Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 235
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
10-январындагы № 6 “2010-жылдын 6-8-апрелинде болуп өткөн жана республикада болуп өткөн башка окуялар учурунда курман болгондордун жана майып болгондордун туугандарынын
квартираларды менчиктештирүүсү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2012-жылдын 23-майындагы чечимин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 6 “2010-жылдын 6-8-апрелинде болуп өткөн жана республикада болуп өткөн башка окуялар учурунда курман болгондордун жана майып болгондордун туугандарынын квартираларды менчиктештирүүсү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 55-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“
55 | 1/2 бөлүгү – Айнидинов Сыртбай Кадыркулович; 1/2 бөлүгү - Айнидинова Миргуль Сыртбаевна | № 1, 56-квартира | Айнидинов Адилет Сыртбаевичтин атасы жана эжеси |
“.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |