КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-апрели № 221
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнүнө байланыштуу, “Кумтөр” долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча ачык-айкындыкты жана конструктивдүү кызматташууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кумтөр” долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында “Кумтөр” долбоору боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча консультативдик кеңештин (мындан ары - Кеңеш) курамында:
- Кеңештин курамынан Ж.Ж.Сатыбалдиев чыгарылсын;
- Дж.К.Оторбаевдин кызматы төмөнкү редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;”;
- Кеңештин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин мүчөсү; |
Тойчубеков Юруслан Жуманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, Кеңештин мүчөсү; |
Осмоналиев Айбек Шермамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, Кеңештин мүчөсү. |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |