Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 230
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү документтерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жогорку/жогорку кесиптик билим берүү документтерин өз ара таануу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан ыйгарым укуктуу орган катары аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |