Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 233
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Техникалык татаал товарларды сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардан олуттуу кемчиликтер табылган учурда керектөөчүнүн аларды алмаштыруу жөнүндө талаптары канааттандырылууга тийиш болгон техникалык татаал товарлардын тизмесинде:
-7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“7. Компьютердик жабдуулар, компьютерлер (стационардык жана портативдик), ноутбуктар жана жекече электрондук эсептөөчү машиналар,
системалык блоктор, сервердик жана тарамдык жабдуулар, ошондой эле перифериялык жабдуулар, алардын ичинде комплекттөөчү жана электр азыктандыруучу түзүлүштөр.”;
- төмөнкү мазмундагы 9-15-пункттар менен толукталсын:
“9. Тиричиликте колдонуу үчүн навигация жана зымсыз байланыш жабдуулары, алардын ичинде сенсордук экраны бар, эки жана андан көп функцияларга ээ спутниктик байланыш жабдуулары.
10. Лазердик же агымдуу көп функциялуу түзүлүштөр, санариптик башкаруу блогу бар мониторлор.
11. Спутниктик телекөрсөтүү комплекттери, санариптик башкаруу блогу бар оюн жалгамалары.
12. Телевизорлор, музыкалык борборлор, презентациялык техника, интерактивдүү такталар, санариптик башкаруу блогу бар проекторлор.
13. Санариптик фото жана видеокамералар, аларга объективдер жана санариптик башкаруу блогу бар оптикалык фото жана кино жабдуулар.
14. Идиш-аяк жуугуч машиналар, кофе машиналары, электр жана айкалыштырылган плиталар, электр жана айкалыштырылган духовка шкафтары, кондиционерлер, электр кыймылдаткычтуу жана (же) микропроцессордук автоматикасы бар электр суу жылыткычтары.
15. Чаў-соргучтар, фендер, эт туурагычтар, миксерлер, суу чогултуп жылыткычтар, аба соргучтар, газ плиталары, жылуулук желдеткичтери, аба нымдагычтар, кофе майдалагычтар, кофе кайнаткычтар, нан бышыргычтар, микротолкундуу мештер, муздаткыч баштыктар, шире сыгып чыгаргычтар, блендерлер, тостерлер, үтүктөр.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |