Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 234
Кыргыз Республикасында Сынамык долбоордун алкагында исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөр индустриясын ишке киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жана Ислам өнүктүрүү банкы менен “ЭкоБанк” ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында исламдык банк ишин жана каржылоону киргизүүгө карата 2006-жылдын 16-майындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары – Меморандум) үчүнчү этабын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 “Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн сынамык долбоору жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында “ЭкоИсламикБанк” жабык акционердик коому (мындан ары – “ЭкоИсламикБанк” ЖАКы) үчүнчү жактар менен бирге уюштурулган, исламдык камсыздандыруу уюмунун базасында исламдык камсыздандыруунун (такафул) сынамык долбоору киргизилсин, ошондой эле “ЭкоИсламикБанк” ЖАКынын облигацияларынын мисалында исламдык баалуу кагаздарды (сукукту) сыноо жүргүзүлсүн.
2. Сынамык долбоордун чегинде ыктыярдуу исламдык камсыздандыруу (такафул) жана исламдык кайра камсыздандыруу (ре-такафул) боюнча ишти жүргүзүүгө жаңы түзүлгөн исламдык камсыздандыруу уюму үчүн 12 000 000 (он эки миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар белгиленсин.
3. Меморандумду ишке ашыруу боюнча жетектөөчү комитет (мындан ары - Жетектөөчү комитет):
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына исламдык камсыздандыруу уюмдарынын иши менен байланышкан, ошондой эле исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн тартибин, исламдык баалуу кагаздар (сукуктун) рыногунун эмитенттерин жана катышуучуларын контролдоо тартибин белгилеген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, камсыздандыруунун исламдык принциптери жаатында билимдүү эксперттерден түзүлгөн жумушчу топтун курамы боюнча сунуш киргизсин;
ыктыярдуу исламдык камсыздандыруу (такафул) жана исламдык кайра камсыздандыруу (ре-такафул) боюнча исламдык камсыздандыруу уюмунун сынамык долбоорунун алкагында иштөө, ошондой эле Сынамык долбоордун алкагында исламдык баалуу кагаздарды (сукук) (“ЭкоИсламикБанк” ЖАКынын облигациялары) чыгарууну, жүгүртүүнү жана төлөөнү, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан исламдык баалуу кагаздардын (сукуктун) рыногунун эмитенттерин жана катышуучуларын контролдоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы:
- белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү киргизсин:
Жетектөөчү комитеттин сунушуна ылайык жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечиминин долбоорун;
операцияларды түзүү, жүргүзүү, салык салуунун, эсепке алуунун, жөнгө салуунун, операцияларды текшерүүнүн жана аудитинин, токтотуунун (жоюунун) жана исламдык камсыздандыруу уюмунун иши менен байланышкан башка маселелердин тартибин, ошондой эле исламдык баалуу кагаздарды (сукук) чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн, исламдык баалуу кагаздардын (сукуктун) рыногунун эмитенттерин жана катышуучуларын контролдоо тартибин белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун;
исламдык камсыздандыруу уюму тарабынан ыктыярдуу исламдык камсыздандыруу (такафул) жана исламдык кайра камсыздандыруу (ре-такафул) боюнча иш жүргүзүүгө уруксаттама алгандан 2 жыл өткөндөн кийин исламдык камсыздандыруу уюмунун ишине мониторинг жүргүзсүн жана исламдык камсыздандыруу уюму үчүн сынамык режимди колдонуу мөөнөтүн узартуу же токтотуу жөнүндө жүйөөлүү негизделген отчетту Жетектөөчү комитетке берсин.
5. “ЭкоИсламикБанк” ЖАКына бул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн уставдык капиталы бар исламдык камсыздандыруу уюмун уюштурууга байланышкан зарыл болгон уюштуруучулук жана башка чараларды көрүү, ошондой эле исламдык камсыздандырууну (такафулду) жана исламдык баалуу кагаздарды (сукукту) жүгүртүү тартибин регламенттештирген тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык “ЭкоИсламикБанк” ЖАКынын исламдык облигацияларын чектүү чыгарууну жүргүзүү сунушталсын.
6. Бул токтомдун 2-пунктунда каралган ченем Сынамык долбоорду жүргүзүү, ыктыярдуу исламдык камсыздандыруу (такафул) жана исламдык камсыздандыруу уюмуна исламдык кайра камсыздандыруу (ре-такафул) боюнча иш жүргүзүүгө уруксаттама берилген күндөн тартып 3 жылдан ашпаган мезгил ичинде колдонула тургандыгы белгиленсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |