КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТОКТОМ
2003-жылдын 3-декабры № 750
«Ала-Арча» мамлекеттик бирикмесинин аймагына
Мамлекеттик дачаны долборлоо жана куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-аракеттеррин кепилдикке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жашоо-турмушу жана кончтитуциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы андан ары долбоорлоо жана бекитүү үчүн «АрхИн» комплекстик-долборлоо фирмасы тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик дачанын курулушунун эскиздик долбоорун даярдасын.
2.Төмөнкүлөр аныкталсын:
-мамлекеттик дача курулуучу жер-Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик бирикмесинин аймагы;
-негизги заказчы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы;
-негизги подряддык уюм – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Курулуш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун үлүштүк катышуусу менен.
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн мамлекеттик дачаны долборлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 2003 жана 2004-жылдарга республикалык бюджетте максатуу багытоо менен капиталдык салым карасын.
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Курулуш башкармалыгына мамлекеттик дачаны долбоорлоо жана куруу мезгилине «Товарларды,жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булактан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашырууга уруксат берсин.
5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия обьекти долборлоордо жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия обьектти долбоорлоордо жана курууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6.Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы мамлекеттик дачаны курууга 2003-жылы киришсин жана 2004-жылы обьектти пайдаланууга берүүнү камсыз кылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай жана курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр: | Н.Танаев |