Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2003-жылдын 30-декабры № 828
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Адилет министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Н.Танаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., N 7, 101-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 28-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын 4-пунктунда каралгандан башка учурларда жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкерликти жөнгө салган нормативдик укуктук актылардын долбоорлору укук чыгаруу органынын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуу үчүн милдеттүү түрдө жарыяланышы керек. Укук чыгаруу органынын расмий сайты жок болгон учурда укук чыгаруу органынын чечими боюнча, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда нормативдик укуктук актылар жалпыга маалымдоо каржаттарында жарыяланат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Кызыкдар жактардын сунуштары жана пикирлери укук чыгаруу органынын расмий сайтына же жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурдан тартып эки айлык мөөнөт ичинде берилет.
Келип түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр укук чыгаруу органы тарабынан долбоорду толуктап иштеп чыгууда каралууга тийиш. Мында кабыл алынган жана четке кагылган сунуштар, четке кагуунун себептери жөнүндө маалымкат даярдалат. Нормативдик-укуктук актыларды ушул мезгилден кийин гана андан ары жылдыруу мүмкүн.";
- экинчи бөлүк төртүнчү деп саналсын.
2. 44-статьянын алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишкерликти жөнгө салган мыйзамдар расмий жарыяланган учурдан тартып үч айдан эрте эмес күчүнө кирет.".
3. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Нормативдик укуктук акт ал күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге колдонулбайт.
Бул статьянын биринчи бөлүгүнүн эрежелерине сыйбаган учурлар нормативдик укуктук актынын же анын бөлүгүнүн өзүндө же нормативдик укуктук актыны ишке киргизүү жөнүндө актыда өткөн учурларга карата колдонулаары жөнүндө каралган, ошондой эле укук бузгандык үчүн мурда каралган жоопкерчиликти четтеткен же жумшарткан учурларда гана болот.
Жарандардын, юридикалык жактардын жоопкерчилигин белгилөөчү же күчөтүүчү, жаңы милдеттерди жүктөөчү же алардын абалын начарлатуучу нормативдик укуктук актылардын өткөн учурга карата колдонулуучу күчү болбойт.".
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти