Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 9-июлу № 326
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик
педагогикалык университетине караштуу
Мамлекеттик тил жана маданият
институтун түзүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" Указын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетке караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институту филология факультетинин базасында түзүлсүн.
2. Мамлекеттик тип жана маданият институту И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин Камская көч., 10 дарегиндеги "Б" окуу корпусуна жайгаштырылып, 2002-жылдын августунан тартып "А" корпусуна көчүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги 2001-2002-окуу жылынан тартып Мамлекеттик тал жана маданият институту үчүн жыл сайын 50 орунга студенттерди кабыл алуу эсебинен бюджеттик каражат бөлүштүрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-мартындагы "Мамлекеттик тал жана маданият институтун түзүү жөнүндө" № 99 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.Бакиев |