Бишкек ун комбинаты" АКсында чыгарылган өнөр жай продукцияларынын көлөмү отчеттук мезгилде 43,4 процентке кыскарган.
Ошондой эле, 2002-жылдын түшүмүнөн тамекини дүң жыйноо азайгандыктан, ферменттелген тамеки чыгаруу кыйла кыскарган (45,4 процентке).
Өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшү металлургиялык тармактын айрым ишканаларында белгиленди. "Кара-Балта тоо-кен комбинатында" "Казатомпром" НАКы сырье берүүнү токтоткондугунун натыйжасында продукция чыгаруу 64 процентке кыскарган. Азыркы учурда сырье берүүчүлөрдү издөө боюнча иштер активдүү жүрүүдө. "Макмал" кенинде кен казып алуунун өсүү темпи 18,1 процентке төмөндөдү. Төмөндөөнүн себептери болуп кенди ачык ыкма менен казып алууну токтотуу жана татаал тоо-геологиялык шарттардын натыйжасында жер астындагы рудникти куруунун белгиленген графигинен артта калуу эсептелет.
"Текстильщик" АКсында негизинен токтоп туруунун эсебинен текстиль өнөр жайында продукция чыгаруу көлөмү төмөндөдү. "Текстильщик" АКсына стратегиялык инвесторлорду тартуу максатында акциялардын мамлекеттик пакети "Аянтекс" ЖЧКсы компаниясына сатылды, ал кредиттер жана бюджеттик ссудаларга карата карыздарды жоюу боюнча милдеттенмелерди кабыл алды.
Нефтини кайра иштетүүчү өнөр жай (28,5 процентке төмөндөө), булгаары жана булгаары буюмдарын (11,9%ке), транспорт каражаттарын жана жабдууларын чыгаруу боюнча тармак (32%ке) өткөн жылдагы деңгээлге жеткен жок.
2003-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча айыл чарбанын дүң продукцияларын чыгаруу өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги деңгээлге карата 100,6 процентти түздү. Өсүштүн төмөнкү темптери биринчи кезекте жагымсыз табигый-климаттык шарттар жана буудай себүүнү кыскартуу менен шартталган. Сезондук жылуунун натыйжасында түшүмдү жыйноо кыйла кеч мөөнөттө аяктайт, күзгү себүү кечеңдейт. Алсак, ушул жылдын 1-октябрына карата күздүк эгинге өткөн жылдан 32,7 миң гектарга жер аз айдалган, күздүк эгин 2003-жылдын деңгээлинен 56,5 процентти түзүүчү аянтка себилген.
Ысыккөл жана Нарын облустарында түшүмдү жыйноону тездетүү үчүн 85 дан эгин жыйноочу комбайн кошумча жиберилген.
Жылдын акырына чейинки негизги милдет жыйноо иштерин өз учурунда аяктоо, 2004-жылдын түшүмүнө даярдоо, чыгарылган продукцияларды сатуу жана кайра иштетүү болуп эсептелет.
Отчеттук мезгилде айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана кайра иштетүүчү ишканаларды финансылык колдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы тарабынан 589,8 млн.сом суммасына 9529 долбоор каржыланды, анын ичинде 493,1 млн.сом кайра иштетүү ишканаларын, фермер жана дыйкан чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин кредиттөөгө, 32,7 млн.сому - калктын жакыр катмарын колдоого жиберилген. 2003-жылдын акырына чейин 800-900 млн.сом суммасына кредиттерди алуу болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү мурункудай эле ИДПны түзүүдө олуттуу үлүштү түзөт (33,4%). Бул сектордогу реалдуу өсүш каралып жаткан мезгилде 6,3 процентке жеткен, өсүш өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 5,3 процентти түзгөн. Буга фискалдык оорчулуктун азайышы жана ишкердик чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базанын өркүндөтүлүшү, ошондой эле калктын акчалай кирешелеринин 3,4 процентке өсүшү көмөк берди.
Турак жай-коммуналдык кызматтарга, жүргүнчүлөр транспортунун кызматтарына, тиричиликтик кызматтарга жана билим берүү системасынын кызматтарына суроо-талаптын көбөйүшүнүн эсебинен калкка көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызматтардын көлөмү 7,9 процентке өстү.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө байкалаарлык салым туристтик иш-аракеттер тарабынан кошулду. 2003-жылдын биринчи жарымында республикага 39,9 миң чет өлкөлүк жаран, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн - 17,3 миң адам келди. Ушул мезгилде чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше 12,0 млн. АКШ долларын түздү.
2001-2003-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына ылайык туризм чөйрөсүнө инвесторлорду тартуу максатында ушул жылы бааланган наркы 35,2 млн.сом болгон учурда 49 млн.сом жалпы суммасына курорттук-рекреациялык чарбанын 15 объектиси сатылды.
Туризмди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү үчүн "Ысык-Көл-2003" эл аралык туристтик жарманкеси өткөрүлдү, ага 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Андан сырткары республика "МIТF-2003" (Москва ш.), "КIТF-2003" (Алматы ш.) "Урал Туризм Спорт весна-лето 2003" (Екатеринбург ш.) жана башка эл аралык жарманкелерге катышты. Бардык облустарда туристтик уюмдардын ассоциациялары түзүлдү.
Чакан жана орто бизнес республиканын экономикасына тездеп кирүүсүн улантууда жана экономиканын айрым маанилүү тармактарында негизги ролду ээлейт. 2003-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 215 миң ишкердик субъекттери эсептелген, алардын үлүшү ИДПнын жалпы көлөмүндө 44,3 процентти түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" № 273 Жарлыгын аткаруу максатында ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин жөнгө салуу боюнча аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча иштер улантылган. Уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү максатында "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген, анда лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу каралган.
Инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштер улантылууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна бажылык контролду жүргүзүүнүн жаңы методдорун жана анын жоболорун кыйла жөнөкөйлөтүү кароочу Киото конвенциясынын жоболорун эсепке алуу менен жаңы Бажы кодексинин долбоору (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-январындагы № 40 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамы кабыл алынган, ал чет өлкөлүк гана эмес, ата мекендик инвесторлорду да колдоого багытталган. Мыйзамда чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарынын туруктуулугуна кепилдиктер жана инвесторлорго инвестициялык жеңилдиктерди берүүгө жол берилүүчү мүмкүнчүлүктөр бекемделген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентябрындагы "Инвестициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерди колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" № 290 Жарлыгы менен IV Инвестициялык матрица бекитилген, анын негизги максаты болуп республиканын менчик секторун инвестициялоого көмөктөшүү эсептелет.
Инвесторлор үчүн ыңгайлуу климатты түзүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 43,3 млн. АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 16,5 процентке өстү.
Инвестициялоонун кыйла артыкчылыктуу тармагы болуп иштетүү өнөр жайы кала берди, ага 19,7 млн. АКШ доллары же тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын бардык суммасынын 45,6 проценти салынды. 2003-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарбага тартылган тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2002-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 38,1 эсе көбөйдү жана 713,2 миң АКШ долларын түздү. Кен казып алуучу өнөр жайга тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агып келиши 2002-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18,9 процентке көбөйдү жана АКШнын 2,6 млн.долларын түздү.
Акыркы эки жылда КЭРден инвесторлордун инвестициялык иш-аракеттери кескин активдештирилди. Кытай капиталын салуу чөйрөсү кен казып алуу, нефтегаз, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп калды. Азыркы учурда "Кыргызнефтегаз" АКсы жана "Си-Бу холдинг" өндүрүштүк кубаттуулуктарынын базасындагы "Аньбанг" ЗАО биргелешкен нефтегаз ишканасы ийгиликтүү иштөөдө. Кен казып алуу өнөр жайында кытай инвесторлору тарабынан Ош облусунун Сары-Могол көмүр кенин иштеп чыгуу улантылууда. Чүй облусунда Чүй канаттуулар фабрикасы ийгиликтүү иштөөдө, мында жылдын акырына карата инвестициялардын күтүлгөн көлөмү болжол менен 2 млн. АКШ долларын түзөт. Ошондой эле, КЭРден тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен болжол менен 2,0 млн. АКШ доллары суммасына Беловодск пиво кайнатуу заводун модернизациялоо жүргүзүлгөн.
КМШ өлкөлөрүнөн тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын агып келиши 2002-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8 эсе көбөйдү (9,7 млн. АКШ доллары), анын ичинде Россиядан - 4,1 млн. АКШ доллары, Казакстандан 4,4 млн. АКШ доллары. Россиялык инвесторлор менен кызматташуунун алкагында ушул жылдын 22-23-октябрында Бишкекте "Кыргызстан-Россия" инвестициялык форуму өткөрүлдү. Форумдун ишинин жүрүшүндө экономикадагы өз ара аракеттенишүү маселелери, анын ичинде региондор аралык деңгээлде, интеграциянын валюталык-финансылык аспекттери, биргелешкен интеграцияланган структураларды түзүү проблемалары, агроөнөр жай секторунда, отун-энергетикалык, кен казып алуу жана тоо-кен металлургиялык комплекстерде, машина курууда, банк чөйрөсүндө жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында жана туризмде өз ара пайдалуу кызматташуулар каралды.
"Кыргызстан-Россия" инвестициялык форуму иштиктүү жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн түздөн-түз байланыштарын жөнгө салууга шарт түздү, товар өндүрүүчүлөрдүн эки тараптуу байланыштарын кеңейтүүгө, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, экономикалык реформалардын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды алмашууга, ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салууга тиешелүү ченемдик-укуктук базаны түзүүгө көмөк берди.
Инвестицияларды тартуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында эркин экономикалык зоналардын (ЭЭЗ) иштери активдештирилди. 2003-жылдын биринчи жарым жылдыгында аларда катталган ишкердик субъекттеринин саны 669га жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 60 субъектке көп. Өнөр жай продукциялары 615,1 млн.сомго чыгарылган же өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги деңгээлден 28 процентке көп. Көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү үч эседен ашыкка өскөн.
Ошону менен бирге, ЭЭЗ аймактарынын обочолонуп жана тосулуп турганына карата мыйзам талаптарын аткарбоонун натыйжасында ("Бишкек" ЭЭЗин кошпогондо) ЭЭЗ субъекттеринин ишинде тартип бузуулар орун алган.
2003-жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 4672,08 млн.сомду же өткөн жылдын ушул мезгилине карата 100,5 процентти түздү. Ушул жылдын 9 айында республика боюнча экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө каржылоонун бардык булактарынын эсебинен бардыгы 6094,5 млн.сом капиталдык салым пайдаланылган, бааларга индекстерди эске алганда каржылоо көлөмү 5,4 процентке өскөн.
2003-жылдын 9 айында чет өлкөлүк кредиттердин эсебинен өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмү 2002-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1386,2 млн.сомдун ордуна 790,6 млн.сомду түзгөн.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүү структурасында ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын салыштырма салмагы жогору боюнча сакталууда (43,5%), ал 3,4 процентке өскөн жана өткөн жылдын деңгээлине карата 2655,3 млн.сомду түздү. Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын 68,4 процентин жана тышкы инвестициялык каражаттардыкы 31,6 процентти түздү.
Өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын эң чоң көлөмү (19,1%) транспорт жана байланыш объектилерин курууга туура келет. Энергетикада капиталдык салымдарды өздөштүрүү көбөйдү. Отчеттук мезгилге 153 комплекстүү трансформатордук подстанциялар пайдаланууга берилди. Таш-Көмүр ГЭСинин (8,2 млн.сом капиталдык салым), Шамалды-Сай ГЭСинин (21,8 млн.сом) жана Камбарата ГЭС-II (73 млн.сом) курулуштарына каражаттарды өздөштүрүү улантылды.
Ошентип, отчеттук мезгилде инвестициялык саясатты өркүндөтүү боюнча жүргүзүлгөн чаралардын алкагында экономиканы каржылоонун өздүк булактары менен чет өлкөлүк каражаттарды алмаштыруунун туруктуу тенденциясы бекемделди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишканаларды андан ары реформалоо жана менчиктештирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2003-жылдын 1-октябрына карата менчиктештирилген ишканалардын жалпы деңгээли 70,7 процентти түздү. 2003-жылдын 9 айында 64 мамлекеттик менчик объектиси өзгөртүлүп түзүлдү.
Ушул жылдын июнь айында "Кыргызтелеком" АКсынын акцияларынын мампакетинин 51 процентин сатуу боюнча эл аралык тендер өткөрүлдү. Тендердин жеңүүчүлөрү менен сатып алуу-сатуу келишими кол коюуга даярдалууда.
"Түндүк электр" АКсынын акцияларынын мампакетин ишенимдүү башкарууда же мүлктүк комплексин концессиялоо шарттарында инвесторлорго өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
"Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" АКсынын акцияларынын мампакетин андан ары менчиктештирүү жана финансылык кызыкчылыкта көбөйтүү үчүн аны финансылык жакшыртуу программасы даярдалган.
"Кыргызгаз" АКсынын иштешинин финансылык модели менен Кыргыз Республикасынын газ тармактарын кайра уюштуруу жана менчиктештирүү программасы даярдалган жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.
2003-жылдын 1-октябрына карата катталган жумушсуздардын саны 88,4 миң адамды түзгөн, анын ичинде жумушсуздун расмий статусун алгандар 58,9 миң адам же экономикалык активдүү калктын 3 проценти.
2003-жылдан баштап 80820 жумуш оруну түзүлгөн, бул 2002-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,3 эсеге көп, 28,0 миң адам жумушка орноштурулган.
Калкты жумушка орноштуруу жана жумушсуздардын санын азайтуу саясатын ишке ашыруу максатында жумушсуздар үчүн микрокредит берүү системасын өнүктүрүү (2003-жылдын 9 айында микрокредиттерди 1944 жумушсуз, 122 жакыр үй-бүлө алган) боюнча чаралар активдүү пайдаланылган, эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен келечектүү адистиктерге кесиптик окутуу жана кайра окутууга 4278 жумушсуз жаран, төлөнүүчү коомдук иштерге 15100 адам жиберилген.
2003-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик пособиелер боюнча социалдык милдеттенмелер 95,4 процентке, жеңилдиктер - 80,8 процентке каржыланган. 2003-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик пособие алуучулардын саны 513,7 миң адамды же бардык калктын 10,1 процентинен ашыкты түзгөн, республиканын калкынын болжол менен 5,7 проценти жеңилдиктердин ар кандай түрлөрүн пайдаланышат жана болжол менен 12 миң адам үйүндө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин туруктуу мекемелеринде тейленет.
Жарандардын айрым категорияларын социалдык жактан даректүү коргоону күчөтүү, ошондой эле социалдык милдеттенмелерди 2003-жылы накталай акча менен гана каржылоого этап менен өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-апрелиндеги № 223 "Катуу отун (көмүр) үчүн жарандардын жеңилдик берилген категорияларына акчалай компенсация төлөө жөнүндө" жана 2003-жылдын 27-майындагы № 310 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомдору кабыл алынган. 2003-жылы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана негизги энергия булактарына төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүдө даректүү мамилени күчөтүү жана жеңилдиктерди берүү системасын тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан бир катар ченемдик-укуктук актылар дагы кабыл алынган.
Калктын айрым категорияларына эмгек акыны, пособиелерди, пенсияларды жогорулатуу боюнча 2003-жылдан баштап көрүлгөн чаралар калктын кирешесине оң таасир берди, турмуш-тиричилик деңгээлдеринин жогорулашына көмөк болду.
Мамлекеттик экономикалык саясатты иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун методдорун андан ары өркүндөтүү максатында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, ага ылайык индикативдик пландоо алып салынды жана экономикалык болжолдоо киргизилди. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекетгик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн жоболорун жана функционалдык милдеттерин мыйзамдагы кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык келтирүүлөрү зарыл.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2003-жылга каралган параметрлерине жетишүү, кедейликти кыскартуу кызыкчылыгында социалдык мобилизациялоо процесстерин өркүндөтүү жана тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, облустук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- "2004-жылга Кыргыз Республикасын экономикалык божомолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августундагы № 546 токтому менен каралган 2003-жылга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн жоболорун жана функционалдык милдеттерин индикативдик пландоону жоюу боюнча мыйзамдардагы кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык келтиришсин;
- 2003-жылдын 17-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы" деп аталган 2003-жылдын 15-октябрындагы Кыргызстандын элине кайрылуусунда коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберишсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2003-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө келип түшкөн сунуштарды жалпыласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча токтомдун тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги 2003-жылдын акырына чейин:
- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" акционердик коому менен бирдикте 2003-жылдын IV кварталында 2004-жылы комбинатты толук иштетүү үчүн сырье менен камсыз кылуу маселесин чечсин;
- "Кыргызалтын" акционердик коому менен бирдикте 2004-жылы 300 миң тонна кен өндүрүштүк кубаттуулугуна "Макмал" жер алдындагы руднигин киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги облустук мамлекеттик администрациялар менен бирдикте төмөнкүлөр боюнча зарыл чараларды көрсүн:
- ушул жылдын түшүмүн өз учурунда жыйноо;
- айыл чарба продукцияларын сатып алууну, кайра иштетүүнү жана ишке ашырууну уюштуруу;
- айыл чарба продукцияларын, айрым алганда тамекини жана тамеки буюмдарын, текстиль булаларын, жашылчаларды жана жемиштерди экспорттоону кыскартууга жол бербөө;
- күзгү дан эгиндерин себүүнү кеңейтүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети:
- акционердик коомдордогу акциялардын мамлекеттик пакеттерине чегерилген дивиденддердин сөзсүз түрдө бюджетке түшүшүн камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Чүй, Нарын, Ысыккөл, Талас облустарынын мамлекеттик администрациялары, ЭЭЗдердин дирекциялары менен бирдикте ЭЭЗдердин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө маселени даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесине киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына эл аралык финансы уюмдарынын эксперттерин сөзсүз тартуу менен депозиттерди коргоо системаларынын концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштерди күчөтүү сунуш кылынсын.
7. "2003-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн индикативдик планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-сентябрындагы № 610 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр: | Н.Танаев |