Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-апрели № 224
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын жылуулук тарамдарын мамлекеттик менчикке кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Ысык-Көл Аврора” санаторийи” мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын тургундарын жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кум-Бел айылдык аймагынын айылдык башкаруусунун 2014-жылдын 25-мартындагы №17 жана Кум-Бел айылдык кеңешинин XXVI чакырылыштагы эл депутаттарынын VI сессиясынын 2013-жылдын 13-апрелиндеги № 6 токтомдорун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан жылуулук тарамдарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- аталган объектилерди андан ары арналышы боюнча пайдалануу үчүн белгиленген тартипте «Ысык-Көл Аврора» санаторийи” мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийи” мамлекеттик ишканасы квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын тургундарына жылуулук энергиясын берүүгө байланышкан иш жүзүндөгү зыяндары жөнүндө отчет берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийи” мамлекеттик ишканасына сарптоолорду компенсациялоого жөнгө салынуучу мамлекеттик тарифтер боюнча жылуулук энергиясы үчүн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын тургундарына жылуулук энергиясын берүүгө байланышкан зарыл болгон финансылык каражаттарды тапсын;
- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Ысык-Көл Аврора» санаторийи” мамлекеттик ишканасынын электр от казаны иштеп чыгуучу жылуулук энергиясын иштеп чыгууга тарифти бекитүүдө 2014-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын жылуулук тарамдарын капиталдык оңдоого сарптоолорду эске алсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагынын Булан-Сөгөттү айылынын тургундарына жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана берүүгө сарптоолордун эсебин берсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |