ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 240 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78»Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо«долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

Редакция23.04.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-апрели № 240

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр

борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча

 чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү

тууралуу

 

2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын;

“- Кредиттик линиянын пайдаланылбаган жана компенсацияланбаган балансынын суммасынан комиссиялык жыйым – жылдык 0,25 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоосуз.”.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев